UFC башчысы Хабиб Нурмагомедовдун болжолдуу үч атаандашын атады
Россиялык мушкер Конор Макгрегор менен реванш өткөрүшү да мүмкүндүгү айтылууда.
Россиялык мушкер Конор Макгрегор менен реванш өткөрүшү да мүмкүндүгү айтылууда.
Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жай аныкталып, андагы кыздарга кордук көрсөтүп мажбурлап иштетип жүргөн ээси кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы кабарлады. Табылган кыздардын арасынан үч кыз кожойкелеринен запкы көрүп, ырайымсыз кордукка кабылганын билдирип милицияга арыз жазды. Алар алгачкы тергөөгө берген көрсөтмөлөрүндө жашыруун жайды уюштурган аял кыздарды алдап алып келип, жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан сойкулукка мажбурлап келгенин айтышты. Читать дальше...
2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборуна 250гө жакын арыз-даттануу түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, 100дөн ашыгы кыйноо фактысы боюнча, калгандары башка укук бузууларга байланыштуу арыздангандар. Сулайманов ошондой эле бул сан жылдан жылга көбөйүп жатканын, кыйноонун көбү кылмышка шектүү катары кармалган адамдарга күнөөнү моюнга алдыруу максатында колдонуларын белгилейт. Бул кайрылуулардын... Читать дальше...
2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна 250гө жакын арыз-даттануу келип түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, 100дөн ашыгы кыйноо фактысы боюнча, калгандары башка укук бузууларга арыздангандар. Сулайманов ошондой эле бул сан жылдан жылга көбөйүп жатканын, кыйноолордун көбү кылмышка шектелип кармалган адамдардын күнөөсүн моюнга алдыруу максатында колдонуларын белгилейт. Бул кайрылуулардын... Читать дальше...
Беларуста бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталган 31 жаштагы Семен Бережной өлүм жазасына тартылды. Анын атылганы тууралуу кабарды жергиликтүү “Весна” укук коргоо борборуна таянып “Азаттыктын” белорус кызматы жазды. Ал эми аталган борбор маалыматты Бережнойдун туугандарынан тастыктаган. Айыптоодо айтылгандай, Семен Бережной “кара риелторлор” бандасына мүчө болгон. Алар тургундарды үйүн сатууга жана алмашууга макул кылып, андан кийин өздөрүн өлтүрүп жүрүшкөн. Айрымдарын тирүүлөй көмүп салышкан. Бережной жеке өзү алты адамды өлтүргөн... Читать дальше...
Кыргызстанда жыл башынан бери түнкүсүн ата-энеси же башка коштоочусу жок жүргөн 4475 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы кабарлады. Булардын ичинен 1240 бала түнү менен компьютердик клубдарда ойноп жүргөн жеринен кармалышкан. Алардын жарымынан көбү Бишкек шаарынан аныкталган. Жалпы кармалган балдардын 936сы ИИМдин профилактика борборунда тарбиялоодон өткөрүлсө, калгандары ата-энесинин колуна тапшырылган. Административдик жоопкерчилик... Читать дальше...
Кара-Сууда окуучулардын жапырт мушташы учурунда бычак сыяктуу миздүү нерседен жаракат алган окуучунун абалы турукташып калды. Бул тууралуу окуучу дарыланып жаткан Кара-Суу райондук ооруканасынын дарыгери Таир Календаров билдирди. Анын айтымында, окуучунун денесинде жети жерине бычактын мизи тийген. Кан көп кетип, эсин жоготкон бала дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин өзүнө келген. Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Кара-Суудагы мушташка байланыштуу 31 окуучу кармалып, суракка алынганын билдирген. Читать дальше...
Кара-Сууда окуучулардын жапырт мушташы учурунда бычак сыяктуу миздүү нерседен жаракат алган окуучунун абалы турукташып калды. Бул тууралуу окуучу дарыланып жаткан Кара-Суу райондук ооруканасынын дарыгери Таир Календаров билдирди. Анын айтымында, окуучунун денесинде жети жерине бычактын мизи тийген. Кан көп кетип, эсин жоготкон бала дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин эсине келген. Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Кара-Суудагы мушташка байланыштуу 31 окуучу кармалып, суракка алынганын билдирген. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын аскердик жетекчилиги Ооганстандын Газни шаарында жолдогу жардыруудан кеминде үч аскери каза болгонун кабарлады. 27-ноябрдагы кол салуу үчүн “Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды. АКШнын армиясы билдиргендей, колго жасалган заттын жарылуусунан дагы бир америкалык кызматкер жаракат алган. Башка маалымат кененирээк бериле элек. Жоготуулар АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы талибдер менен расмий тынтчык процессин баштаган учурга туш келди. Сентябрь айынын башында да Ооганстанда АКШнын аскери мерт болгон. Читать дальше...
Шаардын борбордук Эркиндик аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди. Жылдагыдан айырмаланып, бул жылы жасалма балаты коюлат. Бул идея жаратылышты коргоо, экологияга аяр мамиле жасоо жана бюджеттик каражатты үнөмдөө аракетинен улам келип чыкты. Балатынын оту 15-декабрда жандырылат. Быйыл Жаңы жылды майрамдоого карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом акча бөлүнгөн. Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууга жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүдө реалдуу иш алып баруучу финансылык колдоо институтун түзүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынында билдирди. Абылгазиев бул институт ишке кирсе "көптөгөн процесстердин катализатору жана тездетүүчүсү боло алмак" деди. Ал ошондой эле аталган биримдиктин алкагында Кыргызстан... Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууда жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүдө реалдуу иш алып баруучу финансылык колдоо институтун түзүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынында билдирди. Абылгазиев бул институт ишке кирсе "көптөгөн процесстердин катализатору жана тездетүүчүсү боло алмак" деди. Ал ошондой эле аталган биримдиктин... Читать дальше...