Кыргыз кызы биринчи жолу жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды
Ушул эле салмактагы биринчи орунду Казакстандын спортчусу алды
Ушул эле салмактагы биринчи орунду Казакстандын спортчусу алды
Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ишембиде Швециянын Бакакра аймагына чогулуп, Сирия маселесин талкуулады. Жыйында Сириядагы согушту токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестикти жоюу тууралуу сөз болду. Талкууга кеңешке убактылуу мүчө Швеция бийлиги, толук мүчө 15 өлкөнүн өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш чакырылган. Швециянын Тышкы иштер министрлиги Сирия кризиси боюнча БУУнун алдыңкы дипломаттарынын чогулушун кубаттап, Стокгольм... Читать дальше...
21-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кашкар Жунушалиевди Ички иштер министрлигинин жамаатына тааныштырды. Өкмөт башчысы Жунушалиевдин райондун инспекторунан министрлик кызматка чейинки тажрыйбасы чоң экенин айтты. Абылгазиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгилеп, ведомствонун жаңы жетекчисинин ишине ийгиликтерди каалады. 58 жаштагы Кашкар Жунушалиев буга чейин милициянын райондук... Читать дальше...
Кыргызстанда ушул жумада Сапар Исаков жетектеген өкмөт отставкага кетип, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы өкмөт бийликке келди. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчы Соронбай Жээнбековдун ортосундагы тирештин бир сыйра жыйынтыкталышы катары каралууда. Ал Сооронбай Жээнбековдун президент катары ордун дагы бекемдеп, бирок өлкөдөгү иштерге жоопкерчилигин мурдагыдан да күчөттү.
Түштүк Кореяда алты жылдан бери эмгектенип жүргөн журтташыбыз Төлөгөн Мураталиев былтыр жайында квадроцикл минип кырсыктап, оор жараат алган. Апасы Гүлазия Исраилова квадроциклди ижарага берген компания баласына кенемте төлөп берүүдөн баш тартканын айтууда. Ал ошондой эле "консулдук да кандайдыр жардам өндүрүп берүүгө жардам бербей жатат" деп нааразы. Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги болсо бул окуя боюнча колунан келген жардамын көрсөткөнүн билдирди.
Тарыхый инсандардын таржымакалын бейтарап таразалоо көйгөйлөрү тууралуу тарыхчынын блогу.