Венгрияда өкмөткө каршы нааразылык акциясы өттү
12-июлда Венгриянын борбору Будапештте жүздөгөн адамдар Дунай дарыясынан өткөн көпүрөнү жаап, өкмөттүн салык мыйзамдарынын өзгөртүүсүнө каршылык билдиришти. Бул күнү парламент премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтү сунуштаган салык боюнча сунуштарын карады. Анда жүздөгөн чакан ишканалар үчүн салыктык төлөмдү жогорулатуу маселеси камтылган эле. Жаңы мыйзам боюнча добуш берүү 13-июлда өтөт. Транспорттук каттамды бууган акция үч саатка созулуп, трамвайларды жана башка транспортторду токтотуп койду. Читать дальше...