Кадамжайда сел алты көпүрөнү жууп кетти
Бүгүн, 26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө Охна сел өтүүчү сайындагы бир нече күн мурун, 24-июлда калыбына келтирилген алты көпүрөнү бузуп кетти. Азырынча селден адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. ӨКМ кошумча кабар берерин билдирүүдө. Жергиликтүү элдин маалымдашынча селден эгин талаалары жабыркаган. Читать дальше...