Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2018

Новости за 20.03.2018

Azattyk.org 

Баткендик окуучу эл аралык сынакта биринчи орунду ээледи

Баткен облусунун тургуну, 2-класстын окуучусу Нурмухамбет Абдирашитов Египетте менталдык арифметика боюнча өткөн таймаштын экинчи деңгээлинде биринчи орунду ээледи. 7-8-март күндөрү Шарм-эл-Шейх шаарында дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн 400дөй бала катышкан олимпиада өттү. Дагы бир кыргызстандык бала, 4-класстын окуучусу Кайратбек Аширматов төртүнчү деңгээл боюнча экинчи орунга чыкты. Бул сынакка Кыргызстандан жалпысынан 22 окуучу барган. Балдардын интеллектуалдык өнүгүү борбору даярдаган олимпиадага катышууну ата-энелер өзүлөрү каржылашты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен менен Фергананын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облус жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, эки жетекчинин жолугушуусуна район акимдери да катышты. Соода-сатык, маданий кызматташтык жана ишкерлердин байланышын жандантуу макулдашуулары болуп, айыл чарабасы менен алектенгендердин тажрыйба алмашуусун колго алуу тууралуу да айтылды. “Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Наристени" чоңойткон Пругло

Совет мезгилинде атагы таш жарган алгачкы эстрадалык ансамблдердин бири -"Наристенин" негиздөөчүсү Владимир Пругло жыйырма жылдан бери Германияда жашайт. Ал "Азаттыкка" "Наристе" үн аспаптар ансамбли тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Azattyk.org 

Аксы окуясын эскерүүгө студенттерди катыштыруу талкуу жаратты

Бишкекте Аксы окуясынын 16 жылдыгын эскерүү жыйынына "студенттерди мажбурлап катыштыруу тууралуу документ" деп интернетке тараган сүрөт талкууга түштү. 19-мартта социалдык желеде тарап, сынга кабылган буйрукта Бишкектеги төрт жогорку окуу жайдан 70тен студент жыйынга барышы керектиги тууралуу тапшырма жазылган. Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кол койду деген буйрукта Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык, Кыргыз мамлекеттик жана Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш... Читать дальше...

Azattyk.org 

Экономикага 800 миллион сомдук зыян келтирген түйүн аныкталды

Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады. Мекеменин маалыматында Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен бирге текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында “мамлекеттик салык жана бажы тармагында жооптуу кызматтарды ээлеген адамдардын жеке коммерциялык структуралардын жетекчилери менен туруктуу коррупциялык байланышы” аныкталганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар Парижде бийлешти

Нооруз майрамынын урматына Франциядагы кыргызстандыктардын Kyrgyzclub France бирикмеси Парижде флешмоб өткөрүп, көчөдө кыргыз бийин бийлешти.

Azattyk.org 

Ош: имамдар илимден четтеп турат

Кыргызстанда ислам дининин популярдуулугу артып, аны туткандар күн санап көбөйүп жатканына карабай диний сабаттуулук аксап жатканы айтылууда.

Azattyk.org 

Уча албаган "Санавиация"

Жол кырсыктарынан оор жараат алгандар, ордунан жылууга мүмкүн эмес бейтаптарга тез жардам берүүчү Кыргызстанда "Санавиация" деп аталган кызмат бар. Советтер Союзу учурунда тик учак жана учактар менен өлкөнүн чар тарабындагы бейтаптарга убагында жардам берген бул кызматтын азыр эч кандай авиациялык унаасы жок.

Azattyk.org 

"Жаңы жылдын" сценарийи жаңыра элек

Кыргызстанда Нооруз майрамы расмий түрдө биринчи жолу 1989-жылы 21-мартта Фрунзе шаарында белгиленген. Архивдик сүрөттөрдөн Кожомкул атындагы спорт ордосунда ар кандай жаныбарлардын куурчактары бийлеп, оркестр ойноп, акындар менен артисттер өз өнөрлөрүн тартуулап жатканын көрсө болот. Борбордук аянттагы Нооруз салтанатында быйыл кандай өзгөчөлүктөр бар?

Azattyk.org 

Кыргызстан Түркияда каза болгон кыздын жакындарын издөөдө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда сөөгү табылган кыргызстандык кыздын жакындарын издеп жатат. Мекеменин маалыматына караганда, 26 жаштагы кыздын сөөгү 19-мартта Денизли аймагында табылган. Жергиликтүү прокуратура ал соккудан өпкө-боору жабыркап каза тапканын билдирди. Ошону менен катар аны автомашина коюп кеткени да кабарланууда “Түркиядагы элчилигибиз тактоо иштерин жүргүзүп жатат” дейт ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева. 19-март күнү Dogan кабар агенттиги Түркиянын Денизли аймагындагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түптө автомашина күйүп кетти

Ысык-Көл облусунда автомашина күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя шейшембиге караган түнү Түп районуна караштуу Кутургу айылында болду. “Бишкек-Каракол унаа жолунда ВАЗ үлгүсүндөгү (мам.№I8095K) унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда” деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 24 өрт кырсыгы катталды. (RK)

