Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2021

Новости за 17.05.2021

Azattyk.org 

Кыргызстан «Кумтөрдү» убактылуу башкарат

Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштетмей болду. Бул тууралуу Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын сунушун Жогорку Кеңеш колдоп, Министрлер кабинетине «Кумтөр Голдго» убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана анын жетекчисин дайындоо сунушун берди. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат. Кыргызстан "Кумтөрдү" кантип иштетет? Кыргызстандагы эң ири алтын кени, ар бир бийликтин баш оорусуна айланып коррупциялык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте жаш пианисттер арасында сынак жарыяланды

Кыргызстанда жаш пианисттер арасында республикалык “Жаңы муун” деп аталган сынак жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Музыкалык сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки курактагы пианисттер катыша алат. Сурап билүү телефону – 0550435524. Сынак 4-9-июнь күндөрү Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында өтөт. Байге фонду 225 миң сом жана эки фортепиано сыйлык катары берилет. Иш-чараны Маданият министрлиги, Кыргыз Улуттук консерваториясы, Sound.kg компаниясы жана «Классика» фонду өткөрүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бөрүбаев: Дүйшөмбүдө Лейлек менен чектешкен аймактарды сүйлөштүк

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кол коюлган протоколдо Лейлек району чектешкен аймактарды тактоо камтылганын “Азаттыкка” маалымдады. “Чек араны тактоо жөнүндө сүйлөшүү негизинен Лейлек району боюнча болду. Кийинки жолугушуу биз тарапта болот. Азыр топографиялык жумушчу топтор жолугуп, чек араны тактап жатабыз”. Жолугушуу 13-майдан 17-майга чейин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн. Жыйынтыгында протоколго кол коюлганы айтылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил жоочулардын кол башчысы жок кылынганын билдирди

Аба соккуларынын жыйынтыгында Газада ХАМАС пайдаланган туннель кыйратылып, палестин согушкерлеринин бир башчысы өлгөнү кабарланды. Буга карата Палестина израил шаарларын ракеталык аткылоону күчөтүп, АКШ кырдаалдын кескин курчушуна тынчсыздануусун билдирди. Израилдин аскер күчтөрү 17-майдын таңында аскер учактары Газа тилкесине бир нече аба соккуларын уруп, анын натыйжасында узундугу 15 чакырым турган туннелди талкалап, ХАМАСтын тогуз кол башчысы турган үйлөр кыйраганы белгиленди. Аба соккуларынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Израилге жогорку тактыктагы курал сатууну колдоду

АКШ жалпы наркы 735 млн. доллар турган жогорку тактыктагы курал-жарак сатууну колдогонун "The Washington Post" басылмасы ишенимдүү булагына таянып жазып чыкты. Гезиттин маалымат булагы президент Жо Байдендин администрациясы Конгресске бул тууралуу 5-майда кабар бергенин айтып берген. Ошол эле кезде "The Washington Post" басылмасы Конгресстеги кээ бир демократтар Израилге курал сатуу Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды дагы курчутуп жиберишине тынчсызданганын белгилейт. Гезит Израил учурда жогорку тактыктагы куралга ээ экенин жазып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Суваналиев: Чек араны тез чечпесе жаңжал күчөйт

Кыргыз-тажик элдеринин ортосунда антогонисттик маанай күчтүү. Буга 30 жылдык кайдыгерлик себепкер. Мындай пикирин өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев “Азаттыктагы” маегинде билдирип, өзүнүн кызматтан четтетилиши тууралуу да пикирин айтты.

Azattyk.org 

Мамлекет менен "Раритеттин" имарат талашы

"Раритет" китеп дүкөнүнүн аянты аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлк фонду аукционду июнь айына белгилеген. "Раритеттин" Ала-Тоо аянтындагы дүкөнү мамлекеттик имараттын ичинде жайгашкан.

Azattyk.org 

Токтогулда 9,7 миллиард куб метр суу топтолду

17-майга карата Токтогул суу сактагычында 9,7 миллиард куб метр суу бар. Быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2020-жылы -12,1 млрд.) 2,4 миллиард куб метр суу аз топтолду. 2021-жылы апрель айында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,5 миллиард куб метрге чейин түшүп кеткен. Энергетика жана өнөр жай министрлиги электрди пайдалануу азыркыдай шартта улана берсе, келерки жылдары суу 5-6 млрд. куб метрге чейин азаярын маалымдаган. Мындан улам Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан "Кумтөрдү" башкарууну убактылуу колуна алды

Жогорку Кеңеш “Кумтөр голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө токтомду колдоду. Баткенде чек арада кайрадан келишпестик чыкты. Казакстанда Нурсултан Назарбаев тууралуу сатиралык пост жазган блогер жоопко тартылышы ыктымал.

Azattyk.org 

Садыр Жапаров менен Никол Пашинян кыргыз-армян алакасын талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жапаров жана Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) менен Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Армения ЖККУ менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр. Армениянын өкмөтү 14-майда Азербайжан... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШнын мамкатчысы Түндүк Европа сапарын баштады

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түндүк Европа өлкөлөрүнө сапардын алкагында жекшембиде Копенгагенге барды. Америкалык башкы дипломат Рейкьявикте жана Гренландияда да болуп, 19-20-май күндөрү Арктика кеңешинин жыйынына катышмакчы. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент билдирди. Жыйында Блинкен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Эки башкы дипломаттын президент Жо Байден кызматка кирешкенден берки алгачкы кездешүүсүндө тараптардын орток кызыкчылыгына кирген маселелердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Навальныйдын уюмдарына каршы алты том

Орусияда абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түптөгөн үч уюмду «экстремисттик» деп таануу боюнча сот иши дагы бир айга жылды. 17-майда Москва соту оппозициячыл Алексей Навальный негиздеген үч уюмду «экстремисттик» деп таануу боюнча ишти карап, кошумча «жашыруун сакталчу алты том материал» пайда болду деген жүйө менен сот ишин 9-июнга калтырды. «Фондго каршы материалдардын жашыруун эмес бөлүгү фондго такыр тиешеси жок, ар кандай окуялардын аралашмасынан турат. Прокуратуранын дооматы суу кечпейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү колдоду

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Ошону менен катар парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты. "Кумтөр Голдго" тышкы башкаруу киргизүүнү ошол комиссия сунуш кылган. "«Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Германия «Түндүк агымы-2» курулушуна уруксат берди

Германиянын гидрография жана кемечилик боюнча федералдык мекемеси «Түндүк агымы-2» газ куурунун курулушун Германиянын экономикалык аймагында гана улантууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды. Газ куурунун курулушу экологдордун доо арызынын негизинде быйыл май айынын башында токтотулган болчу. Экологдор беш деңиз коругу аркылуу өтө турган мунай кууру Балтика деңизине жана анын айланасына зыянын тийгизерин айтып чыгышкан. Федералдык мекеме текшерүү жүргүзүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алтынбек Сулайманов: “Кумтөрдү” жаап, биз да, алар да иштетпешибиз керек

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кумтөр” ишканасын жаап, алтын казып алууну токтотуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты. Депутат Кумтөрдү иштетүүдөн Кыргызстан пайда көрбөгөнүн, өкмөт соттошсо айласыздан сүйлөшүүгө барарын, кенди өз алдынча иштетсе жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келген топтор пайда болорун, экология талкаланарын айтып, инновация, билим жолун тандаса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ак-Сайдын айрым тургундары обладминистрация алдына чогулду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасы жайгашкан Ак-Сай айылынын бир нече тургуну бүгүн, 17-майда түштөн кийин Баткен шаарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдына чогулушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова кабарлады. "Бүгүнкү окуядан чочуп калган бир нече аял администрация имаратынын алдына чогулуп, кооптонуусун айтып жатышат. Алар менен облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө". Читать дальше...

Azattyk.org 

Сокулукта өгөй кызын зордуктоого шек саналган жаран кармалды

Сокулук районунда 35 жаштагы  жаран 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шек саналып милициянын убактылуу тергөө жайына кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова маалымдады. Ага ылайык, 15-майда 40 жаштагы аял 2012-жылдан бери чогуу жашаган 35 жаштагы түгөйүнө каршы арыз менен кайрылган.  Анда биринчи никесинен 2006-жылы төрөлгөн өспүрүм кызын зордуктаганын билдирген. Окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды. Соттук медициналык экспертиза дайындалып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Назарбаев тууралуу сатиралык пост үчүн блогер жоопко тартылышы мүмкүн

