Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2022

Новости за 04.03.2022

Azattyk.org 

Пакистандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти «ИМ» тобу алды

Пакистандын Пешавар шаарындагы шииттердин мечитинде  4-мартта болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өз мойнуна алды. Аталган топ жарыяган билдирүүдө жанкечтинин жардыруусунан кеминде элүү киши мерт болуп, 200дөн ашууну жаракат алганы белгиленген. Пакистандын полициясы буга чейин кандуу калаба 56 адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн адам жарадар болгонун билдирген. Маалыматка ылайык, эки жанкечти мечитте жума намазы окулуп жатканда алгач туш келди ок чыгарып, андан кийин өздөрүн жардырып жиберишкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Facebook социалдык түйүнүн жапты

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси Facebook социалдык түйүнү бөгөттөлгөнүн расмий кабарлады. Аталган тармакка орусиялык жарандар 4-марттын таңынан баштап кире албай жатышкан, бирок анын жабылганы расмий маалымдала элек болчу. Facebook социалдык түйүнүнө ээлик кылган Meta компаниясы азырынча муну комментарийлек элек. Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, сайтты бөгөттөөгө Facebook компаниясынын Орусияга таандык 26 жалпыга маалымдоо каражаттарынын баракчаларын жапканы себеп болгон. Мурдараак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Орусиянын 100 адамдык бир ротасында 96 аскер өлгөнүн айтты

Орусиянын Федерациялык Кеңешинин депутаты Людмила Нарусова 4-мартта палатанын жыйында орус аскерлеринин Украинадагы жоготуулары жөнүндө маселе көтөрдү. Ал согуштук аракеттерге аскерде милдеттүү кызмат өтөөгө чакырылгандар да тартылганын белгилеп, алар менен мажбур түрдө келишим түзүлүп жибергенин билдирди. “Кечээ салгылаш жүрүп жаткан зоналардан милдеттүү кызмат өтөгөндөр чыгарылыптыр. Аларды келишимге кол коюуга мажбурлашыптыр же алар үчүн өздөрү эле кол коюп салышыптыр. Бирок жыйынтыгында 100... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ соту Царнаевди кайрадан өлүм жазасына өкүм кылды

АКШнын Жогорку соту Бостондогу теракт үчүн айыпталган Жохар Царнаевди кайрадан өлүм жазасына өкүм кылды. Мындай чечим 4-марттагы сот отурумунда чыгарылган. Чечен улутундагы Царнаев 27 жашта, Кыргызстанда туулган. 2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурунда 3 кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган теракт үчүн 2015-жылы айыптуу деп табылган. Агасы Тамерлан жардыруу болгондон кийин полиция менен атышууда окко учкан. Сот арачылары Жохар Царнаевди 30 беренеден турган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинадан бир миллиондон ашуун киши чыгып кетти

Орусия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттиги кабарлады. Качкындардын көпчүлүк бөлүгүн Польшада жана Молдова кабыл алды. Мындан сырткары Румыния, Венгрия, Словакияга да көп тургундар чыгып кетишкен. Качкындар андан ары башка мамлекеттерге да өтүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия армия тууралуу фейк тараткандарды жазалайт

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 4-мартта бир добуштан "Орус армиясы тууралуу фейк маалыматтар" боюнча мыйзамга толуктоолорду кабыл алды. Кылмыш-жазык кодексине кирген жаңы берене боюнча орус армиясы тууралуу жалган же бурмаланган маалыматтарды тараткандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми кээ бир басылмалардын жана социалдык тармактардын сайттары бөгөттөлүп, ачылбай калды. Орусиянын Мамлекеттик Думасы "орус армиясы жөнүндө фейк маалыматтарды таратуу" тууралуу мыйзамга толуктоо киргизип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Европадагы эң чоң АЭСти басып алды

Орус армиясынын чабуулунан кийин Украинанын Запорожье АЭСинде чыккан өрт өчүрүлдү. УКМК көз карандысыз NEXT TV телеканалын эфирден өчүрүп, анын жетекчиси Таалай Дүйшембиевди “улут аралык кастыкты козутту” деген шек менен 48 саатка камакка алды. Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлерине соттордун ишине кийлигишпөөнү эскертти.

Azattyk.org 

Мамкызмат: аз айлыкка топук кылган жаштар

Маянанын аздыгына, оор шарттарга карабай, мамлекеттик кызматтарда иштеген жаштар арбын. Жаштарды мамкызматта эмне кармайт? Аларды эмне кызыктырат? "Азаттык+" бул чыгарылышта мамлекеттик кызматтагы жаштарды көрсөтөт.

Azattyk.org 

NEXT TV телеканалын колдогон митинг өттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-мартта NEXT TV телеканалын эфирден өчүрүп, анын жетекчиси Таалай Дүйшембиевди "улут аралык кастыкты козутту" деген шек менен 48 саатка камакка алды. Буга каналдын социалдык түйүндө тараткан маалыматы негиз болду. Каналдын колдоочулары 4-мартта атайын кызматтын алдына нааразылык акция өткөрдү. Медиа эксперттердин айрымдары бул сөз эркиндигине болгон кысым десе, кээ бирлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги боюнча маселени көтөрүп жатат.

Azattyk.org 

Улуттук банк валюта базарына дагы 55,35 миллион доллар чыгарды

Кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк 4-мартта валюта базарына дагы 55,35 миллион доллар чыгарды. Анын 26,80 миллиону накталай сатылганын башкы каржы мекемесинен кабарлашты. 4-мартта коммерциялык банктарда жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ долларынын баасы 98 сом 50 тыйынга чейин сатылды. Улуттук банк 5-мартка карата расмий курсту 97 сом 67 тыйын деп белгиледи. Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну дагы төмөндөйт деген кооптонуу айтылып жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри 5-мартта Москвага барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-мартта Москвага барып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Бул расмий визит орус тараптын чакыруусу менен уюштурулуп жатканын Москва расмий кабарлады. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин "Фейсбуктагы" баракчасына эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери дайыма байланышта экени, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганына 20-мартта 30 жыл болору тууралуу маалымат жарыяланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен бул маалыматты тастыктап... Читать дальше...

Azattyk.org 

НАТО учактарын жана аскерлерин Украинага жөнөтпөй турганын билдирди

НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөйт. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-мартта Брюсселде уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин олтурумунан кийин билдирди. Ал уюм Орусия менен согушууга умтулбай турганын айтып, эгер НАТО Украинадагы конфликтке түздөн-түз аралашса анда мындай согуштун тобокелчилиги жараларын белгиледи. Столтенберг НАТО Орусияны Украинанын аймагынан аскерлерин тез арада чыгарып кетүүгө жана сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөй турганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Next TV телеканалынын кабарчысы Перизат Саитбуркан кызы суракка чакырылды

Next TV телеканалынын кабарчысы Перизат Саитбуркан кызы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды. Ал 4-мартта кечки саат жетилерде суракка кирип кеткенин, жанында адвокат бар экенин кесиптештери кабарлады. "Азаттык" журналисттин суракка чакырылышынын чоо-жайын азырынча атайын кызматтан тактай алган жок. УКМК Next TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык каттамдарын токтотту

Орусиялык S7 Airlines авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтотту. Бул тууралуу компаниянын телеграм-каналында кабарланды. “Аткарылбай калган каттамдардын жүргүнчүлөрү авиакомпания кабарлама алышат. S7 Airlines авиакомпаниясынын бардык филиалдарында биздин адистер алар менен иш алып барууда. Алар туристтерге биздин өнөктөш-авиакомпаниялардын каттамдары аркылуу үйүнө кайтуусуна жардамдашууда. Аткарылбай калган эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Балконскийлер”, тролль фабрикалары... Билим берүүдөгү өксүктөр

2009-жылы Кыргызстандын 173 мектебинен туш келди иргөө ыкмасы менен тандалган 4986 окуучу биздин өлкөнүн атынан PISA сынагына – Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму (Organization for Economic Development and Cooperation – OECD) өткөрүп [1] келаткан Окуучулардын деңгээлин эл аралык мааниде баалоо программасына (Program for International Student Assessment – PISA) катышты. Ар үч жылда PISA ар кайсы өлкөлөрдүн 15 жаштагы окуучуларынын математика, так илимдер жана окуу боюнча билимдерин турмуштук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Клиникалык тез жардам ооруканасы каттоодон өттү

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Оорукананын башкы дарыгери Памир Муратов укуктук маселелер чечилип, кийинки кадам жаңы бөлүмдөрдү ачуу экенин белгиледи. "Кардиология, неврология жана башкалар. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги жана милдеттүү камсыздандыруу фонду менен биргеликте каржылоого байланышкан маселелердин үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын авиасоккуларынан Украинанын Чернигов шаарында 50дөй адам өлдү

Орусиянын авиациялык күчтөрүнүн соккуларынан Украинанын Чернигов шаарында каза болгон жайкын тургундардын саны 47 адамга жетти. Бул тууралуу Чернигов облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады. Жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, орус учактары турак жайларды да аткылап жатышат. Орусиянын бийлиги согуштук аракеттер башталгандан бери Украинанын аскердик объектилери гана аткыланып жатканын, турак жайларга кол салынбай турганын маалымдап келет. Бирок алардын октору, ракеталары жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бал аарычылык жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыргызстандагы бал аарычылык жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта мыйзам аарычылык ишин жүзөгө ашыруунун, бал аарыларын коргоонун жана көбөйтүүнүн, аары чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн жана балчылыкты интенсивдүү өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин белгилери айтылган. "Аары чарбасы жөнүндө" мыйзам долбоору 5 бөлүмдөн жана 24 беренеден турат. Анда балчылык иштин негизги эрежелерин, бал аарычылыктын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украин бийлиги Орусия 9 миңден ашык аскерин жоготконун билдирди

Украинанын Коргоо министрлиги 4-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 9 166 жоокерди түзөрүн маалымдады. Мунун ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналып жатат. Мекеме жаңы маалыматында, Орусиянын 33 учагы, 37 тик учагы, 251 танкы, 939 чопкутталган транспорту, 404 автоунаасы, 105 артиллериялык системасы, 74 замбиреги (пушка), 1 “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 50 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, үч учуучу аппараты, эки кемеси, беш абадан коргонуу системасы жок кылынганын кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Сууда депутат мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылдык кеңешинин депутаты мыйзамсыз жер сатуу фактысына шектүү катары кармалды. Аны менен кошо Нариман айыл өкмөтүнүн юристи жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси колго түшкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 4-мартта кабарлады. Алар жер тилкелерин жең ичинен сатуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, алар туруктуу коррупциялык схема түзүп документтерди мыйзамсыз бүтүрүп, айыл чарба багытындагы жерлерди сатышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда мечиттеги теракттан ондогон киши набыт болду

Пакистандын бийлиги 4-мартта Пешавар шаарындагы мечиттеги теракттан кеминде 30 киши каза болуп, 50дөй адам жаракат алганын кабарлады. Пешавар шаарындагы оорукананын өкүлү Мухаммад Асим жаракат алгандардын абалы оорлору көп экенин белгилеп, курмандыктар дагы өсүшү мүмкүндүгүн маалымдады. Расмий маалыматта айтылгандай, эки жанкечти-террорчу мечитке киргенге чейин полиция кызматкерлерин аткылашкан. Алардын бирин өлтүрүп, андан соң намаз учурунда мечитте өздөрүн жардырып жиберишкен. Чабуулга эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Доллардын баасы 98 сомдон ашты

4-мартта Кыргызстандык коммерциялык банктарда жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 98 сом 50 тыйынга чейин сатылууда. Улуттук банк 5-мартка карата расмий курсту 97 сом 67 тыйын деп белгиледи. Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну дагы төмөндөйт деген кооптонуу айтылып жатат. 25-февралга чейин 1 доллардын наркы 85 сомдун тегерегинде болгон. Улуттук банк жыл башынан бери сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн үч жолу интервенция жасап, 169 млн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрагасы отурумда тыюу салууларды токтотууга чакырды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларга кайрылып, отурумдардагы түрдүү тыюу салууларды токтотууга чакырды. Мындай пикирин 4-мартта судьялардын курултайында айтты: "Иштерди эч себеби жок эле жабык кароону, видеожазууларды жүргүзүүгө тыюу салууну токтоткула. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышты чыңдап, өркүндөтүү өтө маанилүү. Сотторду өз учурунда калыс жана туура маалымат берүүгө үндөйм". Базарбеков бул талап сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоо боюнча мыйзамдын талабы экенин белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

NEXT TV телеканалынын колдоочулары УКМКнын астына митингге чыкты

NEXT TV телеканалынын колдоочулары Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) алдына митингге чыкты. Чогулгандар телеканалдын директору Таалай Дүйшембиевди бошотууну, козголгон кылмыш ишин токтотууну, эфири токтотулган каналдын ишин калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Телеканалдын негиздөөчүсү, саясатчы Равшан Жээнбеков телеканалга козголгон кылмыш ишин саясий буйрук деп атады. "Мен ойлойм бул ишти президент кылган жок, бул ишти Ташиев кылып жатат, УКМК кылып жатат. Анткени эки айдан бери артымдан аңдышып, камайбыз деп даярданып жүрүшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров күч кызматкерлерин соттордун ишине аралашпоого чакырды

Президент Садыр Жапаров күч органдарынын кызматкерлерин соттордун ишине кийлигишпөөгө чакырды. Мындай пикирин 4-мартта судьялардын курултайында айтты: "Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам, соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү тажрыйбаңарды токтоткула! Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун!". Президент жүрүм-туруму шек жараткан, мыйзамга каршы келген чечим... Читать дальше...


Жители города Щекино попросили отремонтировать стадион "Корд"

Дорога на Северный Кавказ – что ждет отпускников в 2024 году

Dubai Unlocked: супруга премьер-министра Таджикистана владеет двумя виллами в Дубае

Участники «Новой Фабрики звёзд» дали концерт в московском метро 



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Сборная «Ахмат» - лидеры первого этапа Кубка класса МХ700

Пара из Брянска заключила брак на выставке-форуме «Россия» в Москве

Кто вылетит из Премьер-лиги? Расклады на борьбу за выживание

В РАМТ подтвердили информацию о госпитализации худрука театра Бородина

Музыкальные новости

Каратисты завоевали бронзу на Всероссийских соревнованиях по каратэ «Кубок Танкограда»

В мире могут закрыть поставки из Китая. «Святой Ленин» на встрече В.В. Путина и Си Цзиньпина повышает качество жизни народам России, Китая, всего мира.

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Состоялась Байкальская театральная школа в Бурятии: Россия и Культура, Дети

Новости России

В Самаре открылась пятая выставка Samara Boat Show- 2024

Суд признал перевод структурой IKEA денег за границу «безнравственным»

Суперклуб из России хочет подписать футболиста сборной Казахстана

Псковичи участвуют в окружном полуфинале конкурса «Это у нас семейное» в Москве

Экология в России и мире

Как поделиться местоположением в WhatsApp: пошаговое руководство

«585*ЗОЛОТОЙ» назвала топ-10 самых популярных драгоценных камней в России

Где провести бизнес-встречу в Ростове-на-Дону?

Как 86 тысяч японцев дожили до 100 лет и живут дальше: 7 секретов долголетия из Японии, которые пригодятся в России

Спорт в России и мире

«Спартак» подарит Циципасу клубную футболку

Диего Шварцман: «Два чилийца в полуфинале в Риме. Шесть латиноамериканцев в топ-30. А ATP в следующем году уберет один из турниров в Южной Америке»

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Moscow.media

16-летнюю Volvo продали за рекордный срок

Под зеленым куполом

Страдания юного Аюша Булчун

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *