Зере: активист кыздын концерти
Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда "Асанбай борборунда" концерт берди. Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан. Концерт ошол талкууга түшкүн “Кыз” ыры менен башталды.