Алматы шаарында 15-майда Темирлан Енсебектин үйүнө полиция келип, тинтип, анын телефонун, ноутбугун, компьютерин конфискациялаган. Эми андагы маалыматтар тергөөдө Темирлан Енсебекке каршы “жалган маалымат таратуу” ишине далил катары колдонулушу мүмкүн. Тергөөчүлөр Темирлан Енсебектин "Инстаграмдагы" Qaznews24 баракчасындагы сатиралык постун «жалган маалымат» деп эсептешет. Бир постунда блогер Казакстандын дин иштери боюнча башкармалыгына “Нурсултан Назарбаевге Кудай макамын ыйгарып, аны Конституцияга киргизүүнү” сунуш кылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: топографиялык жумушчу топтор Дүйшөмбүдө жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, жолугушуу 13-майдан 17-майга чейин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өттү. Жыйынтыгында бүгүн, 17-майда тийиштүү Протоколго кол коюлду. Протоколдун мазмуну тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымат бере элек, бирок жолугушуу "жемиштүү" өткөнүн жазды. Кезектеги сүйлөшүүлөр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров: Кумтөр боюнча жоопкерчилик президент менен өкмөттө

Кыргызстан Кумтөр боюнча соттошууларда утулуп калса жоопкерчилик президентте жана министрлер кабинетинде болот. Бул тууралуу 17-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын отчету парламенттин кезексиз жыйынында талкууланып жатканда комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди: Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Жоопкерчилик кимде болот? Ким жооп берет? Комиссия, парламент, өкмөт, президент же баарыбызбы? Тескери кетип калышы мүмкүн да” деген суроосуна жооп берип жатып Жапаров... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттын уулу дагы бир адамды сүзүп кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун буга чейин үч кишинин өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына себепкер уулу Азамат Бишкекте дагы бир адамды сүзүп кеткени белгилүү болду. Жараат алган кыз ооруканага түшкөн. Милиция Азамат Өмүркулов рулдукызуу болуп башкарып жүргөнүн билдирди.

Azattyk.org 

Орусия: ата-энесиз калган кыргызстандык балдар мекенине келди

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 17-майда Орусиянын борбору Москва шаарынан ата-энесиз калган эки жашка чейинки беш баланы Бишкекке алып келди. Балдарды кайтаруу иши Орусиядагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарымдуу элчилигинин көмөгү менен уюштурулду. Мекенине кайткан наристелер Бишкектеги балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Аталган министрлик эми аларды үй-бүлөөсүнө кайтаруу максатында жакын туугандарын издеп баштайт. Ушул жылдын башынан  бери Орусиядан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: кулагынан майып болгон беш жашар кызга күбөлүк берилди

Мамлекеттик каттоо кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында ок атышуулардан кулагынын угуусу начарлап кеткен Лейлек районунун Интернациональ айылынын беш жаштагы тургуну Айжаз Мурзаевага туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырды.  Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 29-апрелде Айжаз көчөдө ойноп жүргөн жеринен атышуу башталып, ата-энеси менен кошо Сүлүктүгө качкан. Үй-бүлөөнүн  тек-жайы тууралуу документтери коогада өрттөнүп кеткен. Айжаз апасы Жаңыл Мурзаева менен... Читать дальше...


Вам небезразлична инфраструктура российских дорог? Вы можете повлиять на ее развитие

Рыбак Вороков победил в фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

Московские прогулки, ч.23

Врио губернатора Кузбасса Илья Середюк записал поздравление с Днем защиты детей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Экстренное предупреждение из-за надвигающейся грозы объявили в Москве

Пресса США: Западные перевозчики из-за атак йеменских повстанцев задумались об

Юрист рассказал, как добиться компенсации за потопленный в дождь автомобиль

Интересные снимки интересных людей. Обалденно!

Музыкальные новости

Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

Путин назвал безобразием изъятие детей из-за неработающей печки под Красноярском

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей

Выставка «Кремли России — взгляд художника» открылась в Нижегородском кремле

Новости России

Московские прогулки, ч.23

В Москве похоронили Анастасию Заворотнюк

"Большая ядерная дубинка Москвы". Как на Западе оценивают постановку комплекса РС-28 "Сармат" на боевое дежурство в 2023 году

Рыбак Вороков победил в фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

Экология в России и мире

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Раскрыт секрет, как и где отдохнуть в России летом за 11 тыс. рублей

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Спорт в России и мире

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Теннисистка Петрова: Хачанов совершил недопустимую ошибку на "Ролан Гаррос"

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции

Moscow.media

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

РОССИЮ ОЖИДАЕТ ПЛЮС 50 ГРАДУСОВ: КАКИМ ГОРОДАМ ЖДАТЬ АНОМАЛЬНУЮ ЖАРУ

Военные следователи продолжают оказывать гуманитарную помощь военнослужащим, находящимся в полевых госпиталях

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *