Тажикстандагы база: "Бээжинди өз коопсуздугу ойлондурат"
Тажикстан Кытайдын каржылоосу менен аскердик база курууну жактырганын шардана кылуу менен талибдерге Бээжиндин колдоосуна ээ болгонун көргөзгүсү келгендей. Ал эми тажик-ооган чек арасындагы стабилдүүлүк Орусиянын да кызыкчылыгына төп келет. Аймак боюнча эксперт Франциско Олмос ойлору менен бөлүштү.