Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Ноябрь
2021

Новости за 21.11.2021

Azattyk.org 

Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейт

Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Ошол эле учурда тигүү тармагына болжол менен 20-40 миңдей тикмечи кыз-келиндер зарыл болуп турат. Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Алардын 46% кыз-келиндер. Анткен менен өлкөдөгү бир топ тармактарда квалификацияланган жумушчулар жетишпей жатат. Ал арада тигүү тармагындагы өнүм коронавирус пандемиясынан кийин төмөндөдү.  2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 11% түштү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сузакта мал уурулук күч алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал уурулук быйыл күчөдү деген арыз-даттануулар көбөйдү. Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Гүлистан айылынын тургуну Рано Кундузбаева 14-ноябрда таңкы саат 4төр чамасында короосундагы төрт уюн уурдатып жиберген. Ал милиция издеп жатканы менен уурдалган мал табылбай жатканын айтууда. "Түнү эшикке чыкканда уйлар байланып турган. Кайра таңкы 4төр чамасында эшикке чыксам жок. Байланып турган жиптерин кыркып, төртөөнү тен алып кетиптир. Милиция келип окуя боюнча маалымат алып издеп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин дипломуна байланыштуу иликтөө жүрүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиев жасалма диплом алган деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) анын үстүнөн Жазык кодексинин "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында атайын кызматтын тергөөчүсү билдирди. Маалыматка караганда, ал колдонуп жүргөн диплом Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан анын бир тууганы Кыялбек Сатыбалдиевдин атына берилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саакашвили АКШны грузин бийлигине санкция киргизүүгө чакырды

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Жо Байдендин администрациясына ачык кат жолдоп, Ак үйдү грузин бийлигинин соңку аракеттерин айыптоого жана Грузиянын демократиядан чегинүүсүн токтотуу үчүн Тбилисиге басым жасоого чакырды. Михаил Саакашвили ушул жылдын октябрынан бери Грузияда Рустави шаарындагы абакта камакта отурат. Мындан бир күн мурун ал 50 күндөн бери абакта ачкачылык кармоо акциясын токтотконун жарыялады. Саакашвилинин кайрылуу каты америкалык Politico басылмасына жарыяланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акын Зулайка Мурзатаева көз жумду

Акын Зулайка Мурзатаева 70 жашында оорудан көз жумду. Бул тууралуу анын санаалаштары кабарлашты. Ал буга чейин кант диабетинен жабыркап келген.  Токтогулда жашап, агартуу жаатында эмгектенчү. Зулайка Мурзатаева Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 1951-жылы туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кыргыз тили, адабият мугалими, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келген. Мурзатаеванын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үгүт маалында диний маселени козгогон талапкерлерге айыппул салынды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Шайлообек Атазов менен Төлөнбай Нурбаевге 7500 сом айыппул салынды. Ушундай эле чечим Социал-демократтар партиясынын лидерлеринен бири Темирлан Султанбековго карата да чыгарылды. Алар үгүт маалында диний маселени козгоп, мыйзам эрежелерин бузганы айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул маселени 21-ноябрда карады. Жумушчу топтун маалыматына караганда, Атазов менен Нурбаев 16-ноябрда шайлоочулар менен жолуккан учурда "мектепке жоолук салынууга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шайлоо-2021: талапкерлер "Фейсбуктагы" жарнамага 28 миң доллардай сарптады

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу топтору "Фейсбуктагы" саясий жарнамага мониторинг жасоодо. Ага ылайык, саясатчылар жана талапкерлер 2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин Facebook китепканасында жалпы суммасы 27 миң 917 долларлык саясий жарнама жайгаштырылган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Саясий жарнактын мониторинги жана социалдык тармактардын жарнак китепканасында отчеттордун жарыяланышы Кыргызстандын БШКсы менен "Фейсбуктун" ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Варшава: миграциялык кризис Европаны туруксуз кылууга багытталган

