Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 21.01.2018

Azattyk.org 

Түркиянын Сириядагы күрттөргө каршы кургактагы аскер амалдары

Түркия Сириянын аймагында күрт кошуундарына каршы аскердик амалдарды улантууда. Бир күн мурда ал жакка түрк аскерлери да киргени маалым болду. Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну түрктөрдүн аба соккуларынан жай тургундар да мерт кеткенин кабарлады.

Azattyk.org 

Германия: социал-демократтар коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүгө даяр

Германияда социал-демократтар канцлер Ангела Меркел башында турган Христиан-Демократиялык союз менен коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого добуш беришти. "Рейтерс" маалымдагандай, бул чечим бир нече айга созулган саясий белгисиздиктен кийин жасалган алгачкы кадам болду. Социал-демократтардын лидери Мартин Шульц билдирегендей, бул союз ашынган оңчулдарга каршы турууга мүмкүнчүлүк берет. Январь айынын башында Меркел менен Шульц келечектеги коалициянын "алдын-ала долбоору" делген 28 барактан турган документ иштеп чыгышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иордания Падышасы Иерусалим боюнча тынчсыздануусун билдирди

Иорданиянын падышасы Абдулла II Вашингтондун Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныган чечими боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал израил-палестин жаңжалын бардык жактан карап чечүү зарылдыгын жекшебиде, Амман шаарында АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугушуу маалында айтты. Падыша Чыгыш Иерусалим келечектеги Палестина мамлекетинин борбору болушу керектигин кошумчалады. Абдулла II ошондой эле Иерусалим мусулмандар, жөөттөр жана христиандар үчүн ыйык шаар экенин белгиледи. Пенс падышага меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Прагада мейманканадагы өрт төрт кишинин өмүрүн алды

Чехиянын баш калаасы Прагадагы мейманканада тутанган өрт төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады. 20-январдын кечинде калаанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Евростарс Дэвид" мейманканасында тутанган өрттү атайын кызматтар эки сааттан кийин гана өчүрө алышкан. Курман болгондордун экөө ооруканада көз жумду. Жалпысынан жабыркагандардын саны онго жеткен. Полиция билдиргендей, каза болгондордун бири Германиянын, экинчиси Түштүк Кореянын жарандары, дагы экөөнүн тек жайы такталууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Франция Коопсуздук кеңешин чогулууга үндөдү

Франция Сириянын аймагында Түркия жүргүзүп жаткан аскерий аракеттер боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды. Бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жазды.  17-январда Түркия бийлиги Сириянын Африн аймагында күрт кошуундарына каршы аскерий операция баштаганын билдирген. Бул маалыматты 21-январда Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым ырастап, операцияга авиация жана оор аскерий техника тартылганын кошумчалады.  Буга чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бир дүйнө": Кыргызстанда аялдардын эмгек укугу корголбойт

Кыргызстанда аялдардын эмгекке болгон укуктары корголбой жатат. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын "Аялдар маршын" уюштуруу боюнча тараткан билдирүүсүндө жазылган. Аталган уюм Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган маалыматтарга таянуу менен өлкөдө аялдарды саясатка, башкаруу органдарына тартууда да көйгөй бар экенин кабарлады. Маселен, бийликте аялдар 40 пайызды түзүшү керек деген эреже бар экенине карабай иш жүзүндө бул көрсөткүч кыйла аз экенин жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мал чарбасынан баар тапкан барпылыктар

Сузак районундагы Барпы айылынын фермерлери Швейцариядан эт багытындагы кара мал алып келип, киреше таап жатат. Аларга союз мезгилинен бери кой багып, Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер ардак наамын алган фермердин тажрыйбасы да жакшы үлгү болууда.

Azattyk.org 

Эже-сиңдилер: салтка айланган адат

Бул жолу "Эже-сиңдиге" келген айымдар каада салт, адам баалуулуктары жана адатка айланган тенденциялар тууралуу кеп куруп беришти. Коноктор профессор Ишенгүл Болжурова, изилдөөчү Алтын Капралова, антрополог Зарина Урмамбетова.

Azattyk.org 

Казакстанда сууктан мектептерде окуу убактылуу токтотулду

Түндүк Казакстан облусунда катуу суукка байланыштуу 22-январдан тартып мектептерде окуу убактылуу токтотулат. "Азаттык" радиосунун казак кызматы билдиргендей, аймактын жашоочуларына эртең абанын табы -30 градуска чейин төмөндөйт деген эскертүүлөр түшүп жатат.  «Казгидромет» мекемеси буга чейин 22-январдан 26-январга чейин өлкөнүн бир нече облусунда сууктун күчү күндүз -30-35 градус, түнкүсүн - 40-45 градуска жетерин кабарлаган.  11-январда Казакстанда бир нече региондо катуу бороон болуп, жолдордо... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Балбан Сулайманов: атактуу болом деген каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр өлкөдө күрөштүн деңгээли жакшы. Биринен-бири өтүп бой тирешкен, ой тирешкен балбандарыбыз оголе көп. Алардын бири сакадай бою сары алтын — Калы Сулайманов.

