Пакистанда эмдөөнүн экинчи этабы башталды
Пакистан коронавирустан эмдөөнүн экинчи айлампасын баштады. Эми вакцина калың элге сайылып, артыкчылык 60 жаштан ашкандарга берилмекчи. 220 миллион калктуу өлкөдө эмделүүнү каалабагандар, жада калса мындайлар медкызматкерлер арасында да көп катталууда. Өткөн аптада чыккан сурамжылоого караганда, саламаттык сактоо системасында иштегендердин дээрлик жарымы кытайлык "Sinopharm" вакцинасына көп ишене беришпейт. Азырынча Пакистанда ушул гана вакцина сайылууда. Жергиликтүү бийликтерге өткөн айда анын 504 жарым миңдей дозасы таратылган. Читать дальше...