Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2022

Новости за 25.03.2022

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик жоготуусу 30 миңге жеткенин билдирди

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков согуштук аракеттер башталгандан бери Украина 14 миң аскерин жоготуп, 16 миң аскери жарадар болгонун маалымдады. Бул тууралуу ал атайын брифингде маалымдап, Украинанын аскердик жоготуусу жалпы 30 миңге жетти деди.  Конашенков "Украина салгылашуу башталгандан бери абадан коргонуу күчтөрүнөн, аскердик авиациясынан жана аскердик флотунан толук айрылганын” айтты. Орус тарап муну менен Москва атаган “атайын аскердик операциянын биринчи этабы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Армения Тоолуу Карабактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин кабарлады

Армениянын Тышкы иштер министрлиги 25-мартта билдирүү таратып, Азербайжан Тоолуу Карабактагы “Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн жоопкерчилигине караган аймакка басып киргенин” маалымдады. Мурдараак армян жалпыга маалымдоо каражаттары Аскеран районундагы Парух (Фаррух) айылына жакын жерде Азербайжан аскерлери ок чыгарганын жазышкан. “Тоолуу Карабактагы кырдаал чыңалган абалда турат”,-деп айтылат Армениянын аталган министрлигинин билдирүүсүндө. “Азаттыктын” армян кызматы кызматы жазгандай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мариуполдун кеңеши театрды бомбалоодон 300дөй адам өлгөнүн кабарлады

Мариуполь шаардык кеңеши Орусиянын аскерлеринин бомбалоосунан улам калаадагы драма театрдын астындагы баш калкалоочу жайда жашырынган 300дөй жайкын тургун мерт болгонун кабарлады. Орус аскерлери Мариуполго аткылап, бомбалап жаткан учурда жергиликтүү тургундар драма театрдын имаратында баш калкалап жүрүшкөн. Драмтеатр 16-мартта бомбаланган. Анын астында 1000ден ашуун адам коргонуп жатканы маалым болгон. Украин бийлиги театрды орус аскерлери аткылаганын маалымдаса, Орусия тарап аны Украинанын “Азов” полку аткан деген маалымат тараткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ президенти Байден поляк-украин чек арасына барды

АКШнын президенти Жо Байден Европа сапарынын алкагында 25-мартта украиналык качкындарды кабыл алып жаткан Польшанын Жешув шаарына келди. Анда поляк президенти Анджей Дуда менен гуманитардык кризисти талкуулады. Орусия Украинага басып киргенден кийинки өлкөдөн качкан 3,5 миллиондой адамдын 2 миллиондон ашууну Польшага өткөн. Аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана жардам берүү иштерине жергиликтүүлөр менен чогуу НАТОнун миссиясынын алкагында келген америкалык аскерлер да көмөктөшүүдө. Өз сапары учурунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина менен Орусия келишүү тууралуу Эрдогандын сөзүн төгүндөдү

Орусиянын жана Украинанын өкүлдөрү эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө жылыштар бар экенин төгүндөштү. Мурдараак арачы түшүп жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орустар жана украиндер айрым маселелерде бир пикир таба алышканын маалымдаган. Эрдоган жакын арада Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшмөк. Аны утурлай жасаган билдирүүсүндө түрк президенти жергиликтүү медиаларга согушкан тараптар ортодогу алты маселенин төртөө боюнча келишүү тапканын айткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматына жаңы техника берилди

Кыргызстандын Чек ара кызматы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы техника менен жабдылды. Техниканы тапшыруу иш-чарасы бүгүн 25-мартта Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышып, буга чейин Кыргызстан грант түрүндө жардам катары эски техника гана алып келген болсо, мындан ары өз акчасына заманбап жаңы техника сатып алып турарын билдирди.

Azattyk.org 

Камакка алынган адвокат, айыпка жыгылган укук коргоочулар

Белгилүү адвокат Нурбек Токтакуновду 25-мартта эртең менен күч кызматкерлери үйүнөн кармап кетип, беш суткага камады. Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочулары адвокатты камап салуу мыйзамсыз болгонун билдирүүдө. Токтакуновдун адвокаты Разак Ашимбаев ага жолугуп чыкканын, кармалган жеринин шарты начар экендигин айтты. “Бүгүн эртең менен күч менен кармап кетишкен. Токтакунов эч кандай каршылык көрсөткөн эмесмин деди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Свердлов округу боюнча Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-марттагы отурумунда Бишкектин Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, талапкер Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов эми Атазовдун депутат кылып каттоо маселеси караларын “Азаттыкка” маалымдады. 22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинаны калыбына келтирүү фонду түзүлөт

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия аскерлери Киев, Чернигов, Сумы, Мариуполь жана Харьков шаарларын алууга кайрадан даярданып жатканын билдирди. Бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомго зооттолгон 55 “Тигр” машинасын жана 50 КамАЗ сатылып алынды. Орусиянын жарандыгын алып, Украинада каза тапкан Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Azattyk.org 

Исманкуловдун медициналык борборун көчүрүү боюнча чыр уланууда  

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору көчүп кетүүсүн талап кылып, 25-мартта Бишкек мэриясынын тийиштүү өкүлдөрү барышкан. Мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жетекчисинин орун басары Талант Рыскулбек уулунун “Азаттыкка” кабарлашынча, ооруканада бейтаптар бар болгондуктан көчүүгө убакыт берип кетишкен. Анын айтымында, мэрия Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен ижара келишимин жокко чыгарды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия согушта өзүнүн 1351 аскери өлгөнүн маалымдады

Орусиянын Коргоо министрлиги көп күндөн кийин өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты жаңылап, 25-мартка карата 1351 аскери өлгөнүн, 3825 аскери жарадар болгонун билдирди. Орусия акыркы жолу 2-мартта 500дөй жоокери өлгөнүн, 2 миңдейи жаракат алганын кабарлаган.  Апта башында Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүрүп койгон. Украинанын Коргоо министрлиги 25-мартка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча түшүндүрмө берди. Анда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кант авиабазасынын аскер кызматкерлери катышканы айтылат. "Кыргызстандык аскер кызматкерлери тажыяга Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кайрылуусунун негизинде өз ара аракеттенүү тартиби менен катышкан", - деп жазылган Коргоо министрлиги тараткан маалыматта. Украинадагы согушта... Читать дальше...

Azattyk.org 

Көк бөрү ойногон ковбойлор

Ковбойлордун көк бөрү ойногонун көрдүңүз беле? Океандын ары жагында Көчмөндөрдүн спорт федерациясын түзүп, көк бөрүнү жайылтууга салым кошуп жаткан ковбойлор Кыргызстанга келишти. "Азаттык плюстун" командасы алар менен жакындан таанышып, оюнга жана аргымакка болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Ковбойлордун көк бөрү ойногон дымагын байкап көрүңүз!

Azattyk.org 

Президент Жапаров Атамбаевдин сотун ачык өткөрүүнү суранды

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча өзүнүн Фейсбук баракчасына пикирин жазды. Ал мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен. Өзүнө кыянаттык кылгандарды, анын ичинде Атамбаевди дагы кечиргенин айтып, өч алуу табиятында жок экенин кошумчалаган. "Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекет бейөкмөт уюмдардын тыйынына чейин санайт

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар ушул жылдын 1-апрелине чейин каржы булагы, акча эмне иштерге коротулганы жана сатып алынган мүлкү тууралуу Мамлекеттик салык кызматына маалымат бериши керек. Бейөкмөт уюмдар ансыз деле каржы маселелери боюнча отчёт берип келгенин, бул кошумча жүк болуп жатканын билдиришти. Министрлер кабинети өкмөттүк эмес уюмдар Мамлекеттик салык кызматына каржы жана мүлкү тууралуу маалыматтарды кандай тартипте бере турганын бекитип, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткара баштады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте адвокат Токтакуновду колдогон акция өтүүдө

Бишкекте Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн алдында жарандык активисттер, адвокаттар жана укук коргоочулар Нурбек Токтакуновду колдогон акция өткөрүүдө. Акциянын катышуучулары "Сөз эркиндиги маанилүү", "Жактоочуну жактайбыз", "Адвокатка эркиндик" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты. Укук коргоочу Рита Карасартова "Азаттыкка" билдиргендей, 20дай жактоочу Токтакуновдун укугун коргой турганын билдирди. "Адвокаттарга кол тийбестик иштеш керек. Болбосо, бийликке акарат келтирди деп ар кимди "Бейбаштык" беренеси менен кармай берет"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту абактагы Атамбаевден кабар алды

Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов 24-мартта Бишкектеги №47 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды. Башкы укук коргоочу мекемеси тараткан маалыматка караганда, Атамбаев 23-мартта сотко бара албастыгы тууралуу арызын алдын ала жазып бергенине карабай, ага он чакты киши келип, сотко мажбурлап алып кеткенин айткан. Эки күндөн бери кан басымы бир калыпта болбой жатканын, сотко мажбурлап алып барылган учурда денесинен жаракат алганын айтып, бутундагы такты көрсөткөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатына өтпөй калды

24-мартта Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын акыркы баскычында (плей-офф) Түндүк Македонияга 0:1 эсебинде утулуп калды. Оюндун жүрүшүндө Италия каршылаштарына тынымсыз чабуул кылганы менен дарбазага гол киргизе алган жок. Түндүк Македония төрт гана ирет чабуул жасап, беттештин бүтөрүнө аз калганда (92-мүнөттө) Александр Трайковскинин голу менен жеңишке жетти. Италия ушуну менен экинчи жолу катарынан футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышпай калууда. 2018-жылы өткөн дүйнө... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Европаны суюлтулган газ менен камсыз кылат

Кошмо Штаттары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди быйыл кеминде 15 млрд. куб метр америкалык суюлтулган газ менен камсыздоо тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу 25-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен биргелешкен билдирүүдө жарыялады. Алар келишимдин максаты Европанын орус газынан көз карандылыгын жоюу экенин билдиришип, 2030-жылга чейин Вашингтондун Евробиримдикке газ экспорту 50 млрд. куб метрге чейин жетерин айтышты. “Бүгүн биз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түндүк Корея континент аралык ракетасын сынаганын ырастады

Түндүк Корея “Хвасон-17” континент аралык ракетасын сынаганын ырастады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги кабарлады. Мурдараак Жапония менен Түштүк Корея ракета 24-мартта Пхеньяндын эл аралык аэропортунан атылганын кабарлаган. Ал миң километрди 4052 секундада басып өттү, 6250 метрлик бийиктикте учту. Атылган ракета Токио өзүнүкү деп эсептеген аймактагы сууга түшкөнүн билдирген. Бул Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарды 2017-жылдан берки биринчи жолу сынашы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Абхазиядан келген автоунааны жасалма документ менен каттаган кызматкер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы А.М.М. аттуу жооптуу кызматкери кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн "Лексус GX-470" үлгүсүндөгү автоунаага Орусиядан келген делген жасалма документтердин негизинде каттоо күбөлүгүн жана Кыргызстандын мамлекеттик номурун каттап берген деп шек саналууда. Натыйжада мамлекетке 1 млн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада каза болгон Эгемберди жерге берилди

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык, Орусиянын жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Azattyk.org 

Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге эскертүү берди

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. “Башкы прокуратурага министрдин жүрүм-туруму боюнча кайрылуулар келип түшүп, анын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берилди”, - деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө. Башкы прокуратура мамлекеттик кызмат жөнүндө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Австралия Лукашенкого, Жапония Песковго санкция салды

Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Австралия менен Жапония Москвага жана Минскиге карата жаңы санкцияларды салды. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү кабарлады. Австралия “орус пропагандачыларын жана дезинформация таратуучуларын” кара тизмеге киргизди. Анда RT телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян, теле алып баруучулар Тигран Кеосаян жана Ольга Скабеева баштаган 22 адам бар. Австралия жалпысынан Орусияга каршы 500дөн ашык санкция киргизди. Австралиянын Тышкы иштер министрлиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жамалбек Ырсалиев кайрадан Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Буга байланыштуу Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Мурда вице-мэрлик кызматты аркалап келген Максатбек Сазыкулов Биринчи май районуна аким болуп барды. Ал турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жооптуу болгон. Жамалбек Ырсалиев буга чейин Биринчи май районунун акими болуп турган. Ал мэрияга жетекчилик кызматка 2020-жылдын ноябрында келген. Алгач вице-мэр болуп иштеп, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган. 45 жаштагы Сазыкулов Каржы министрлигинде... Читать дальше...


"Бьются об европейский берег, да никак к нему причалить не могут". Как Молдавия не потянула Биешу

Суд в Москве отправил под домашний арест второго хирурга клиники Хайдарова

Разделение изотопа

В Москве чеченцы окружили отдел полиции из-за сбежавшей родственницы. Она боится, что ее убьют



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Актер из «Папиных дочек» пропал в Москве

В Москве чеченская семья окружила отделение полиции, чтобы забрать родственницу

Полицейские задержали подозреваемого в убийстве в центре Москвы

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Музыкальные новости

В Бурятии театр готовит премьеру о войне СССР и Монголии с Японией: Россия, Культура, Победа

Состоялась Байкальская театральная школа в Бурятии: Россия и Культура, Дети

Россия, Культура, Дети: конкурс на новую эмблему обьявил Театр Ульгэр в Республике Бурятия

В Москве пройдет заплыв «Кубок Чемпионов» от организаторов Swimcup. В старте, который пройдет в гребном канале «Москва», примут участие более 1000 пловцов

Новости России

Век «студий» и «однушек» в Москве заканчивается - Жилищный кодекс не велит...

«Двойному сдерживанию» дали «двойной отпор» // Россия и Китай условились вместе противодействовать угрозам со стороны США

Эксперт Шакиров: европейские компании меняют «прописку» ради торговли в РФ

Скрывавшаяся от родственников юная чеченка покинула московский отдел полиции

Экология в России и мире

Страдания юного Аюша Булчун

Страдания юного Аюша Булчун

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Глава Центробанка РФ: "Я вижу в ЦФА большой потенциал"

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме

Соболенко — Коллинз: белоруска выиграла первый сет в полуфинале Рима

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

Moscow.media

Краски севера V

Фикс-тариф будет доступен всем пользователям BelkaCar

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования

Руки-загребуки или парфюм с запахом уголовного дела







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *