Ла-Манш каналын кесип өткөн алты ирандык табылды
Англиянын түштүк-чыгыш жээгинен Ла-Манш каналын кесип өткөн алты ирандык жаран табылды. Британ ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 30-декарбда ирандыктар каналды желим кайык менен сүзүп өтүшкөн. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин иммиграциялык уюмдардын карамагына жөнөтүлдү.
Өткөн ай башынан бери ушул эле канал аркылуу Франциядан Англияга 220 киши өткөн. Желим кайык менен каналдан өтүү кооптуу экенин айткан эки өлкөнүн бийлиги тынчсыздануусун билдирип жатышат. Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастнер “Твиттердеги” баракчасына “эки мамлекет тең өз өмүрүн коркунучка салып, каналды кесип өткөн мыйзамсыз мигранттарга каршы аракеттерди күчөтүүнү координациялап жатышат” деп жазды.
Мигранттарды салган кайыктардын көбү Кале шаарынан сууга кирет. Бул шаар көп жылдар бою Африка жана Жакынкы Чыгыштан Европаны көздөй жакшы жашоо издеп агылган "мигранттардын чордону" саналып келген.