2018-жылы соттолгон эки миңдей киши жумуш тапты
Жаза аткаруу кызматында 58 аймактык жазык аткаруу инспекциясы бар. Инспекция бир жыл ичинде жаза өтөп чыккан 1921 кишиге иш таап берүүгө, ал эми 1975 кишиге паспорт алууга жардам беришкен. Алардын тизмесине беш миңдей жаза өтөп чыккан киши катталган. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жыл жыйынтыктаган жыйынында айтылды.
2019-жылдын 1-январынан баштап, жаңы кодексттер боюнча жазык аткаруу инспекциясында пробация кызматы түзүлөт. Пробация кызматы абактагылардын абалын жакшыртып, аларды коомдун толук кандуу мүчөсү катары калыбына келтирүү максатын көздөп, атайын түзүлө турган борборлордо социалдык кызматчылар жана психологдор иштей турганы мыйзамда көрсөтүлгөн.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 15 миңдей адам абакта. Басымдуу бөлүгү Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Уурулук”, “Алдамчылык” жана “Маңзатты мыйзамсыз сатуу жана сактоо” беренелери боюнча соттолгон. (TSh)