Azattyk.org 

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен келинге Бишкекте операция жасалат

Орусиянын Москва шаарында бешинчи кабаттан кулап кетип, оор жаракат алган кыргызстандык Жаркынай Юсупова Бишкекке алып келинди. Ага жардам берүү акциясын уюштуруп жүргөн активист Дайырбек Орунбеков билдиргендей, жабыркаган жаранга Москвадагы мекендештер акча чогултушту.    Маалыматка караганда, Юсуповага Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков операция жасайт.   28 жаштагы Жаркынай Юсупова быйыл 1-январда Москвада өзү жашаган үйдөгү терезенин пардасын оңдоп жатып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабул: мейманканага кол салууга жоопкерчиликти талиптер алды

Ооганстандын Ички иштер министрлиги 21-январда  "Интерконтинентал" мейманканасы толук бошотулуп, курчоо алынганын билдирди. Маалыматка караганда, мейманканага куралчан кол салуудан беш жай тургун каза тапкан, алардын бири чет элдик жаран. Кол салган үч киши да өлтүрүлдү.    Алты киши, анын ичинде үч полиция кызматкери жаракат алды. Окуя үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти алды.   Ооганстандын баш калаасы Кабулдун борборунда жайгашкан мейманканага 20-январда куралчан топ кирип, имараттагы кишилерди он сааттан ашык барымтада кармап турган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызстанда 22-январда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын табы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8; Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8; Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6; Нарын облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз  -5...-10 градус суук болот. Бишкекте 22-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ "Гараж 312" түнкү клубунда операция жүргүзүлгөнүн ырастады

Бишкекте жайгашкан "Гараж 312"  түнкү клубунда милициянын атайын бөлүгү операция жүргүзгөнүн Ички иштер министрлигинен "Азаттык" радиосуна ырасташты. Мекеме операция эмне максатта жүргүзүлгөнүн жана канча киши кармалганын маалымдаган жок. Толук маалымат кийинчерек берилерин айтуу менен чектелди. Буга чейин ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын тапшырмасы менен спецназ 21-январга караган түнү саат 1:00дөр чамасында аталган клубга барып, тинтүү жүргүзүп, 50дөн ашык кишини кармап кеткени тууралуу маалымат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сынса кайра бүтөлчү айнек, робот-бөбөк

Жасалма интеллект кишиден акылдуу экенин далилдеди. Жапондор сынса кайра бүтөлчү айнекти жасашты. Казакстанда 2015-жылы жейрендер эмнеден кырылганы аныкталды. Робот-бөбөк окумуштууларга "жардамга келди".

Azattyk.org 

Өкмөт: Сапар Исаковдун Мергенбаевдин камалышына тиешеси жок

Өкмөттүн коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү парламент депутаты Жанар Акаевдин билдирүүсүнө жооп берди.   Анда ишкер Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылганы, кылмыш ишин Башкы прокуратура 2015-жылдын 11-сентябрында козгогону эске салынган. "Иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече жолу курулуш-техникалык жана соттук-эсептик экспертизалар жүргүзүлдү. Алардын баары иштин акысы жогорулатылганын көрсөттү. Мындан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түндүк Корея Пхенчхандагы олимпиадага 22 спортчусун жиберет

Эл аралык олимпиада комитети Түндүк Кореянын 22 спортчусун Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга уруксат берди.   Аталган комитеттин 20-январда Лозаннада өткөн жыйынында түндүк кореялык спортчуларды чуркоо жана тоо лыжасы, шорт-трек жана муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештерге катыштыруу чечими кабыл алынды.  Түштүк жана Түндүк Корея тарыхта биринчи жолу аялдар арасындагы хоккей боюнча бир команда түзүп жатышат. Олимп оюндарынын ачылыш салтанатында эки мамлекеттин спортчулары бир желек менен чогуу чыгышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ: Кабулда кол салуу болгон отелде кыргызстандыктар жабыркаган жок

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы 20-январда террорчулар кол салган «Интерконтинентал» мейманканасында Кыргызстандын жети жараны иштегени белгилүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирип, "кол салуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок жана алар коопсуз жайда" деп кабарлады.  Маалыматка караганда, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кыргызстандыктар жана аталган мамлекеттин укук коргоо органдары менен байланышып турат. Дипломаттар алар менен жолугушууга аракеттенүүдө.  Кол салуудан бир нече киши каза тапканы кабарланууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ: Кабулда кол салуу болгон отелде ыргызстандыктар жабыркаган жок

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы 20-январда террорчулар кол салган «Интерконтинентал» мейманканасында Кыргызстандын жети жараны иштегени белгилүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирип, "кол салуудан кыргызстандыктар жабыркаган жок жана алар коопсуз жайда" деп кабарлады.  Маалыматка караганда, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кыргызстандыктар жана аталган мамлекеттин укук коргоо органдары менен байланышып турат. Дипломаттар алар менен жолугушууга аракеттенүүдө.  Кол салуудан бир нече киши каза тапканы кабарланууда. Читать дальше...


В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Меркачева назвала ситуацию с бежавшей от родственников чеченкой испытанием

Разделение изотопа



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Музей «Горки Ленинские» организует квест-детектив в ночь с 18 на 19 мая

Вратаря ЦСК Торопа готовят к операции в московской больнице

Музыкальные новости

Инсайдер Карпов: "Спартак" выкупил Станковича у "Ференцвароша" за €200 тыс

Россия, Бурятия, Культура и Дети: Байкальская театральная школа прошла в Иволгинском районе Бурятии

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.

В Бурятии прошла Байкальская театральная школа прошла - Россия, Культура и Дети

Новости России

Меркачева назвала ситуацию с бежавшей от родственников чеченкой испытанием

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

В Москве чеченцы окружили отдел полиции из-за сбежавшей родственницы. Она боится, что ее убьют

Оппозиционер из Молдовы Илан Шор стал гражданином РФ

Экология в России и мире

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Спорт в России и мире

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Теннисист Медведев не смог выйти в четвертьфинал турнира серии «Мастерс» в Риме

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

Moscow.media

Краски севера V

Игровые клавиатуры Bloody S515R, B825R: механические свитчи и подставка под запястья

Правоохранители проверили бывших мигрантов в Джанкое

Более 1 млн проездов по трассе М-12 Восток совершили автомобилисты в майские праздники







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *