Чолпон-Атанын мэри болуп Талант Сарбагышев шайланды
Талант Сарбагышев Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Бүгүн, 19-октябрда өткөн шайлоодо анын талапкерлиги үчүн шаардык кеңештеги 20 депутаттын 12си добуш берди. Бир депутат шайлоого катышкан жок. Чолпон-Ата шаардык кеңешинде КСДП, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Табылга” жана “Республика” фракциялары бар. Сарбагышевдин талапкерлигин шаардык кеңештеги "Табылга" жана "Республика" фракциялары көрсөткөн. 42 жаштагы Талант Сарбагышев - кесиби боюнча милиция кызматкери. Ал Бишкек шаарындагы милиция мектебинде билим алган. Читать дальше...