Молдо Кубак менен Ташмат байдын таржымалы
Ноокаттын Котур-Булак деген жеринде адигине уруусунун бөрү уругунан тараган жүктү тобу жашайт.
Ноокаттын Котур-Булак деген жеринде адигине уруусунун бөрү уругунан тараган жүктү тобу жашайт.
Жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция алдыда баратат. Бул коалицияга “Алга, Италия”, Түндүктүн Лигасы жана улутчул консерваторлордун “Италиянын ага-инилери” партиялары кирет. Алар 35,5% добушка ээ болгонун Франс-Пресс агенттиги кабарлады. Экинчи орунда солчулдардын «Беш жылдыз» кыймылы 32.5% жана социал-демократтар 23% добуш менен үчүнчү орунга чыкты. Парламентте 40% көп добушу бар партия же коалиция өкмөт курууга киришет. Читать дальше...
Жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция алдыда баратат. Бул коалицияга “Алга, Италия”, "Түндүктүн Лигасы" жана улутчул консерваторлордун “Италиянын ага-инилери” партиялары кирет. Алар 35,5% добушка ээ болгонун "Франс-Пресс" агенттиги кабарлады. Экинчи орунда солчулдардын «Беш жылдыз» кыймылы 32,5% жана социал-демократтар 23% добуш менен үчүнчү орунга чыкты. Парламентте 40% көп добушу бар партия же коалиция өкмөт курууга киришет. Читать дальше...
Жогорку Соттун алдына нааразылык акциясына чогулган жарандык коом өкүлдөрү сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотууга чакырышты.
Ош шаарында 5-мартта Ак калпак күнү белгиленди. Калаанын борбордук аянтында өткөн иш-чарага онго жакын улуттун өкүлдөрү катышты. Алар өз тилдеринде жана кыргыз тилинде калпак тууралуу ырларды окуп беришти. Калпак күнүн белгилөөгө окуу жайлардын студенттери, шаар тургундары тартылып, кыска аралыкка жөө жүрүш да уюштурулду. 5-мартта Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Ошондон бери жыл сайын 5-мартта Кыргызстандын көчөлөрүндө ак калпак кийип жүрүү салтка айланып баратат. Читать дальше...
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы коомдук даратканалардын баарын текшерип чыгууну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлерине тапшырды. Мекеменин буйругунда коомдук даратканалардын сүрөттөрү интернетке улам тарап жаткандыктан мындай чечим кабыл алынганы жазылган. Ал эми Ош облустук санэпидстанциясынын учурда ооруканада жаткан жетекчиси Светлана Шерматова өзүнө караштуу аймактагы коомдук даратканалардын абалын бир жыл ичинде тазалоого убада берди. 26-февралда Ош шаардык... Читать дальше...
Кыргызстандын энергетика тармагындагы тартыштык 1,8 миллиард сом деп эсептелди. Энергетиктер бул акча табылмайын тармактагы маселелерди чечүү кыйын деп эсептешет. Электр энергиясына тарифтерди кымбаттатуунун айланасында талкуулар токточудай түрү жок. Кыргызстандын энергетика системасынын экономикалык көрсөткүчү кандай?
Кошмо Штаттар Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин Чыгыш Гута аймагына чабуул коюп жатканын айыптады. Сириядагы башкаруучу режимди Орусия менен Иран колдойт. Ак үйдүн жекшембидеги билдирүүсүндө Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Сирияда 30 күндүк ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюцияны кабыл алууну улам артка жылдырып жатканы белгиленет. Чыгыш Гутада контртеррористтик операциянын шылтоосу менен бейкүнөө адамдар жок кылынууда деп белгиленет. Ак үйдүн билдирүүсүндө 24-28-февралда орусиялык... Читать дальше...
Жогорку сот “кыйноо колдонду” деп айыпталган үч милиция кызматкерине карата чыккан сот өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноого каршы коалициянын өкүлү Сайкал Малик кызы кабарлады. Таш-Көмүр шаардык милициясынын үч кызматкери "2015-жылы 21 жаштагы Анарбек уулу Эсенбекти уурулукка шектүү катары кармап кетип, башына желим баштык, противогаз кийгизип кыйнап, буту-колуна, бөйрөктөрүнө таяк менен урган" деп айыпталган. Анарбек уулунун адвокаты Нурислам Райимжановдун айтымында, милиционерлер... Читать дальше...
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанда жол кырсыгында каза тапкан жети өзбек жаранынын сөөгү Хорезм облусуна жеткирлигенин билдирди. Учурда сөөктөрдүн тек-жайын аныктоо жүрүп жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирди. 1-мартта Казакстандын Маңгыстоо облусунда жеңил машине менен оор жүк салган унаа кагылышып, жети киши каза тапкан. 18-январда Самара–Чымкент автотрассында жүргүнчү салган автобус күйүп кетип, Орусияга жол тартып бараткан өзбекстандык 53 киши мерт болгон. Беш киши аман калган.
Данияр Сыдыковду президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 5-мартта билдирди. Сыдыков 2016-жылдын июлунан бери Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келген. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Айзада Субакожоева февралдын аягында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысынын орун басары болуп дайындалган. Читать дальше...
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун катышуусунда Ош базарында чыккан өрттөн келтирилген чыгымды баалоо боюнча комиссия 5-мартта жыйынга чогулду. Материалдык зыянды калыбына келтирүү боюнча 150 жабырлануучудан арыз түшкөн. Анын 135и «Сейтек», он беши «Берекет Плюс» комплексинде иштегендер. Бирок Мамлекеттик салык кызматы 74 ишкердин гана патенти болгонун аныктаган. Алардын 32синин банкта насыялары бар. Комиссия жабырлануучулар ишкердик субьектилерин... Читать дальше...
Анкара шаарындагы Кошмо Штаттардын элчилиги коопсуздук чараларынан улам дүйшөмбүдө ачылган жок. Элчиликтин кызматкерлери өтө чукул жардамга муктаждарга гана көмөк көрсөтөт. Дипломатиялык өкүчүлүктүн бидирүүсүндө кооптонуу канчалык чоң экени айтылбайт. АКШ элчилиги Түркияда жүргөн америкалык жарандарга эл көп топтошкон жерлерге жана туристтик жайларга барбай турууну эскертти. 18-январда Кабул шаарындагы АКШ элчилиги ооган баш калаасындагы мейманканага жоочулар кол салуусу мүмкүн экенин эскерткен. Читать дальше...
Анкара шаарындагы Кошмо Штаттардын элчилиги коопсуздук чараларынан улам дүйшөмбүдө ачылган жок. Элчиликтин кызматкерлери өтө чукул жардамга муктаждарга гана көмөк көрсөтөт. Дипломатиялык өкүчүлүктүн билдирүүсүндө коркунуч канчалык чоң экени айтылбайт. АКШ элчилиги Түркияда жүргөн америкалык жарандарга эл көп топтошкон жерлерге жана туристтик жайларга барбай туруу оң болоорун эскертти. 18-январда Кабул шаарындагы АКШ элчилиги ооган баш калаасындагы мейманканага жоочулар кол салышы мүмкүн экенин эскерткен. Читать дальше...
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.
Кыргызстанда 6-мартта жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Суусамырда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1; Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15; Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...
Түп районундагы Долон айылындагы балдар дзюдо менен такай машыгат. Ага ушул айылдын келини, дзюдо боюнча спорттун чебери Жаркын Кожомжарованын демилгеси себеп болгон. Ал айылдагы мектепте дзюдо ийримин ачып, кадимки мектеп программасынын негизинде балдарды машыктырат. Спортчу жеңенин ишкерлигине кызыгып машыккан балдардын саны улам артып барат.
Нарын шаарындагы облустук соттун имаратынын алдында бүгүн жыйырмадай киши акцияга чыкты. Алар Кыргызстанда соттор коррупцияга малынганын айтып, таза иштебеген судялар иштен кетиши керек экенин айтышты. Акциянын катышуучулары "Саткын соттор кетсин!", "Адамдын тагдыры менен ойнобогула!", "Адилетсиз сот, прокурорлорго наалат!", "Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы демилгесин колдойбуз!", "Элдин ишеничин актагыла!" деген жазууларды кармап турушту. Өз талаптарын айткандан кийин алар тарап кетишти. Читать дальше...
Нарын шаарындагы облустук соттун имаратынын алдында бүгүн жыйырмадай киши акцияга чыкты. Алар Кыргызстанда соттор коррупцияга малынганын айтып, таза иштебеген судялар иштен кетиши керектигин айтышты. Акция катышуучулары "Саткын соттор кетсин!", "Адамдын тагдыры менен ойнобогула!", "Адилетсиз сот, прокурорлорго наалат!", "Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы демилгесин колдойбуз!", "Элдин ишеничин актагыла!" деген жазууларды кармап турушту. Өз талаптарын айткандан кийин тарап кетишти. Читать дальше...
Сиз отурукташкан шаар же айыл адамдын жашоосу үчүн ыңгайлуубу? Ушул суроону соцтармактарда айрым бишкектиктер байма-бай талкууга салып турушат. Биз өлкөнүн борбору Бишкек калаасын айрым жарандык активисттердин көзү менен көрүп, пикирин тыңдайлы деп чечтик. Демек, Бишкек сейилдегени чыккан же жөө жүргөн адам үчүн канчалык ыңгайлуу?
Интернет доорунда балдарга анын кесепети тиет деп кооптонууга негиз барбы? Бул суроо менен кыргыз википедиясынын негиздөөчүсү, "Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбекти кепке тарттык.
Интернет доорунда балдарга анын кесепети тиет деп кооптонууга негиз барбы? Бул суроо менен кыргыз википедиясынын негиздөөчүсү, "Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбекти кепке тарттык.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Асылбек Өзүбеков Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол койду. Маалыматка караганда, театрдын мурдагы башчысы Назым Меңдибаиров өз арызы менен иштен бошоп, көркөм жетекчи кызматына өттү. Асылбек Өзүбеков - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1979-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында... Читать дальше...
Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен акцияга чыккандар президент Сооронбай Жээнбековдун өкүлү чыкпай койгондон кийин кайрадан митингге чогулмай болуп тарашты. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова митингдин жабылуу сөзүн сүйлөп жатып билдирди: - Президенттин өкүлү чыккан жок. 100 метр жерден чыкпай койгону бул дагы элди тоготпогондугунун, элден алыстап кеткендигинин көрсөткүчү. Жогорку Кеңештин депутаттары деле чыгып койсо болмок. Биз президентке... Читать дальше...
Мамлекеттик ипотекалык компания Нарын шаарында куруп жаткан турак жайдын чарчы метри 39 миң сомду (570 долларды) түзөт. Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясы өткөн аптада «Арзан турак жай 2015-2020» программасын талкуулаган учурда айтылды. Анда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик компаниясы койгон "баа кымбат" деп сынга алынды. Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков үйдүн чарчы метри күч түзүмдөрүнө 350 доллардан берилип жатканын жана 570 доллар өтө эле жогору экенин билдирди. «Мамлекеттик... Читать дальше...