Azattyk.org 

Уулунун өлүмүнө шектүү тургундун иши кайра тергелет

Ошто “баласын сабап өлтүрдү” деп шектелген тургунга карата козголгон кылмыш иши кайра каралат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаардык прокуратурасы калаа сотунун бул ишти токтотуу тууралуу токтомуна карата кассациялык арыз жолдоду. Башкы көзөмөл органы окуя 2017-жылдын 29-ноябрында Ош шаарында болгонун, милицияга жана “Тез жардам” кызматына 12 жаштагы баланын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөнүн, кийин анын өлүмүнө шектүү катары өз атасы кармалганын билдирүүдө. Шектүү тургун уулу мектептен жакшы окубай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ботаникалык бактагы өрттүн себеби аныкталды

Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан Ботаникалык бакта өрт каптаган жердин жалпы аянты үч гектарга жетти. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн чыгышына тамеки тартууда этиятсыздык себеп болгону аныкталды. 1938-жылы түптөлгөн бул бакта бак-дарактардын, бадалдардын, гүлдөрдүн, дары чөптөрдүн 5,5 миңден ашык түрү бар. Буга чейин да ал жерде бир нече жолу өрт чыгып, бир топ гектар жерде чөп күйүп кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Айкөл Ала-Тоонун" айгайы, ажырымдын көйгөйү

"Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаевдин 17-мартта президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы коомдук-саясий чөйрөнүн кызуу талкуусуна түштү.

Azattyk.org 

Жашоосу катаал Жер-Көчкү

Нарын районунун Жер-Көчкү айылы деңиз деңгээлинен 3000 мертден ашык биийиктикте жайгашкан. Тоо боорундагы айыл район борборунан 150 чакырым алыс. Айылда таза суу, жол, мектеп маселеси башкы көйгөй. Тургундар бир гана мал чарбачылыгы менен жан сакташат.

Azattyk.org 

Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүсү планда жок

АКШ президенти Дональд Трамптын Орусиядагы шайлоодо Владимир Путиндин утуп чыкканы боюнча кабары бар экенин дүйшөмбү күнү Ак үйдүн өкүлү билдирди. Анткен менен Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү планда жок экени маалым болду. Куттуктоо сөздөрү да айтылган жок. “Орусиядагы шайлоо эркин жана таза өттүбү” деген суроого жооп берип жатып Ак үйдүн маалымат катчысы Хоган Гидли Вашингтон шайлоо жыйынтыгына таң калбаганын билдирди. Бул тууралуу “Америка үнү” кабарлады. 14-мартта АКШ президенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ксения Собчак саясий туткундардын тизмесин Путинге берди

Президенттикке ат салышып өтпөй калган Ксения Собчак шайлоодо утуп чыккан мамлекет башчы Владимир Путинге өзү саясий туткун деп эсептеген 16 кишинин аты жазылган тизмени тапшырды. Бул тууралуу анын ишинимдүү өкүлү Марина Литвинович билдиргенин “Медуза” басылмасы кабарлады. Собчак тапшырган тизмеде “26-март ишине” байланыштуу камалгандар Дмитрий Борисов, Станислав Зимовец, Алексей Политиков, Александр Шпаков, оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын "Ив Роше" иши үчүн камалган бир тууганы Олег Навальный... Читать дальше...

Azattyk.org 

Турдукулов: курултайды уюштурууга бийликтин тиешеси жок

Жарандык активисттер, патриоттук күчтөр апрелдин башында өткөрүүнү пландап жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген курултайга расмий бийликтин тиешеси жок. Бул тууралуу уюштуруучу комитеттин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна кабарлады. Анын айтымында, курултайда коррупцияга каршы күрөш, камактагы саясатчылардын, сөз эркиндигинин абалы жана мамлекеттин туруктуулугу жөнүндө маселелер каралат. ​- Биздин максат - артка кылчактабай, азыркы учурдун маанилүү көйгөйлөрүн чыгарып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйнөлүк акча жумалыгы боюнча сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады. Бүгүн Бишкекте жумалыкка карата уюштурулган сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйланат. Улуттук банктын финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообековдун “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, окуучулар арасында сүрөт боюнча өткөн сынакта миңге жакын эмгек келип түшкөн. Ал эми эссе сынагына 40тан ашуун жогорку класстын окуучулары жана студенттер катышты.  Балдардын жана жаштардын каржылык сабатсыздыгын жоюуга багытталган иш-чараларга “Бай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аялдарга ажылык сапарга жалгыз барууга уруксат берилди

Быйыл биринчи жолу жалгыз бой, балдары жок же жесир аялдарга эч кимдин коштоосу жок ажылык сапарга барууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев “Азаттык” радиосуна кабарлады. - Апалардын суранычы менен күйөөсү жок, турмушка чыкпаган, жесир, балдары жок жана өмүрүндө биринчи жолу ажылыкка кетип жаткан жыйырмадай аялга гана уруксат берилди. Бул шартка туура келбегендерге уруксат берилген жок.  Кыргызстанда соңку жылдары ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мавлян Аскарбеков өз укугун коргоо үчүн Конституциялык палатага кайрылды

“Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков өзүнүн Конституциялык укугун коргоо үчүн Конституциялык палатага арызданды. Бул тууралуу жарандык активист “Азаттык” радиосуна кабарлады. - Сот процессинде тараптардын бирдей укукка ээ болбой жатканы ачык көрүнүп жатат. Менин адвокатым, мен жана прокурор чакырылган күбөлөргө жана башкаларга бирдей укукта суроо берип, жооп алганга укуктуу. Бирок тилекке каршы сот өзүм билемдик менен биз берген суроолорго чек коюп, прокурорго кошулуп алып өзүнө керектүү жооп алыш үчүн суроо берип... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Манас айылы” этнокомплекси Бишкек мэриясынын карамагына өтөт

Бишкектин жогору жагындагы “Манас айылы” маданий этнокомплекси Бишкек мэриясынын карамагына өтөт. Учурда бул багытта иштер жүрүп жатканын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, этнокомплексти оңдоп-түзөө үчүн инвестор табыла элек. - Демөөрчү, инвесторлорду издеп жатабыз. Кол өнөрчүлөр бизге берсеңер оңдоп, шаарча кылып алалы деп демилге көтөрүп жатышат. Бирок алар канчалык деңгээлде жасай алат... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда айдоочусуз автоунаананы сыноо маалында жөө жүргүнчү мерт болду

Uber компаниясы адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин АКШнын бардык шаарларында өзү жүргөн автоунааларын сыноону токтотту. Дүйшөмбүдө Аризона штатынын Темпе калаасында дал ушундай машина жолдо бараткан аялды сүзүп кеткен. Компания окуяны иликтөөдө штат бийлиги менен кызматташып жатканын билдирди. Бир жыл мурун Volvo үлгүсүндөгү жол тандабас Аризонада аласалып кеткенден кийин дагы Uber робот-унааларын сыноону токтотконун жарыялаган. Компаниянын башчысы Дара Хосроушахи трагедиялуу окуяга кайгырып жатканын маалымдады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда кыргызстандык кыздын сөөгү табылды

Бул тууралуу жергиликтүү Dogan кабар агенттиги маалымдады. Кабарда 19-март күнү Түркиянын Денизли аймагында Памуккале районунда талаада иштеген дыйкандар жол жээгинен чет өлкөлүк кыздын зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн көрүшүп, полицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге полиция келгенде маркумдун жанынан 26 жаштагы кыргызстандык Ы.Жнын телефону жана паспорту табылган. Учурда кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча Денизли прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, күнөөлүүлөр изделип жатат.  Түркиядагы Кыргызстандын... Читать дальше...


Собянин: В ОЭЗ «Технополис Москва» открыты новые импортозамещающие производства

Конкурс мастерства среди локомотивных бригад провели в ЦППК

Собянин: новый участок МСД готов на 60%

Стала известна личность киллера, застрелившего скейтера в Москве



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Открыт прием заявок на XX Юбилейную премию в области экономики и финансов им. П.А. Столыпина

Опубликовано видео заказного убийства мужчины на улице Алексея Свиридова в Москве

Крупнейший фестиваль казачьей культуры пройдет 8 июня в «Арамильской слободе»

Народный артист России Евгений Герасимов принял участие в поэтическом флешмобе в юбилей Пушкина

Музыкальные новости

Пилот авиакомпании АЛРОСА Андрей Кириленко: «Каждый полет по-своему прекрасен»

На телеканале «Культура» рассказали о предстоящей премьере оперы «Борис Годунов»

Погружение в современное российское искусство – стартовал 3-ий фестиваль «Территория. Красноярск»

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Новости России

Детская зона «ЯРКО» – на Дне России в Санкт-Петербурге

Соглашение о создании семеноводческого центра в Воскресенске подписали на ПМЭФ

Свыше 300 проверок провели надзорные органы Подмосковья в мае 2024 г

Без синевы. Врач рассказал, как не допустить гематомы после забора крови

Экология в России и мире

Befree запускает сайт для поиска талантов

Гинеколог, ведущий специалист многофункциональный клиники KindCare в Дубае Сураё Назарова: как выявить проблемы на ранних стадиях

Слушатель из Смоленска выиграл на «Авторадио» «Москвич 3»

С чем носить юбку этим летом: примеры стильных образов

Спорт в России и мире

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

Осталась в одиночестве: Андреева победила Грачёву и вышла в четвертьфинал «Ролан Гаррос», Медведева остановил де Минор

Джокович совершил суперкамбэк на Ролан Гаррос и установил абсолютный рекорд

Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе

Moscow.media

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки

Новый цвет и знакомый звук: игровая гарнитура GR270 от Bloody

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Талантливый актер и неугомонный скандалист - несчастная судьба и ранний уход Николая Сектименко







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *