Депутаттар Кызыл-Кыя аэропортун ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт
Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 15-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда көчмө жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көчмө жыйын учурунда Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорттун абалы, аны кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Учурда Кыргызстанда он бир аба майданы бар. Алардын жетөө учактарды кабыл алат. Читать дальше...