АКШда калың кардан улам жети киши көз жумду
АКШнын батыш жана түндүк штаттарында бир нече күндөн бери тынбай жааган кардан улам жети киши каза болду. Алардын көбү калың карда жол кырсыктарына кабылып, көз жумганын маалымат каражаттары 30-декабрда кабарлашты. Соңку бир нече күндө Кошмо Штаттардын түндүк жана батыш аймактарына түшкөн кардын калыңдыгы 30 см жеткен. 27-декабрдан бери жүздөгөн авиакаттам токтотулуп, көбү башка маалга жылдырылган. Катуу шамал менен басылбай жааган кардан улам Түндүк Дакотка, Түштүк Дакота, Миннесота, Канзас жана Айова штаттарында кан жолдор жабылды. Читать дальше...