Орусиядагы жүрүштөрдө 800дөн ашуун адам кармалды
Орусиянын 33 шаарындагы пенсия реформасына каршы жүрүштөрдө кеминде 830 адам кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" укук коргоо порталы кабарлады. Маалыматка ылайык, эң көп демонстрант Санкт-Петербургда кармалып, бул шаарда полиция бөлүмүнө жеткирилген митингчилердин саны 350дөн ашты. Өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү планына каршы 9-сентябрда жүрүшкө чыгуу демилгесин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный көтөргөн. Бирок ал январь айындагы "шайлоочулардын жүрүшү" үчүн 30 күндүк абак жазасын өтөп жаткандыктан акцияга катышкан жок. Читать дальше...