Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2022

Новости за 07.12.2022

Azattyk.org 

МБанк Temirov Live каналынын эсебин тейлөөдөн баш тартканы кабарланды   

Журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган Temirov Live Ютуб каналы “Кыргызстан” банкы анын МБанк төлөө системасындагы эсебин жокко чыгарганын Фейсбуктагы баракчасында кабарлады. Temirov Live каналы кабарлагандай, аларды материалдык колдоо үчүн МБАНК төлөө системасында банк эсеби ачылганын жарыялагандан кийин ушундай кырдаал түзүлгөн. Учурда каналдын юристтери анын себебин банк менен териштирип жатат. Азырынча “Кыргызстан” банкы бул тууралуу коменттарий бере элек. Kaktus.media басылмасына банк Temirov... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук банк чек арада жабыркагандардын насыялары боюнча маалымат берди 

Кыргызстандын Улуттук банкы Баткен, Ош облустарындагы чек ара чатагында жабыркагандар арасында насыясы барларга колдоо көрсөтүү токтомун чыгарган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Финансы-насыя уюмдарга 474 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 974 миң сомдук 298 насыя жоюлуп, 38 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланды. Учурда арыздарды кароо уланып жатат. 14-17-сентябрдагы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алды. Эки тарап бири-бирин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мыйзамсыз баюуга шек саналган Жогорку соттун судьясы иштен кетти

Жогорку соттун судьясы, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып, камалып чыккан Камил Осмоналиев өз каалоосу менен иштен кетүүгө арыз берген. Жогорку Кеңеш анын арызын 7-декабрдагы сессияда карап канааттандырды. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган. Анын үйү мамлекеттин балансына өткөн. 2021-жылы мамлекетке 70 миллион сом төгүп абактан чыккан. Атайын кызмат тараткан маалыматта Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардан коттеждерди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аргентинанын вице-президенти алты жылга эркинен ажыратылды

Аргентинанын вице-президенти Кристина Киршнер коррупцияга байланыштуу алты жылга эркинен ажыратылды. Сотто ал өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган жок. Киршнердин тарапкерлери Буэнос-Айрестин көчөлөрүндө нааразылыкка чыгышты. Соттун чечимине ылайык, Киршнер президент болгон сегиз жылда үй-бүлөлүк катышы бар курулуш магнаты Ласаро Баеске миллиарддаган долларды түзгөн 50гө жакын бюджеттик долбоорду берген. Прокурорлор Baes фирмасы "бюджеттин акчасын кымырып алуу үчүн атайын түзүлгөн" деген жүйөнү келтиришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

CNN: Си Цзинпин араб лидерлери менен жолугушат

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин 7-декабрда Сауд Арабиясын барганын Синхуа агенттиги жазды. CNN каналы төрага расмий сапардын алкагында Эр-Риядда араб лидерлери менен жолугушарын кабарлады. Падыша Салман бин Абдулазиз ал Сауддун чакыруусу менен барган Си ал жерде 9-декабрга чейин болот. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгында Сауд Арабия-Кытай саммити өтөт. CNN билдиргендей, иш-чарага кеминде 14 араб өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Телеканалга маек берген араб дипломаты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азербайжанда тыңчылык кылган деп айыпталган 19 аскер бошотулду

Азербайжанда Армениянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен соттолгон мурдагы 19 аскер кызматкери 6-декабрда бошотулду. Арасында 10 адам акталып, калгандарынын иши кыскартылды.  Азербайжандын прокуратурасы билдиргендей, 2017-жылы Тертер районунда жоокерлерге күнөөнү моюнга алдыруу үчүн башка аскерлер ырайымсыз кыйноо колдонгон. "Тертер иши" менен дагы кеминде 12 адам абакта отурат. Укук коргоочулар аларга да кыйноо менен жалаа жабылганын, кыйноонун жүздөгөн ыкмасы колдонулган болушу мумкүндүгүн белгилешет. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖКда депутат Бакировдун иш бөлмөсүнө байланышкан маселе кайра көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы сессиясында “Элдик” депутаттар тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Өмүрбек Бакировдун иш кеңсеси жок жүргөнүн айтып, төрага Нурланбек Шакиевди калыс болууга чакырды. "Ата Журт" фракциясы менен “Мекенчил” тобу өз билемдик кылып жатат. Нурлан Тургунбекович, сиз мындай мыйзамсыз иш кыла берсеңиз, сиздин дагы кызматтык ордуңузду карайбыз. Анткени төрт чарчы метр залды “Мекенчилби”, “Ата Журтпу”, ошолордун катчылыгына берип, 709-кеңсени дагы катчылыгыңарга берип, 7-кабатта... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларуста мамлекетке чыккынчылык үчүн өлүм жазасы сунушталды

Беларуста мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктерди жана аскер кызматкерлерин өлүм жазасына тартуу сунушталды. Парламент “Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алганын "Азаттыктын" беларус кызматы жазды. Мындан тышкары Беларус армиясынын жана укук коргоо органдарынын беделине шек келтирип, атайылап жалган маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилиги жөнүндө берене киргизилүүдө. Беларус - Европадагы өлүм жазасы жоюла элек жалгыз өлкө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасы: 17 чакырым боюнча мунаса табылды

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада дагы 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эки өлкө мунаса тапкан жерлердин көбү Баткендин Лейлек районуна туура келет. Бул быйыл сентябрь айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийинки көзгө көрүнөрлүк жылыш катары бааланууда. Жакында эле президент Садыр Жапаров кошуна өлкө менен чек араны тактоо иштери жанданганын айткан. Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара сызыгын макулдашкандан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Трансооган темир жолунун курулушу 8,2 миллиард долларга бааланууда

Пакистан "Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар" темир жолунун курулушун 8,2 миллиард долларга баалады. Бул тууралуу Samaa басылмасы кабарлады. Долбоордун баасынын жаңы сметасын Пакистандын Темир жолдор министрлигинин катчысы Зафар Ранжа жарыялады. 2021-жылы февралда Өзбекстан, Ооганстан жана Пакистан Трансооган темир жолун куруу боюнча жол картасына кол коюшкан. Анда долбоордун баасы 5 миллиард долларга бааланганы, 600 чакырымдык темир жол Өзбекстанга жана аймактагы башка өлкөлөргө Пакистандын деңиз портторуна жол ачары айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖМК мыйзамын кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди

Президенттик администрация сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун курамы бекитилди. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады. Жумушчу топту президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетектейт. Андан сырткары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коопчулуктан 15 киши кирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Америкада телефон оңдогон Азамат

Азамат Турсунбаев 2008-жылы Америкага жөнөп кеткен. Ал кезде АКШ кыргыз жаштары үчүн жаңы багыт болуп турган. Бул убакыт ичинде ал ар кандай иш баштап көрүп, телефон оңдоп кызмат көрсөткөн кеңсе ачкан. Азамат азыр бул багыттагы бизнес баштаган Калифорниядагы алгачкы ишкерлердин бири болуп калды.

Azattyk.org 

Министрлик "Коопсуз шаар-2" долбоору боюнча соттошуп жатат

"Коопсуз шаар-2" долбоору пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип министрлиги тендерди утуп алган Shenzhen Sunwin кытайлык компаниясы менен соттошуп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.  “2022-жылы 10-мартта ишке кирмек. Ошол себептен министрлик сотко берип, сот жүрүп жатат”, - деди. Компания бул боюнча комментарий бере элек. "Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү Карасартова менен жолугуп чыкты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган укук коргоочу Рита Карасартова менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков “Азаттыкка” маалымдады. “Кызматкерлер жолугуп чыгышты. Өзүнөн арыз түшкөн жок. Ден соолугу боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан кароо жүргүзүлгөн экен. Саламаттыгы канааттандыраарлык дешти”, - деди Рысбеков. Буга чейин укук коргоочунун саламаттыгы начарлап кеткенин кызы Касиет Мамырбай айтып чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Катар-2022: мелдештин сенсациясы - Марокко

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык беттештери бүтүп, чейрек финалдагы атаандаштар аныкталды. 6-декабрдын кечинде Испания менен Марокко курама командалары беттешип, 90 мүнөттүк оюнда тең чыкты. Кошумча берилген жарым сааттык убакытта да эсеп өзгөрүүсүз калды. Кийин пенальти тебүүдө марокколуктар 3:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Испаниялыктар Марокконун дарбазасына бир да гол киргизе алышкан жок. Тарыхында алтынчы ирет Дүйнө чемпионатына катышып жаткан Марокко Катардагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ырыс Жекшеналиевдин соту 13-декабрга жылды

Активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча 7-декабрда башталган соттук отурум башка күнгө жылды. Буга күбөнүн келбей калганы себеп болгонун, кийинки отурум 13-декабрга белгиленгенин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.  Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук борбор: акыркы беш жылда кыйноо фактылары азайды

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде ички иштер органдарында кыйноого алуу фактылары бир жарым эсеге азайган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун 10 жылдыгына арналган билдирүүдө айтылат. Маалыматка караганда, 2018-жылы тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда ар бир үчүнчү киши кыйноого кабылганын билдирсе, акыркы мезгилде ар бир бешинчи киши кайрылган. 10 жылдын ичинде борбор 1700дөн ашык арызды карап, 12 миңдей киши менен жолугуп, Жогорку Кеңешке тогуз жолу кыйноолор боюнча атайын баяндама даярдаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Кар жаайт 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 7-8-декабрдагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшөт. Жолдор тайгак болот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек. Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6, Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик карызды жабууга жыл башынан бери 30 миллиард сом бөлүндү

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстан мамлекеттик карызын жабууга республикалык бюджеттен 30 миллиард сомдон ашуун каражат бөлгөнүн 7-декабрда Каржы министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анын 10 миллиарды ички карызга, 20,6 миллиард сому тышкы карызга кетти. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 434,4 миллиард сомду түзүүдө. Доллар менен эсептегенде бул 5,2 миллион доллар. Тышкы карыздын 42,2% же, акчалай эсептегенде, 1,8 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мас айдоочунун жазасы катуулоодо

Кыргызстанда мас айдоочулардын жазасын катуулатуу сунушу талкууланууда. Мыйзам долбоору бүгүн 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, депутаттар аны колдой турганын билдиришти. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, мындан ары андай айдоочуларга айыппул салынбайт, жазанын катуураак чаралары колдонулат: “Мас абалында машина айдагандарга айыппул деген такыр эле алынып жатат. Анын ордуна айдоочулук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Индонезияда никесиз жыныстык катнашка барууга тыюу салынды

Индонезияда жарандарга, анын ичинде туристтерге да никесиз жыныстык катнашка барууга тыюу салынды. Ага баш ийбегендер бир жылга камалат. Парламент Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына ушул жаатта киргизилген өзгөртүүнү жактырды. Өзгөртүүлөрдү өлкөдөгү бардык саясий партиялар колдоп, коронавирус пандемиясынан кийин кайра калыбына келе баштаган туризм тармагынын өкүлдөрү каршы болууда. Буга чейин алар 2025-жылга карата өлкөгө туристтердин агымы пандемияга чейинки 6 миллиондук чекке жетет деп божомолдоп жатышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстанда мугалимдер тилемчилик кылган балдарга акча төлөйт

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы мугалимдер тилемчилик кылган балдарды тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылуу үчүн ай сайын маянасынын бир бөлүгүн берип турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан чогулушта айтылганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады. Райондук билим берүү бөлүмүндө иштегендердин биринин маалыматына караганда, мугалимдер төлөй турган сумма ай сайын 200 манат же 57 доллар болот. Анын айтымында, мындай чара Түркмөнбашы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Британияда падышаны көздөй жумуртка ыргыткан адам кармалды

Улуу Британиянын Лутон шаарында падыша Чарльз IIIгө жумуртка ыргыткан адам кармалып, камакка алынды. Полициянын маалыматына караганда, 6-декабрда шаардын аянтында эл менен жолугуп жаткан падышаны көздөй 20 жаштагы жигит жумуртка ыргыткан. Жумуртка падышага тийбей жерге түшкөнү менен жансакчылар аны окуя болгон жерден дароо алып кетишкен. Бир аздан кийин падыша кайра чыгып, эл менен жолугушууну уланткан. Би-Би-Синин маалыматына караганда, көпчүлүк падышага жумуртка атылганын байкаган эмес. Бир... Читать дальше...

Azattyk.org 

Байсалов баштаган делегация LBMAнын чакыруусу менен Лондонго кеткени белгилүү болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Британиянын борбору Лондонго Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) чакыруусу менен барганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттөн "Азаттыкка" кабарлашты. Сапар аталган уюм менен кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулганы айтылат. Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Винера Раимбачаева Эдил Байсалов иш сапары менен Лондондо жүргөнүн айтып, жыйындын күн тартибинен бир маселени алып турууну парламент төрагасынан өтүнгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 614 адамдын өмүрү кыйылды

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 6532 жол кырсыгы катталып, 614 адамдын өмүрү кыйылганын 7-декабрда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында 818 адамдын өмүрүн алган 6891 жол кырсыгы болгон. Милиция жол кырсыгы азайганына “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео көзөмөл иштеп жатканы себеп болгонун белгилеп, камера орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны ага чейинкиге... Читать дальше...


Для пользы тела. «Мой спортивный район» начинает летние тренировки

В Челябинске откроется Фестиваль песочной скульптуры

Доцент Гиринский: цены на ЖКУ в России с 1 июля проиндексируют в среднем на 10%

Вера, поддержка, любовь



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Очевидцы показали последствия разбушевавшегося над Москвой ливня с грозой

Дептранс: Поезда по красной ветке метро Москвы следуют в соответствии с графиком

На Москву обрушился мощный ливень

Доцент Гиринский: с 1 июля в России повысят цены на услуги ЖКУ до 10%

Музыкальные новости

Грандиозный концерт закроет сезон в Бурятском театре оперы и балета

«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3

Впервые Бурятский театр оперы и балета выступит с концертом в храме Кяхты

Генералов много, а Норат Тер-Григорьянц один!

Новости России

Движение на ЗабЖД полностью восстановили после схода вагонов

Пензенскими гимнастками завоевано третье место II этапа Кубка сильнейших

Школьник из Нерюнгри создал систему управления жестами

Вера, поддержка, любовь

Экология в России и мире

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Конференция «Общество и психическое здоровье» прошла в Ставрополе

Третья Московская неделя моды: масштабное событие с участием дизайнеров из России и мира пройдет в октябре

Я думала, мы умрем: американка переехала в Великобританию и столкнулась с левосторонним движением, праворульными машинами и механической коробкой передач

Спорт в России и мире

Мирра Андреева вышла во второй круг Открытого чемпионата Франции

Теннисистка Петрова: Хачанов совершил недопустимую ошибку на "Ролан Гаррос"

Медведев пошутил о том, что часто проводит ночные матчи на турнирах «Большого шлема»

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

Moscow.media

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Одна ночь на Вуоксе







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *