АКШ Ирандын жогорку лидери Хаменеиге каршы санкция киргизет
Америка Кошмо Штаттары Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы санкция киргизет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп тийиштүү буйрукка кол коёрдун алдында билдирди. Трамптын айтымында, санкциялар Ирандын агрессиялуу иш-аракеттерине, анын ичинде америкалык пилотсуз учактын атып түшүрүлүшүнө жооп болот. АКШнын ырасташынча, Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөн. Трамптын айтымында, санкциялар Хаменеинин жардамчыларына да киргизилет. Дональд Трамп АКШ Иран менен жаңжалды каалабай турганын айтты... Читать дальше...