Токтакунов: Исаков коомго ачык маалымат бергени УКМКга жакпайт
Абактагы мурдагы премьер-министр анын тергөө тууралуу коомчулукка ачык маалыматты бөлүшкөнү атайын кызматка жакпай жатат. Өзүн опузалаган тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган Сапар Исаковдун арызы боюнча кылмыш иши козголгобогонун анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтып чыкты. Анын айтымында, тергөөчүлөрдүн кадамында мыйзамдар бузулган учурлар аныкталса да, Башкы прокуратура иш козгоодон баш тартты: - Исаковду камерадан чыгарып, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө киргизишкени жана ал ыкчам кызматкер менен сүйлөшкөнү такталды. Читать дальше...