Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2022

Новости за 08.03.2022

Azattyk.org 

Украина: Сумы шаарынан элди эвакуациялоо аракети жүрүп жатат

Украинанын расмий өкүлдөрү 8-мартта Сумы шаарынан эки колонна эвакуацияланган эл чыгарылганын билдиришти. Анын алдында Орусия менен ок атууну убактылуу токтотуп, гуманитардык коридор түзүү  макулдашылган. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Сумыдан чыгарылгандар Полтавага карай бет алганын айтты. Эвакуациялангандардын арасында индиялык жана кытайлык студенттер бар. Ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт менен, саат 21ге чейин уланмакчы. Алдыңкы күнү шаар орус армиясынын аба соккусуна кабылганда 21 киши мерт кеткенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Орусиянын мунай импортуна тыюу салды

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мунай импортуна тыюу салынганын жарыялады. Бул орус президенти Владимир Путиндин Украинадагы согушу үчүн “чоң сокку” болорун белгиледи. 8-марттагы кайрылуусунда Байден “эркиндикти коргоонун баасы жогору” экенин америкалыктарга эскертти. “Путин Украинадагы согушту жеңбеси айдан ачык болуп калды. Путин бир шаарды басып алышы мүмкүн, бирок эч качан ал өлкөнү кармап калбайт”, - деп билдирди Байден. Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан Өзбекстан менен чек арасын 15-мартта толук ачат

Тажикстан Өзбекстан менен чек арасын 15-мартта толугу менен ачарын "Озоди" радиосу кабарлады. Чек ара 2020-жылдын апрелинен бери COVID-19 пандемиясына байланыштуу жабык турган. Ошондон бери транзит жүктү тарткан оор машинелер гана өтө алчу. Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб 7-мартта билдиргендей, чек арадагы текшерүү-өткөрүү пункттары “кадимкидей режимде” иштей баштады.  Тажикстанга кирүү эрежелери да жеңилдетилди. Мисалы тажик жарандары жана чет өлкөлүктөр COVID-19га каршы толук эмделгени тууралуу сертификат менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда президентти коштоп бараткан кербен өткөндөн кийин жардыруу болду

Пакистандын түштүк-батышында 8-мартта бомба жарылганда коопсуздук күчтөрүнүн кеминде беш мүчөсү каза таап, 28 киши жарадар болду. Балучистан аймагында болгон кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Расмий маалыматка караганда, жардыруу президент Ариф Алвини коштоп бараткан кербен өткөндөн көп узабай болгон. Президент Сиби шаарына маданий иш-чарага катышуу үчүн барган. Кол салгандар Алвини бутага алышканбы же жокпу азырынча беймаалым. Жергиликтүү полициянын өкүлү жараат алгандарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Байден Орусиядан энергия импортуна тыюу салары айтылууда

Ак Үй АКШ президенти Жо Байден Орусияны Украинага "жок жерден ачкан согушу" үчүн "жоопко тартуу" максатында көрүлө турган кошумча чараларды жарыялайт деп билдирди. Кандай чаралар экенин администрация тактаган жок. Бирок бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышкандай, Байден Орусиядан энергиянын импортуна тыюу салмакчы. Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Москванын ири киреше булагы болгон орус мунайы менен газын сатып албоого чакырып келатат. АКШнын мунай импортунун 8% жакыны Орусияга туура келет... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Тынчтык. Март. Марш”: Аялдар согушка каршы!

Бишкек жана Ош шаарында аялдардын тилектештик маршы өтүп, анда аялдарга карата зомбулукка, Украинадагы агрессияга каршы чакырыктар жасалды. Бул жылы жөө жүрүшкө катышкандардын саны арбып, мурдагыдай үзгүлтүккө учураган жок. Шаардык милиция акцияны саясатташтырбай, кайсы бир өлкөнүн желегин көтөрүп чыгууга тыюу салды.

Azattyk.org 

Shell орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартты

Дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ компанияларынын бири Shell орус мунайы менен газын сатып алуудан баш тартып, Орусиядагы долбоорлордон чыгуу чечимин кабыл алды. Мындай чара Москванын кошуна өлкөгө кол салгандыгы үчүн көрүлүүдө. 8-марттагы билдирүүдө айтылгандай, компания адегенде чийки мунайды сатып алууну токтотот, буга чейин түзүлгөн келишимдер узартылбайт. Shell Орусиядагы бардык май куюучу жайларын жабат, авиациялык отун жана майлоочу материадарды чыгарбайт. Компания бара-бара орусиялык мунай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Талибдер менен Ирандын чек арачылары атыша кетти

Ооганстандын Нимроз чөлкөмүндө талибдер менен Ирандын чек арачылары атыша кеткенин “Азади” радиосуна жергиликтүү булактар маалымдашты. “Талибан” кыймылындагы булак кармаш 7-мартта ооган дыйкандары чек ара аймагында арык каза баштаганда тутанганын билдирди. Маалыматка караганда, дыйкандарды токтотуу үчүн ирандык чек арачылар ооган аймагына кирип келген. Талибдер кийлигишип, ок атышууда “Талибандын” машинеси өрттөндү. Расмий ырасталбаган кабарларда Ирандын төрт чек арачысы куралдуу тиреште окко учканы айтылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина: жай тургундарды согуш тилкесинен алып чыгуу көйгөйү

Орусия Украинанын бир катар шаарларын, анын ичинде Киевден жай тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачканын билдирди. Бирок Киев Москванын бул убадасына ишенбей турат. Анткени Орусия гуманитардык коридорду Беларуска карай ачканы Украинаны канааттандырбай жатканы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык калкты согуш тилкесинен чыгарып кетүү боюнча гуманитардык коридорлор 8-мартта Чернигов, Сум, Харьков жана Кара деңиз боюнда курчоодо турган Мариупол портунан ачылганын жарыялады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Харьковдун жанында орус армиясынын генерал-майору окко учканы кабарланды

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгы Харьковдун жанындагы салгылашууларда орус армиясынын генерал-майору Виталий Герасимов окко учканын билдирди. Маалыматка караганда, генерал Орусиянын Борбордук аскердик округунун командачысынын биринчи орун басары жана штаб жетекчиси болчу. Герасимов Чеченстандагы экинчи согушка жана Сириядагы, Крымдын аннексиясы боюнча операцияларга катышкан. Иликтөөчү-журналист Христо Грозев генералдын каза болгонун орус аскерлеринин өз ара сүйлөшүүлөрү да тастыктай турганын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Абдирасуловдор: Кудалар келер күнү камап коюшкан

Азиза Абдирасулова жана Жанызак Абдирасуловдун чогуу түтүн булатып келе жатканына 44 жыл болду. Азиза Абдирасулова - укук коргоочу, "Кылым шамы" укук коргоо уюмун негиздеген. Жолдошу Жанызак Абдирасулов - өндүрүш альпинисти.

Azattyk.org 

"Кыргызстан орусиялык IT-адистерди тартса болот"

Орусияга бир катар өлкөлөр катаал санкцияларды салды. Мындан улам башка өлкөлөргө чыгып кеткен орусиялыктардын агымы көбөйгөнү айтылууда. Кыргызстан учурдагы кырдаалдан кантип жол тапса болот? Ишкер Данияр Аманалиев менен маекти сунуштайбыз.  - Данияр мырза, биздин маегибиз Украинада согуш жүрүп жаткан учурга туура келип отурат. Буга байланыштуу Орусияга күндөн күнгө катаал санкциялар салынууда. Анткен менен адистер мындай абал Кыргызстанга бир чети кесепетин тийгизсе, экинчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү да ача турганын айтышууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Amnesty International: кыз-келиндердин укуктарынын абалы былтыр кескин начарлады

Amnesty International уюму кыз-келиндердин укуктарын бузууларды токтотуу үчүн чечкиндүү чара көрүүгө үндөдү. Укук коргоочу уюмдун Аялдардын эл аралык күнүнө арналган билдирүүсүндө белгиленгендей, бир топ өлкөдө өз укуктарын коргогон аялдар тобокелге кептелди. “Бир да коом калкынын жарымынан көбүнүн ар-намысы тебеленишине чыдап карап отура бербеши керек”, - деп билдирди Amnesty International уюмунун баш катчысы Агнес Калламар. Билдирүүдө куралдуу жаңжалдар аймактарында, анын ичинде Украинадагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров акыйкатчы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Омбудсмен болуп жаңы шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайты жазды. Жапаров акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракетинин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөп, мамлекеттик кызматкерлерге арызданган жарандардын дооматын кароочу институт экенин белгиледи. Жапаров жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял кишинин шайланганын белгилеп, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишеним артаарын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран экинчи аскердик спутнигин ийгиликтүү учурганын билдирди

Иран экинчи аскердик спутнигин ийгиликтүү учурганын билдирди. "Нур 2" деп аталган аппарат орбитага жеткенин 8-мартта ИРНА маалымат агенттиги кабарлады. Ирандын армиясы аскердик чалгындоо кемесин учурууга аракет көрүп келат. Ошол эле маалда буга чейин орбитага “Нур 1” деген ракетасын ийгиликтүү чыгарып, бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеген. АКШ Тегерандын спутник учуруусу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузарын айтып, Ислам жумуриятын өзөктүк куралды ташууга жөндөмдүү баллистикалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүй: Интернеттеги видеодон кийин иштен кеткен мугалим кайра жумушка чыкты

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева кайра ишке чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. “Буга айрым окуучулардын ата-энелеринин суранычы жана министрликтин колдоосу себеп болду” деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө. 21-январда аталган мектептин мугалими менен окуучунун чыры тартылган видео Интернетке тарап, окуяны териштирген этика комиссиясынын чечими менен мугалимге сөгүш жарыяланган.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Германиядагы Айдана айылына мугалим издейт

Германияда билим алып жаткан кыргызстандык Айдана Абакир Кыргызстанда алган билимдин чет жактагы пайда-зыяны, окуучу менен мугалимдин мамилеси, мугалимдин макамы туурасында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Айдана учурда Ганновер техникалык университетинде билим алууда. - Фейсбук баракчаңда айылда өзүң окуп кеткен мектепке англис жана орус тилдерин окуткан курс үчүн "айлыгы жакшы, жашаган жери бекер" деп мугалим издеп жаздың эле. Көптөр биз деле колдоп, айлыгын төлөп берели деген пикирлерди жазгандар бар экен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Роза Айтматова 85 жашка толду

Белгилүү коомдук ишмер, Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова 8-мартта 85 жашка толду. Президент Садыр Жапаров окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматованы телефон аркылуу куттуктап, активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышуусун белгиледи. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. "Ал анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан, интернет сайттарынан  өзгөчө кызыгуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акордо: Казакстан украин жарандарына гуманитардык жардам берүүгө даяр

Казакстан Украинага медициналык жана башка гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдиргенин Аккордо кабарлады. “Казакстан Украинанын жарандарына гуманитардык жардам катары медикаменттерди жана башка керектүү азыктарды жөнөтүүгө даяр. Учурда аны жөнөтүү үчүн транспорттук варианттар каралып жатат”, - деп айтылат билдирүүдө. Аккордо Токаев телефон сүйлөшүүдө Украинадагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина аскерлери орус армиясына туруштук берүүдө

Украина армиясы орус аскерлеринин чабуулун басаңдатууга жетишкенин билдирди. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 8-марттын таңында жоокерлер өлкөнүн түштүк, чыгыш жана түндүк тараптарында туруштук берип жатканын, Киев жана Чернигов шаарлары украин күчтөрүнүн колунда экенин маалымдады. Бул билдирүүнү көз каранды эмес булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес. БУУнун гуманитардык иштеринин жетекчиси Мартин Гриффитс Москвага жөнөтүлгөн топ гуманитардык жардамды жеткирүүнү орус аскерлери менен координациялап турарын айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: тынчтыкка чакырган аялдар маршы

Аялдардын эл аралык 8-март майрамына карата Бишкекте “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган жүрүш өттү. Ага катышкан кыргызстандык аялдар учурда Украинадагы согушка каршы экенин билдиришти.

Azattyk.org 

Аба ырайы: 9-мартта жаан-чачын болот

Кыргызгидромет борбору 9-мартта өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын болот деп кабарлады. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14, Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13, Нарын жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия элдин эвакуациясы үчүн гуманитардык коридорлорду түзгөнүн билдирди

Орусия Украинанын бир катар шаарындагы карапайым элдин эвакуациясына жол берүү үчүн гуманитардык коридорлорду түздү. Орус Коргоо министрлиги 8-мартта Москва убактысы боюнча саат 10дон баштап, Киев, Чернигов, Сум, Харьков жана Мариуполдон коридор ачканын билдирди. Орусия чек арасынан 350 чакырым алыстагы Сум шаары орус армиясынын катуу бомбалоосуна туш болду. Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргенине караганда, кеминде тогуз киши каза тапты. Арасында эки бала бар. Украинанын вице-премьер-министри... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинанын, Грузиянын жана Молдованын Евробиримдикке кошулуусу карала баштады

Европа Биримдиги Украина, Грузия жана Молдованын биримдикке кошулуу арызын 7-мартта расмий түрдө карай баштады. France Presse маалымат агенттиги француз дипломаттарына таянып Евробиримдик өлкөсүнүн элчилери Еврокомиссиядан мурунку СССРдин курамындагы үч мамлекеттин арызын баалоону суранганын жазды. Бул процесс Еврокомиссияда жылдарды талап кылышы мүмкүн. Аталган мамлекеттерге тийиштүү талаптарга жооп берүү үчүн реформа кылуу сунушталышы ыктымал. Талапкерлерге биримдикке мүчө болууга 27 мүчө мамлекет макулдугун бериши керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Путин аскерге чакырылгандар согушка тартылбай турганын айтты

Президент Владимир Путин “атайын аскер операциялары” деп атап жаткан Украинанын аймагындагы согушта орусиянын армиясына кошумча күч болуп резервдеги жана аскер кызматын өтөп жаткандар чакырылбайт деп убада берди. Бул тууралуу Путин 8-марттагы куттуктоосунда айтты. Президенттин пикиринде, учурда согушта жүргөн аскерлер жана офицерлер апаларды, аялдарды, карындаштарын коргоп жатат. Путин “коюлган тапшырманы кесипкөй аскерлер гана чечет” деп белгилеп, алар “Орусия элинин тынчтыгын жана коопсуздугун ишеничтүү коргойт” деди. Читать дальше...


Собянин: Московский городской транспорт на 100 процентов отечественный

Суд отменил решение о взыскании в пользу Silver Basis с "Москвича" €2,6 млн

Переход в "ПСЖ" под угрозой срыва. Вратарю ФК "Краснодар" запретили выезд из России из-за долгов по алиментам в 60 млн рублей

По второму кругу: проверенным властью режиссерам выдали еще по одному театру



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Россия стала единственной страной в мире, которую Иран допустил к своим недрам: РФ вынуждают становится богаче

Названа стоимость суточной аренды самого дешевого дома в Подмосковье

Как Россия после эмбарго стала ещё больше зарабатывать на нефти в ЕС

Альфа-Банк поддержит столичных предпринимателей

Музыкальные новости

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Чемпионат России по мотоболу прошел в Видном

Новости России

Россия стала единственной страной в мире, которую Иран допустил к своим недрам: РФ вынуждают становится богаче

Названа стоимость суточной аренды самого дешевого дома в Подмосковье

Легочная болезнь ХОБЛ угрожает миллионам жителей России

Психолог Волкова: сказки помогают детям справиться со стрессом

Экология в России и мире

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

Скидки на звуковые щетки и зубную пасту для детей от компании "Ревилайн" до 6 июня 2024 года

Глава "Рексофт" - в топ-100 отечественных ИТ-лидеров

Спорт в России и мире

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича

«Сейчас даже счёт не помню»: Андреева сенсационно победила Соболенко и вышла в полуфинал «Ролан Гаррос»

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

«Он никогда не снимается с турниров». Циципас прокомментировал травму Джоковича

Moscow.media

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Остров Огой.

Такси в 7 раз чаще попадает в ДТП, чем обычные автомобилисты — изучаем аварийность на дорогах

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *