Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2020

Новости за 23.07.2020

Azattyk.org 

Мурдагы элчи Кылычбек Султан 24-июлда дагы суракка барат

Мурдагы элчи Кылычбек Султан 23-июлда кечке жуук сурактан чыкканын, 24-июлда түшкө чейин жана кечке маал дагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) бара турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. “Тилекке каршы, сурактын маңызы тууралуу азырынча айтууга тыюу салынды. Бирок соңку күндөрү болуп жаткан тенденция аркылуу өзүңөр деле түшүнсөңөр болот”, - деди мурдагы элчи. Буга чейин Кылычбек Султан “Азаттык” радиосуна социалдык тармактарда бийликти сындап жазганы үчүн суракка чакырылып жатышы мүмкүн экенин айткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумгалда тургундар түндүк-түштүк жолунун сапатына нааразы болуп чогулушту

23-июлда Жумгал районунун Куйручук айылынын жанынан өткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапатына нааразы болуп жыйырмадан ашуун жергиликтүү жашоочулар чогулушту. Марат Оторбаев аттуу “Фейсбук” колдонуучу жайгаштырган видеодо тургундар саздак жердеги жол курулушунда тийиштүү технология колдонулбай жатканын айтууда.   “Жаштар көтөргөн маселени эң туура деп эсептейм. Бул жердин саздак экенин баарыбыз билебиз. Эч кандай технология колдонулган жок. Жолду туурасынан чоңойткондо болжолдуу 10 метрдей сазга кирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Лукашенко чет элдик журналисттерди өлкөдөн чыгарууга чакырды

Беларус президенти Александр Лукашенко чет элдик маалымат каражаттарын жана алар таандык болгон мамлекеттердин расмий адамдарын сындап, элди “майданга чыгууга чакырган” журналисттерди өлкөдөн чыгарууга үндөдү. Бул тууралуу "БелТА" мамлекеттик агенттиги кабарлады. 23-июлда Минскидеги жыйында сүйлөп жатып президент аткаминерлерди өз ишин жакшы аткарып, элге болуп жаткан окуяларды жакшырак түшүндүрүүгө чакырды. Лукашенко асыресе "Би-Би-Си", "Эркин Европа/Азаттык" радиосун жана Интернет сайттарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чаткалга салынчу мектеп, медайымдын өтүнүчү

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалал-Абад Чаткал районунун Кайын-Суу айылында 150 орундукка ылайыкталган эки кабаттуу мектептин курулушу башталды. Пайдубалын түптөөгө арналган иш-чара бүгүн, 23-июлда жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Райондун акими Жуманалы Накетаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, мектептин курулушу 54 миллион сомго бааланып жатат. Аны районду өнүктүрүү фонду каржылайт жана типтүү мектеп алдыдагы үч жыл аралыгында курулуп бүтөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт Токтогул суу сактагычында суу аз чогуларын божомолдоп жатат

Өкмөттүн божомолунда 2020-жылдын октябрь айына чейин Токтогул суу сактагычында 14,9 млрд. куб метр суу топтолот. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд. куб метрге аз. Бул тууралуу кышка даярдануу боюнча жыйында белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков быйыл суунун аз топтолгонуна көңүл бурду. Ал күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы болушу үчүн Токтогул суу сактагычындагы сууну рационалдуу пайдалануу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр абадан "химиялык зат чачылып жатат" деген маалыматтарды четке какты

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Интернетте тарап жаткан ар кандай фейк кабарларга ишенбөөгө элди чакырды. Бейшенов 23-июлдагы онлайн брифингде социалдык тармактардагы “өлкөдө тик учактар химиялык уулуу заттарды чачып жүрөт” деген маалыматтарга түшүндүрмө берди. “Мен социалдык тармактардагы “кичинекей тик учактар ар кандай химиялык каражаттарды чачып же санитардык иштерди кылып жатат” деген маалыматтарга токтолуп кетейин. Мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырам. Кыргызстанда бир дагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сузактагы эски жатакана ооруканага айланат

Сузакта ашар ыкмасы менен жугуштуу оорулар үчүн бейтапкана ачуу демилгеси ишке ашууда. Ага ылайык 304 орундуу эски имаратты капиталдык оңдоо иштери башталды. Жалпы коомчулук колдоосуна алынган кесиптик лицейдин жатаканасын райондук штаб ооруканага айландыруу боюнча чечим кабыл алган. 21-июлда бул багытта марафон да уюштурулду. Район жетекчилиги демөөрчүлөрдү оорукананын курулушуна салым кошууга чакырууда.

Azattyk.org 

Экс-элчи УКМКга суракка чакырылды

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакырылды.

Azattyk.org 

БШК административдик соттун КСДП боюнча чечимине каршы Жогорку сотко даттанды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын пайдасына карата чыгарган Бишкек административдик сотунун чечими боюнча Жогорку сотко арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди. Ал белгилегендей, шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий жарыштын алдындагы соттук талашуулар боюнча даттануу дароо эң жогорку инстанцияга жөнөтүлүшү керек. БШКнын кийинки кадамы Жогорку соттун чечимине жараша кабыл алынат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Новосибирск шаарынан Бишкекке 208 мигрант кайтып келди

«Сибирь» (S7) компаниясынын «Новосибирск–Бишкек» авикаттамы менен Орусиядан Кыргызстанга 208 мигрант учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Чартердик учакта кош бойлуу жана балалуу аялдар, кары-картаңдар, оорулуулар, жакындарын жоготкондор, студенттер жана депортация болгон жарандар келди. Алар - Орусиянын Новосибирск шаарынан сырткары Забайкальеде, Ыраакы Чыгышта (Дальний Восток), Алтай Республикасында, Кемерово жана Сахалин облустарында иштеп, жашаган кыргыз мигранттары. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бейшенов: Эл аралык авиакаттамдарга уруксат маселесин штаб чечет

Кыргызстан эл аралык авиакаттамдарды регулярдуу негизде качан уланта баштары белгисиз. 23-июлда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, бул маселени Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечет. Министрдин айтымында, авиакаттамдар токтогондон бери чартердик, гуманитардык жана жүк ташуучу рейстер гана аткарылып жатат. 20-марттан 22-июлга чейин жалпысынан 113 чартердик рейс менен 18 миң жүргүнчү ташылды. Жалпысынан коронавирус... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы: Кимсановдун сабалышына жол берген абактын кызматкерлери жоопко тартылыш керек

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №50 тергөө абагында жаткан Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча иликтөө жүргүздү. Кимсанов бул жакка которулуп келгенге чейин, №1 тергөө абагында сабалганы тууралуу Акыйкатчы менен жеке жолугушууда даттанган. Кимсанов өзү абактын кызматкерлери тепкилешкенин билдирсе, ЖАМКтын өкүлдөрү түрмөдөгү соттолуучулар сабаганын адвокат Назгүл Сүйүнбаевага айтышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Германияда концлагерде иштеген 93 жаштагы киши соттолду

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында нацисттердин концлагеринде кайтаруучу болуп иштеген 93 жаштагы Бруно Дейге адам өлтүрүүгө катышканы үчүн айып тагылып, эки жылга шарттуу кесилди. Гамбург шаарынын соту 9 айга созулган процесстен кийин бейшембиде ушундай өкүм чыгарды. Дей Польшанын Данциг же азыркы Гданьск шаарынын жанындагы Штуттхоф гарнизонунда ССтин курамында кызмат өтөгөнүн моюнга алган. Ага 5 миң 232 эпизод боюнча айып тагылды. Дал ушунча адам 1944-45-жылдары Штуттхоф лагеринде кырылган. Азыр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаштар өзгөрүүлөрдүн башаты болсо...

Азыркы коронавирус дарты көптөгөн көнүмүштөрдү кайра кароого, көз караштарды өзгөртүүгө, күнүмдүк турмуш-тиричиликти да башкача уюштурууга, керек болсо кесипти алмаштырууга түртүп жатат. Биздин жаштардын ар кыл чөйрөсүндөгү көз караштар кандай? Ушул тууралуу пикиримди айтайын дедим. Жаштарыбыздын көңүл чөктүргөн да, алдыга ишеним жаратып үмүттөндүргөн да жактары арбын. Жазгы карантин аяктап калган убак болчу. Өкмөт мекеме-ишканаларга, тейлөө кызматтарына, чоң соода борборлорго дагы бир топ жайлардын иштөөсүнө уруксат берип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайдын Хьюстондогу консулдугун жабуу тууралуу буйрук чыңалууну курчутту

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын дагы башка консулдуктарын жабууга "буйрук бериши мүмкүн" экенин билдирди. 22-июлда Мамлекеттик департамент Кытайдын Хьюстондогу консулдугун жабууга 72 саат мөөнөт берген. Жана бул чараны америкалык интеллектуалдык менчикти, жеке маалыматтарды «коргоо» зарылдыгы менен түшүндүргөн. Анын алдында кытайлык эки жаранга киберчабуул коюу менен коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн жүрүп жаткан изилдөөлөрдү уурдоого аракет көрүшкөн деген айып тагылган. Бээжин Вашингтондун кадамын айыптап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы: Күндүзгү стационарга кайрылгандар азая баштады

Бишкекте ооруканадан тышкары ачылган стационарларга кайрылгандар азая баштады. Бул тууралуу 23-июлда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бир апта мурда күндүзгү стационарларга бир суткада 4,5 миң адам кайрылган, ал эми 22-июлда 2,9 миң адамга жардам көрсөтүлдү. Түнкү стационарларга 23-июлга караган түнү 581 адам кайрылды жана бул, мэрия билдиргендей, ага чейинки көрсөткүчтөн бир аз төмөнүрөөк: “Тилекке жараша, соңку күндөрү стационарларда абал тынч. Медиктер уюшкандыкта иштеп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент: Бардык аймактарда комплекстүү ооруканалар курулат

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапарынын алкагында 23-июлда Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчы анда медициналык кызматкерлер менен жолугуп, дары-дармектерди жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн билдирди. «Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Базар заманындагы сөз куну

Башкача нукта уюштурулуп, жарым жыл бою авторлор жана окурмандар журтунун көңүл борборунда болуп келген адабий жарыш жөнүндө сөз кылалы. Сөзүбүз кандай жаӊырат? Сөзүбүз кандай жаңырат – Күн мурунтан билбейбиз. Дилгирликтен үмүттөнүп Дирилдеген үндөйбүз. Федор Тютчев, орус акыны. Балдар адабияты, балдардын дилбаяндары боюнча, 35 жашка чейинки авторлор арасында, бардык эле каалоочулар үчүн, ошондой эле котормочуларга да түрдүү жарыштарды уюштуруп келген “РухЭш” сайты бул ирет күтүүсүз жүрүш жасады. Читать дальше...


Два адвоката задержаны за посредничество во взятке в Нижнем Новгороде

Серию обучающих семинаров для трудовых мигрантов запустили в Подмосковье

Книжные фестивали и документалки: куда пойти с 7 по 9 июня

Совместный прием предпринимателей прошел в Балашихе



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Фестиваль «Голоса Победы» пройдет в Москве с 8 по 12 июня

Лето, отпуск, вечерины: обзор главных музновинок недели + бонус

Совместный прием предпринимателей прошел в Балашихе

Бизнес и дружба с регионами. Москва заключила ряд договоренностей на ПМЭФ

Музыкальные новости

Погружение в современное российское искусство – стартовал 3-ий фестиваль «Территория. Красноярск»

Чемпионат по спортивному сбору мусора пройдет в Лагерном саду Томска

Финал областной школьной Олимпиады по шахматам состоялся в Опочке

Путин назвал отношения с Африкой одним из приоритетных направлений для РФ

Новости России

Совместный прием предпринимателей прошел в Балашихе

Книжные фестивали и документалки: куда пойти с 7 по 9 июня

В ООН заявили о необходимости возобновления диалога между ядерными державами

На кадастровый учет поставлены два новых дома в ЖК «Катуар» Подмосковья

Экология в России и мире

Как избежать больших проблем при одиночном путешествии: туристкам дали важные советы по безопасности

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

С чем носить юбку этим летом: примеры стильных образов

Россияне решили этим летом меньше отдыхать на курортах

Спорт в России и мире

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Джокович снялся с Открытого чемпионата Франции по теннису

Мирра Андреева впервые вышла в четвертьфинал турнира Большого шлема

Moscow.media

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи

Игровое кресло Bloody GC-670 настроено на победу

Такси в 7 раз чаще попадает в ДТП, чем обычные автомобилисты — изучаем аварийность на дорогах

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *