Роскомнадзор провайдерлерге "Телеграмды" жабууну буйруду
Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси интернет провайдерлерге кайрылып, "Телеграм" социалдык түйүнүн жабууну буюрду. Буга өткөн аптадагы соттун чечими негиз берди. 13-апрелде Москванын Таганский райондук соту Орусиянын аймагында "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу тууралуу Роскомнадзордун өтүнүчүн канааттандырган. Аталган мекеме "Телеграм" Орусиянын атайын кызматына социалдык түйүндүн колдонуучуларынын даректерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартканы үчүн сотко кайрылган. Читать дальше...