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки белорус-поляк чек арасындагы миграциялык кризисти “кансыз согуштан берки Европаны туруксуздаштырууга багытталган эң ири аракет” деп атады. 21-ноябрда Моравецки беларус лидери Александр Лукашенко Евробиримдикке каршы “гибриддик согушту” баштаганын Twitter баракчасына жазды. Ошол эле күнү поляк бийлиги беларус тараптан 100гө жакын "өтө агрессивдүү" мигранттар тобу чек араны кесип өтүүгө аракет жасаганын билдирди. Польшанын коргоо министри Мариуш Блащактын 20-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

ХАМАС мүчөсүнүн кол салуусунан бир киши өлүп, экөө жаракат алды

Иерусалимде палестиналык ХАМАС радикал тобунун мүчөсүнүн кол салуусунан бир израилдик каза болуп, үчөө жаракат алды. Кол салган киши жөөттөр да, мусулмандар да ыйык деп эсептеген Храм тоосунан алыс эмес Эски шаардын аймагында ок чыгарды. Анын натыйжасында эки израилдик оор жаракат алып, алардын бири кийин каза болгон. Израил тараптан башка эки полициячы да жарадар болду. Ок аткан кишини окуя болгон маалда полиция кызматкери атып өлтүрдү. ХАМАС уюму кол салган адам Чыгыш Иерусалимдин тургуну экенин ырастап... Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК беш талапкерди партиялардын тизмесинен чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы беш кишини Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесинен өздөрү жазган арыздын негизинде чыгарды. БШК буга байланыштуу маселени бүгүн, 21-ноябрда карады. Ага ылайык, талапкерлер Элмира Урмамбетова "Жашылдар", Абдыкадыр Султанбаев "Мекенчил эл", Гүлнара Султанбаева "Аруузат", Бакытбек Байбек уулу "Багыт", Чынара Мамажакыпова "Ыйман Нуру" партиясынын тизмесинен чыгарылды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шайлоо-2021: Талапкер Медеткан Шеримкуловго айыппул салынды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Азаттык" партиясынан талапкерлигин койгон Медеткан Шеримкуловго 7500 сом айыппул салынды. Ал Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко катышкан видеону "Фейсбукка" чыгарып, мыйзам бузганы айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун маалыматына караганда, видео 16-20-ноябрь күндөрү Шеримкуловдун баракчасында турган. «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина Орусиянын ыктымал кол салуусу тууралуу маалымат таратты

Орусия эмдиги жылы январь же февралда Украинага каршы согуш аракеттерин башташы күтүлөт. Бул тууралуу Украинанын коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов Military Times басылмасына курган маегинде билдирди. Будановдун айтымында, азыр Орусия Украина менен чектеш аймактарына 92 миңден ашуун аскер жайгаштырды. Анын сөзүнө караганда, кышкы суукта кол салуу тобокелчилиги жогору. Анткени ал чыкыроон аяз орусиялык жана украиналык аскерлер үчүн маселе жаратпайт деп эсептейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Орусияда вирустан өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти

21-ноябрга карата Орусияда коронавирус жуктуруп алган 1252 киши каза болду. Бул өлкөдө төртүнчү күн катары менен вирустан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жеткени кабарлады. Орусиянын статистикасына Москва аннексиялап алган Украинанын Крым аймагындагы учурлар дагы кошулган. 21-ноябрда Орусияда дагы инфекцияны жугузуп алган 36 миң 970 жаңы учур катталган. Белгилүү адабиятчы, жазуучу жана активист Мариэтта Чудакова 21-ноябрда Москвадагы Коммунарка инфекциялык ооруканасында COVID-19дан көз жумду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан альтернативдүү энергетика үчүн инвестор издеп жатат

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жогорку эффективдүү күн монокристаллдык элементтерин жана модулдарын өндүрүү үчүн инвесторлорду издеп жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, алар учурда альтернативдик энергия булактарына өтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат. "Энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды эске алуу менен Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик жана чет элдик компанияларды фотоэлектр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эмгегинин азабын тарткан, башкалар пайдасын көргөн Бектенов

Кыргыз коомчулугу ушу тапта Көл кылаасынан чыккан улуттук залкарлардын бири агартуучу, үлкөн илимпоз, котормочу, чечен,  негизи жакшы адам, мыкты устат Зияш Бектеновдун кылымдан он жыл ашкан мааракесин белгилеп жатат. Зияш агайдын өмүр жолу өтө эле оор, татаал болду, чыгармачылык жагына келгенде табият ага берешендик менен берген илимий потенциалынын толук ачылбай калышын ушу азыр өкүнүч менен белгилейбиз. Чыгармачылык иш менен алпурушчу жаштык кезинин төрт жыл ашуунун аскердик турмушка калтырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Центерра" Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган. "Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, "Кумтөр" мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз "Кумтөр" кенин мыйзамсыз басып алгандыгы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Болгарияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат

Сурамжылоолорго караганда, президенттик шайлоонун экинчи турунда талапкерлердин арасынан азыркы президент Румен Радев алдыга чыгышы мүмкүн. Ал шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын дээрлик жарымын алган. Анын атаандашы - Совия университетинин ректору Анастас Герджиков. Өткөн шайлоодо ал добуштардын 23% ээ болгон. Бул жолу шайоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкер жеңишке жетишет. Серепчилердин айтымында, 58 жаштагы Радаевдин жеңүү мүмкүнчүлүгү бар болгону менен өткөн аптадагы шайлоодо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тергөө менен кызматташуу эрежеси жоюлган норма 2-декабрдан тартып күчүнө кирет

Кыргызстанда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тергөө менен кызматташуу эрежеси алынган норма 2-декабрдан тартып күчүнө кирет. Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамында бул эреже алынганын, себеби адам укугу жогору турарын белгилеген. "Себеби, кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бирөөсү кызматташууга макул болуп кылмыш жөнүндө маалымат берсе, адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар. 2019-жылдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилди

Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстанда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган тынчтык жүрүшүндө айтылды.

Azattyk.org 

Казакстандын батышында малдын шарп ылаңы катталды

Актөбө облусунун Алга районуна караштуу Бестамак айылында шарп ылаңы катталды. "Ылаңдуу мал жем-чөп жей албай, эки күндө арыктап кетет. Кээ бири талаадан оозунан шилекейи куюлуп ооруп келишти. Бекер өлүп калбасын деп малды этке тапшырдык, күйөөм мал доктур. Калган малды бөлүп, ооругандарын антибиотиктер менен дарылап жатышат", - дейт Бестамак айылынын тургуну Салтанат Нургалиева. Алга районунун борборунда ветеринардык лаборатория жок экенин Бестамактын дагы бир жашоочусу айткан. Ошондуктан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда жол кырсыгы күн сайын кеминде үч кишинин өмүрүн алат

Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстанда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган тынчтык жүрүшүндө айтылды. Жыл башынан бери жол кырсыктардан 8 миңдей киши ар кандай жараат алган. Алардын 1,5 миңи жаш балдар. Жалпысынан 600гө жакын киши жолдогу кырсыктарда каза болсо, алардын 80и балдар. Акциянын катышуучулары айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө кайрылып, эрежелерди сактоого чакырышты. Ошондой эле "Мас айдоочу - кылмышкер!"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Активисттер жол кырсыгында каза болгондорду эскерип жатышат

Кыргызстанда 21-ноябрда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өтүп жатат. Бул жолку акция "Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз өткөөлү" деген кампаниянын алдында өтүүдө. Өзгөчө балдардын коопсуздугуна көңүл бурулуп жатканын акцияга катышкандардын бири, ыктыярчы Дилбар Сыдыкова билдирди. "Биз айдоочуларды жолго көңүл бурууга, жөө жүргүнчү өтө турган өткөөлдөргө, жол чырактарга көңүл бурууга, ылдамдыкты көтөрбөөгө чакырат элек. Бул чоң шаарларга эле эмес, чакан шаар, айылдарда жүргөн айдоочуларга дагы тийиштүү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айылдагы IT мектеп, Илон Маскты кумир туткан окуучу

Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында IT мектеп ачылып, анда жогорку класстын окуучулары ITнин негизин акысыз үйрөнүүдө. Мектепти ушул айылда чоңоюп, кийин IT адистигин өздөштүргөн бир нече тургун уюштурган.




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *