COVID-19: Үмүт тартуулаган үч вакцина
COVID-19 илдетине каршы үч вакцина алгачкы сыноодо өзүн натыйжалуу жана коопсуз экенин көргөздү.
COVID-19 илдетине каршы үч вакцина алгачкы сыноодо өзүн натыйжалуу жана коопсуз экенин көргөздү.
Британиянын ички иштерине Орусиянын кийлигишкени тууралуу баяндама жарык көрдү.
Өзбекстандын баш калаасындагы "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери бийликке нааразы. Алар таарынычын 19-июлда президентке ачык кат аркылуу билдиришти.
Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 22-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик каттам уюштуруларын кабарлады. Атайын каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун тизмеси аркылуу жүргүзүлөт. Элчилик тарабынан тизмеге кирген жүргүнчүлөргө атайын резервация коду берилип, "Turkish Airlines" авиакомпаниясы бул кодго жараша жүргүнчүлөргө билет сатары кабарланды. 22-июлдагы чартердик каттам менен жүздөн ашуун кыргызстандык жаран башка чет өлкөлөрдөн Стамбул аркылуу Бишкекке кайта турганы маалым болду. Читать дальше...
Ош шаарында атасы 31, апасы 27 жаштагы үй-бүлөнүн үч айлык ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлдү. Милиция жана социалдык коргоо кызматы ата-энеси ичимдикке берилип кеткени үчүн ымыркайды "үйдө тарбиялоого болбойт" деген чечим чыгарган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, буга чейин үй-бүлөнүн тогуз жана төрт жашар балдары дагы ушундай эле себеп менен мамлекеттин камкордугуна алынган. Ош шаардык милициясы тийиштүү органдар менен балдарга камкордук... Читать дальше...
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалал-Абад Жаандын кесепетинен 20-июлдун кечинде Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагындагы кокту-колоттордо сел жүрүп, Саргата айылында 10 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мындан сырткары ушул эле айылдагы ички чарбалык жолду, көпүрөнү да суу каптады. Жол каттамы ачык, автоунаалар кыйынчылык менен өтүп жатканы айтылды. Баткен Баткенде пандемия учурунда жолдорду... Читать дальше...
"Азаттык" радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы эскерүү тизмесин өз алдынча түзүп жарыялады.
Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон офицер Талгат Аланов 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдады. Алардын айтымында, Талгат Аланов күтүүсүз жерден дартка чалдыгып, ооруканага жетпей көз жумган. Азырынча анын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. 2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп... Читать дальше...
Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык 91 курсант жана төрт адъютант атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. 18-июлда курсанттарды ташып келген каттам Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аракети менен ишке ашырылган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде абал турукташканга чейин билим алуу жана аттестациядан өткөрүү дистанциондук технологияларды колдонуу менен ишке ашат. Буга... Читать дальше...
21-июлда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө таанымал коомдук иштер Жыпар Жекшенин (26.5.1947—21.7.2020) тажиясы болду. Бийликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү чыгып сүйлөгөн чакан эскерүү жыйынынан соң жаназа окулуп, маркумдун сөөгү жерге берилди. Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер Жыпар Жекше 21-июлга караган түнкү сааттарда COVID-19 илдетине байланыштуу оорунун... Читать дальше...
Жаңыланган жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 7 күнгө, 1-августтан 7-августка чейин созулат. Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков 3-августта күрөшкө чыгышат.
21-июлга карата соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 42 адам каза тапты.
АКШ чечен лидери Рамзан Кадыровго карата санкцияларды кеңейтип, аялы менен кыздарын «кара тизмеге» киргизди.
Түркмөнстанда бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө жапты. "Азаттыктын" түркмөн кызматы, эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талабы коюлганын жазды. Ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калды, медициналык кызматкерлер оорудан көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышат. Өлкөдө темир жолдо каттам токтоду. Саламаттык сактоо тармагынын адистери жарандарга беткап кийүү керектигин эскертти. Читать дальше...
Мурдагы "Ганси" аба базасында ачылган 600 кишилик "Семетей" госпиталы толбой турат. Себеби, кээ бир бейтаптар ал жерден дарыланууну каалабай жатышыптыр. Буга чейин госпиталдагы шартка нааразы болуп, ал жердеги абалды видео тасмага тартып Интернетке жарыялаган адамдар көп болгон. Дарыгерлер госпитал андан бери алда канча жакшырганын айтып жатышат.
21-июлга карата маалыматка ылайык, Бишкектеги №2 төрөт үйүндө COVID-19 илдети аныкталган кош бойлуу 55 аял дарыланууда. Алардын ичинен 41 аялга пневмония диагнозу коюлган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бишкек шаарынын перинаталдык борборунун башкы дарыгери Жамиля Марипова коронавируска күмөн саналган жана аныкталган кош бойлуу аялдар №2 төрөт үйүндө кабыл алынып жатканын маалымдады. Март айынан бери №2 төрөт үйүнө 257 кош бойлуу аял кайрылган. Саламаттык сактоо министрлигинин... Читать дальше...
Тажикстанда бийлик апрель-май айларында, коронавирус пандемиясы маалында дары-дармек баасын негизсиз эселеп жогорулатканы үчүн жүздөгөн дарыканага административдик иш ачты. Бирок фрамацевтикалык компаниялар күнөөлүү эмес экенин, эпидемия маалында коронавируска каршы препараттардын дүң наркы жогорулап кеткенин айтып жатышат. Расмий Дүйшөмбү өлкөдө коронавирус бар экенин март айынын аягында гана ырастаган. Ошондон кийин эле дары-дамектин баасы эселеп өсүп кеткен. Тажик бийлиги дары-дармек ташыгандар жана дүңүнөн саткандар да жазалаганын... Читать дальше...
Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалды.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга барган ыктыярчылар көйгөйлөрдү ачык айтып чыккан дарыгерлер, ыктыярчылар, жарандык активисттер жана журналисттер кысымга кабылып жатканын айтышты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды. Жолугушууда ыктыярчылар илдет жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте жана кошумча төлөмдөр бериле электигин, аларды реабилитациялоону, дары ташып келүүдөгү салык, бажы көйгөйлөрүн жана жалпы эле саламаттык сактоо системасындагы кемчиликтерди санап беришти. Читать дальше...
21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар тобу менен жолугушуу өткөрдү.
COVID-19 илдетине каршы үч эксперименталдуу вакцина, анын ичинде Оксфорд университетинин окумуштуулары иштеп чыккан каражат алгачкы сыноолордо өзүн натыйжалуу жана коопсуз экенин көргөздү. Сөз болгон бир вакцинанын үстүнөн "AstraZeneca" деген швециялык-британиялык компания жана Оксфорд университетинин окумуштуулары иштешкен. "The Lancet" медициналык журналында жарык көргөн макаланын автору Эндрю Полларддын айтымында, каражат коронавирустун бул түрүнө иммунитетти пайда кыларын жана организмге олуттуу терс таасир этпей турганын көрсөттү. Читать дальше...
Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигин коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары-дармектеринин жана медициналык жабдуулардын тизмеси жаңыртылганын билдирди. Ага 56 дары-каражатынын жана 59 медициналык буюмдардын аталыштары кирди. Өкмөт башчы дары-дармектердин тартыштыгы жөнүндө айтып, айрымдары бир дарыканада болсо, экинчисинде жок болуп калып жатканына токтолду. Таңкыстыкты чечүү үчүн жакын арада дагы чет өлкөлөрдөн дары алынып келинерин кабарлады. ... Читать дальше...
Жаш илимпоз жана блог жазуучу Элмурат Кочкор уулу өмүр жана өлүм тууралуу дүйнөлүк ой мурастын үлгүлөрүнө кайрылат.
Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча чемпион болуп, алтын медаль тагынган.
Быйыл Кыргызстанда Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу муфтият 21-июлда кабарлады. Дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев "Азаттыкка" билдиргендей, айт намазын аянттарда окууга чектөө болобу же жокпу, үч-төрт күндө чечилет. 9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген. Орозо айт майрамы 24-майда белгиленген. Читать дальше...