Коомчулукка "Тайсон" каймана аты менен белгилүү ММА мушкери Канат Келдибеков 6 жаштагы уулу Нурсултандын кулагы укпай, сүйлөй албай жатканын айтып, чет мамлекеттен айыктырып алууга коомчулуктан жардам сурап кайрылууда.
2018-жыл 23-Кышкы олимпиада оюндары, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Азия жана Көчмөндөр оюндары менен спорт сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Спортчулардын жаратмандыгы, ийгиликтери, жеңиштери ар бир адамды шыктандырбай койбойт.
"Азаттыктын" өткөн жылдагы ийгилиги, өксүгү жана жаңы долбоорлору тууралуу окурмандар үчүн отчет.
Немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Эммануэл Макрон Орусияга ноябрь айынын соңунда Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлеринин баарын эч шарт койбостон бошотуу талабын коюшкан. Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жооп берип, батыштын талабын “кош стандартуулук”, ал эми Украинаны адам укугун бузууда деп айыптады. Мекеме орусиялык бир нече кеме украиналык чек арачылар аркылуу кармалганын, "РИА Новости Украинанын" жетекчиси Кирилл Вышинскийдин камалганын белгилеген. Читать дальше...
Өтүп бара жаткан жыл Кыргызстанда саясий окуяларга бай болду. Жыл жаңырганда эле Бишкек жылуулук электр борборунда кырсык катталып, ал өкмөттү кризиске кептеди. Коомчулуктун назарында турган ушундай чуулуу саясий окуялардын бардыгы мурдагы жана жаңы президенттин ортосундагы адегенде көмүскө, кийин ачыкка чыккан тиреши менен коштолуп турду. "Эксперттер талдайт" берүүсүндө узап бара жаткан жылдагы саясий окуяларды талкуулайбыз. Талкууга коомдук ишмер, саясатчы Эдил Байсалов, журналист Аскер Сакыбаева... Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясы Бишкек баатырдын эстелигин орнотууга сынак жарыялады. Анын негизинде, он сегиз адамдын эмгеги каралып жатат.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жаңы жылга карата элге кайрылуу жасап, партиянын бир жылдык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ал видео кайрылуусунда партия саясий интригалар, популисттик убадалардан оолак болду деп эсептейт. - Биздин партия саясий интригалардан, популисттик убадалар менен алектенбестен элдин жашоо-шартын жакшыртуу, экономиканы көтөрүү максатында системалуу жумуштарды аткарып, партия ичинде тазалануу жана жаш кадрлар менен иштөөнүн үстүндөбүз. Төрөбаев партия бир жыл ичинде отуз ишкана ачып... Читать дальше...
Бишкек мэриясы шаардагы жер тилкелерин сынак аркылуу ижарага берүүгө эки жылга мораторий жарыялоо боюнча токтом долбоорун даярдады. Учурда токтом шаардык кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Ал эми мэрия жер тилкелерин ижарага Интернетте акцион аркылуу берүү боюнча токтом долбоорун даярдап жатат. Буга чейин мэр Азиз Суракматов Бишкекте ижарага алып иштетилбей жаткан тилкелердин ижара акысын эки эсе көтөрүүнү сунуш кылган. Суракматов учурда ижарага алынган... Читать дальше...
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 30-декабрда Чүй, Жалал-Абад, Ош аймактарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -0…+5, күндүз +1…6, Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…6, Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…9, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…9, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…8, күндүз +1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градус болот. Читать дальше...
Египетте туристтик автобус жарылып, Вьетнамдын жарандары жана бир жергиликтүү гид мерт кетти. Андан сырткары он бир киши жараат алып, алардын көпчүлүгү вьетнамдык туристтер болгон. Жардыруу жума күнү кечинде Гиза пирамида комплексине болжолдуу төрт чакырым жакын аймакта болгон. Колго жасалган жардыруучу зат жолдун жээгине жайгаштырылып, автобус өтүп бара жатканда жарылган. Андан автобустун бир капталы талкаланган. Жардыруу боюнча азырынча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бул Египетте бир жылдан... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди колдонууга тыюу салуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштап жатат. Буга чейин парламент депутаты Экмат Байпакбаев желим баштык жана идиштерди Ысык-Көлдүн аймагына алып кирүүгө жана колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал эми өкмөт мыйзам долбооруна өлкө боюнча тыюу салуу сунушун жолдогон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш, баштык колдонулары эсептелген эмес. Читать дальше...
Голливуддун жылдызы Анжелина Жоли дүйнөлүк лидерлерди согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү качкындар менен аялдарга көңүл бурууга үндөп, саясатка бара турганын маалымдады. 28-декабрда Би-Би-Си радиосуна маек курган кино жылдызы Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу элчиси катары аткарган иши тууралуу кенен айтып берди. БУУнун Качкындар боюнча агенттигинде сексуалдык зомбулукка кабылган аялдарга көмөк көрсөтүп жатып 43 жаштагы Жоли “Азыркы тапта БУУ менен иштешип жатам, кырдаалды оңдоо үчүн колумдан келгенин жасайм” деп убада берген. Читать дальше...
Орусиянын Хабаровск крайында көчкүдөн эки киши каза таап, жети киши куткарылганын жергиликтүү медиа маалымдады. ТАСС кабар агенттиги 12 киши көчкү алдында калганын, алар 29-декабрда Многовещенский кыштагына жакын куткарылганын маалымдады. Кырсык алтын казган компаниянын аймагында болгон. Куткарылгандар жергиликтүү ооруканага жаткырылды. (BCh)
Адам өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн аскер жабырлануучу тарапка кенемте катары 500 миң сом төлөп берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жабырлануучу тараптын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады. - Ал башында миллион сом сунуштап жаткан. Андан кийин 500 миң сом деп калды. Биздин укук коргоо органдары эл аралык макулдашууга байланыштуу аны жазага тарта албайт. Биздики фактыны тергеп, ишти Орусиянын тергөө комитетине өткөрүп бериши керек. Азыр... Читать дальше...
2018-жылы жабык жайларга 8 килограмм маңзат алып кирүүгө аракет болгон. Бул тууралу Жаза аткаруу кызматы өткөргөн жыйында айтылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Андан тышкары тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө 82, телефонду киргизүүгө 111 жолу аракет кылган учурлар катталган. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 15 миңдей адам абакта жатат. Басымдуу бөлүгү Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “уурулук”, “алдамчылык” жана “маңзатты мыйзамсыз сатуу жана сактоо” беренелери менен айыпталып, соттолгон. Читать дальше...
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мыйзамсыз миграция жана инвестициялык жагдай боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Разаков айрым топтордун ишмердүүлүгү өлкөнүн инвестициялык абалына, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен алакага терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. - Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарт түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым бир... Читать дальше...
28-декабрдан тарта Грузияда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча жаңы мыйзам ишке кирди. Ага ылайык, кылмышкер эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Мурдагы мыйзамда бул кылмышка барган адам бир жылга чейин соттолчу. Ал эми коргоо ордерин бузган киши мурда административдик айыпка жыгылып келсе, эми кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган болду. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үчүн жазанын катаал түрү колдонулат. 2017-жылы Грузияда укук коргоочулар парламенттин тийиштүү комитетине сексуалдык ыдык көрсөтүү жана администравдик... Читать дальше...
Өтүп бара жаткан жылда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мультимедиа командасы көптөгөн кызыктуу жана көп кырдуу адамдар тууралуу видеосюжеттерди тартты. Алдыда алардын айрымдарын сунуштайбыз. Карындашын мектепке жиберүү үчүн кара жанын карч уруп иштеп жүргөн ооган бала, Сибирдеги Байкал көлүнүн үстүнөн муз тепкен пенсионер... Видеодо "Азаттыктын" журналисттери бир жыл бою жолуктурган каармандарды чогулттук.
Президент Сооронбай Жээнбеков айрым соттор уюшкан кылмыш топторунун кызыкчылыгы үчүн мүлктөрдү тартып берген сот чечимдери чыгып жатканын айыптады.
Жол коопсуздугун уюштуруу башкармалыгы Бишкек шаарынын борборундагы бир нече көчө жабыларын эскертти. Аталган кызмат шаардыктарды бара турган жерин алдын ала пландап алууга чакырды. - Чүй көчөсү Эркиндик гүл багынан Панфилов көчөсүнө чейин автобус жана троллейбус жүрүүгө гана уруксат берилди. - Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин Абдымомунов көчөсү саат 17:00дөн баштап жабылат. - Киев көчөсү Эркиндик гүл багынан Панфилов көчөсүнө чейин саат 17:00дөн баштап автобус жана троллейбустарга гана ачык болот. Читать дальше...
Казак президенти Нурсултан Назарбаев 27-декабрда бир нече журналисттер менен жолугушуп маектешкен. Президент менен суроо-жооп форматында өткөн маектешүүнү жергиликтүү телеканалдар 28-декабрда көрсөтүштү. Анда Назарбаев ЕАЭБдеги бирдиктүү акча боюнча суроого “бул алыскы келечектин маселеси” деп жооп берди. - Бул тема олуттуу сүйлөшүлгөн эмес. Балким Европадагыдай евро болушун каалап жатышат. Ал кимге керек? Бул жакшы бирок, биз үчүн буга көп бар. Мындан сырткары Нурсултан Назарбаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Читать дальше...
Индонезиянын Табият кырсыктарына туруштук берүү уюму 28-декабрда билдирүү жасап, өлкөдө катталган цунами 40 миң адамды үйсүз калтырганын жарыялады.
”Иран ТИМнин басма сөз катчысы Сирия армиясынын Манбиж шаарына кирип, өз байрактарын илгендиги менен куттуктады.
“Таза кандуу кыргыздардын” ДНКсына байланыштуу "сенсациялык" маалымат менен таанышып, эстен танып кала жаздаган калемгер дароо эле “Күлкү кербен” түрмөгүнө ушул такмазасын жолдоду.