Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2022

Новости за 28.12.2022

Azattyk.org 

Косово Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөөлүн жапты

Жарым-жартылай таанылган Косово бийлиги Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөөлүн жапты. Бул чечим Приштинадагы этникалык сербдер менен өкмөт ортосундагы тирешүүнүн курчушуна байланыштуу кабыл алынганы айтылды. Косовонун чыгыш чек арасындагы Мердаре өткөөлү жүк ташуучу унаалар жана тракторлор менен тосулганын маалымат каражаттары жазышты. Косовонун түндүгүндөгү кырдаал декабрдын башында "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК депутаттын сурагын Көлбаевге байланыштырды

Депутат Бакиров кримтөбөл атыккан Көлбаевге байланыштуу УКМКга чакырылган. Эл өкүлү аны менен байланышын төгүндөдү. Казакстандын президенти Токаев 2023-жылды "Орус тилинин жылы" деп жарыялоону сунуштады. Сотто эс-учун жоготкон активист Нарматованын абалы канаттандыралык экени айтылды.

Azattyk.org 

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтү мыкты деп табылды

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Кыргызстандагы “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланганын билдирди. Сертификаттарды 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынында президент Садыр Жапаров тапшырды. Жеңүүчү айыл өкмөттөрүн тандоо эки топко бөлүнүп каралган. Биринчи орунга 1,5 миллион, экинчиге 1 миллион, ал эми үчүнчү орунга 500 миң сом ыйгарылды. Биринчи топто өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жайгашкан төмөнкү айыл өкмөттөр бар: ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөттүн жылдык отчету: салык, айлык жана тышкы карыз

Аткаруу бийлиги өлкөнүн 2022-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча жыйынтыктоочу жыйын өткөрдү. Министрлер кабинети быйыл консолидацияланган бюджетти 400 млрд. сомдон ашык көрсөткүч менен жаба турганын билдирүүдө. Президент төрагалык кылган өкмөттүн отурумунда мындан тышкары “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу" долбоорлору башталганы айтылып, министрликтердин ишине баа берилди. Экономикалык көрсөткүчтөр Адатта президенттер жыл соңунда Бишкектеги “Ала-Арча”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пермде алты адамдын өлтүргөн Бекмансуров өмүр бою камалды

Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинде алты адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган мурдагы студент Тимур Бекмансуров өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү 28-декабрда күнү Пермь облустук соту чыгарды. Ал Бекмансуровду бардык беренелер боюнча – алты адамды өлтүрүү жана 59 адамды өлтүрүүгө аракет кылуу, мүлккө зыян келтирүү жана милиционердин өмүрүнө кол салуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Мамлекеттик айыптоо аны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган. 2021-жылдын 20-сентябрында юридикалык факультеттин 1-курсунун студенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирандык шахматчы кыз дүйнөлүк чемпионатка жоолуксуз катышты

Ирандын мыкты шахматчы айымы Казакстандагы эл аралык турнирге хижабсыз катышты. Бул Иранда сентябрда полициянын абагында каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу кеңири жайылган нааразылык акцияларына тилектештиктин белгиси катары сыпатталууда. Ирандын маалымат агенттиктери 26-декабрда гроссмейстер Сара Хадем Алматы шаарында өткөн FIDE World Rapid and Blitz Chess Championships мелдешине жоолуксуз катышканын жазышты. Сентябрдын ортосунда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын чек арачыларына ижарага жер берүү келишими колдоо тапты

Парламенттин 28-декабрдагы жыйынында Орусиянын Чек ара кызматына Бишкек шаарынан 1,5 миң чарчы метрге жакын жерди ижарага берүү маселеси үч окууда каралып, колдоо тапты. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров 2000-жылы 25-июлда Кыргызстан менен Орусиянын чек ара кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди. Ага ылайык, кыргыз тарап орусиялык чек ара кызматкерлери менен алардын үй-бүлөсүн турак жай менен камсыздоо милдетин алган. "2013-жылга чейин алар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан: “Док-1 Макс” окуясынан улам министр ата-энелерден кечирим сурады

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Бехзод Мусаев “Док-1 Макс” дарысын ичкенден кийин каза болгон 18 баланын ата-энесине көңүл айтып, медицина кызматкерлери алардын өмүрүн сактап кала албаганы үчүн кечирим сурады. Мамлекеттик коопсуздук кызматы Quramax medical ишканасынын жана "Дары-дармектерди стандартташтыруу илимий борборунун" жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирди. Бир канча киши убактылуу кармоочу жайга камалды. Жакында Өзбекстанда “Док-1 Макс” дарысын ичкен 21 бала... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Шаардык сот Нарматованы абакта калтырды

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованы үй камагына чыгаруу боюнча апелляциялык арызды канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи Май райондук соту ушул иш боюнча кармалган 20дан ашуун кишини келерки жылдын февраль айынын ортосуна чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 27-декабрда бөгөт чарасы каралып жатканда Нарматованын абалы начарлап, кулап түшкөн. Конвой аны залдан көтөрүп чыгып, сот жараяны 28-декабрга которулган. Нарматованы "Тез жардам" алып кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМ тик учак жана өрт өчүрүүчү 140 автоунаа алынарын билдирди

Кыргызстан эки долбоордун алкагында Ми-8МТВ тик учагын жана өрт өчүрүүчү 140 автоунаа алат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, тик учактын баасы 12 млн. доллар, өрт өчүрүүчү унаалардын орточо баасы 120 миң доллар. "Бүгүнкү күндө эки ири долбоор ишке ашууда. Бул 140 өрт өчүрүүчү унаалар, орточо баасы 120 миң доллар жана жаңы Ми-8МТВ тик учагы, орточо баасы 12 млн. доллар. Бул кайтарылгыс гранттын эсебенен Кыргызстанга келиши күтүлүүдө"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик, мекемелердин жыл ичиндеги ишине баа берилди

2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда тогуз мекеме мыкты деп табылган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 28-декабрдагы жыйынында билдирди. Ал 2022-жылга 650 иш-чара каралганын айтып, анын аткарылышы боюнча "мыкты" деп саналган мекемелерди тизмектеди: Мамлекеттик салык кызматы; Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Ички иштер министрлиги; Коргоо министрлиги; Тышкы иштер министрлиги; Юстиция... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров Кумтөрдү текшере турган депутаттык комиссияны күтүп жатышканын айтты

Өкмөт Кумтөрдүн алтыны боюнча текшерүү жүргүзө турган депутаттык комиссияны күтүп жатканын бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал быйылкы жылдын жыйынтыгы менен өкмөт Кумтөрдөн 17,2 тонна алтын алууну көздөп жатканын айтты: “2021-жылы 10 тоннадан ашык алтын алдык. Ал биздин өлкөдө. 2022-жылы Кумтөрдүн командасы планды толук аткарабыз деп жатат. 17,2 тонна алтын өзүбүздө калат деп турабыз. Бир грамм алтынды да тоодо же калдык сактоочу жайда калтырбай казып алууга биздин адистердин кесиптик деңгээли жетет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сауд Арабиясында өзбекстандык зыяратчылар кырсыкка кабылды

Сауд Арабиясындагы Жидда-Медина жолунда өзбекстандык зыяратчылар бараткан автобус кырсыкка кабылып, 10  киши жабыркады. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги окуя 27-декабрда болгонун билдирди. Маалыматка караганда, "Аль-Афаж" транспорттук компаниясына таандык Mercedes-Benz автобусунун айдоочусу үргүлөп кеткен. Кырсыктан жабыркагандарга Мединанын жанындагы ооруканада алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калгандары Мединадагы мейманканага жайгаштырылган. Автобуста жалпысынан Өзбекстандын 50 жараны болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент аткаминерлерди ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырды.  "Айрым атка минерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым кылган фактылар бар. Ысырапкорчулук боюнча элден талап кылардан мурда ушул жерде отурган, биздин администрацияда, министрликте, облус, район, айыл өкмөттө иштеген чиновниктер өздөрү үлгү болуш керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып алып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров: тоо-кен тармагынан 48 млрд. сом түшөрү күтүлүп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда быйыл тоо-кен тармагынан 48 миллиард сом киреше түшөрү күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 28-декабрдагы өкмөттүн жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда айтты. "Тоо-кен тармагынан 2018-жылы 11 миллиард, 2019-жылы 13 миллиард киреше түшкөн. 2021-жылы 22,9 миллиардга жетти. Ошондо соңку эки жылда 70,9 миллиард сом түшөрү күтүлүп жатат", - деди Жапаров. Анын маалыматына караганда, быйыл он айда "Кумтөр" кенинен түшкөн киреше 26,5 миллиард сомго жетери күтүлүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров мамлекеттик кызматкер маянасы 100 миң сомго жетип жатканын айтты

Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу кызматта иштегендердин айлык маянасы 100 миң сомго жетип жатканы бүгүн 28-декабрда Министрлер кабинетинин президент катышкан жыйынында айтылды. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлер алып жаткан маянасына жараша чын ниеттен иштеши зарылдыгын, казынаны толтурууга олуттуу көңүл бөлүү керек экенин эскертти: “Бардык министрликтер, министрлик гана эмес, айыл өкмөттөн, жөнөкөй адистен баштап мага чейин бардыгыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жанталашып иштешибиз керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент иш кагаздарын кыргыз тилинде даярдабаган мекемелерди сындады

Президент Садыр Жапаров иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрбөгөн министрликтерди атап, аларды уяткарды. Ал 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында айтылган сөздөр кагаз бетинде гана калып, аткарылбай жатат деп сындады.  "Бардыгынын башаты сөз. 2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүгүртүү Инфодокс системасы боюнча айрым министрликтердин жана мекемелердин көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Экономика жана коммерция министрлиги - 13%, Санариптик өнүгүү министрлиги -12 %... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт

29-декабарда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11; Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градуска жетет. Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдердин аялдарды чектеген чечимин айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандагы талибдердин бийлигин аялдардын укуктарын сактоого чакырып, кыз-келиндердин университеттерде билим алышына жана гуманитардык жардам топторунда иштешине тыюу салынганын айыптады. 15 мүчөдөн турган кеңештин 27-декабрдагы билдирүүсүндө Ооганстанда кыздардын билим алышына тыюу салуу - “адам укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоо үчүн күчөгөн эрозия сыяктуу” деп айтылат. БУУ Баш катчысы Антониу Гутерриш коомдук турмуштан кыз-келиндерди четтетүү ооган элинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Бакиров УКМКга Камчы Көлбаев боюнча чакыртылганы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров “криминалдык авторитет” атыккан Камчы Көлбаевге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганы белгилүү болду. УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн 28-декабрда маалымат таратып, Бакиров менен Көлбаевдин байланышы аныкталганын билдирди. Маалыматта Бакиров 25-декабрда Көлбаев менен жолугуу үчүн Чолпон-Ата шаарындагы “Барс” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексине “атайын барганы”, мунун далили бар экени айтылды жана эл өкүлдөрүнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Басынган балалык, катаал тагдыр: Советбек Жумадылов жөнүндө баян

Быйыл кыргыз киносунун жана театрынын корифейлеринин бири, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленди. Кайталангыс чоң таланттын актердук жана адамдык тагдыры, чыгармачылык сапары тууралуу белгилүү театр таануучу, драматург, публицист, Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулманбетов менен маек курдук. -Менин алдымда "Советбек Жумадыловдун эки тагдыры" деген китеп турат. Бул китепти былтыр чыгарган экенсиз. Эки тагдыр дегенде анын кинодогу жана театрдагы тагдырын айтсаңыз керек. Бирок мени актёрдун жеке тагдыры кызыктырып жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Германия тажик оппозиционеринин уулун депортациялоону убактылуу токтотту

Германия бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Шамсиддин Саидовдун уулун мекенине депортациялоо маселесин кийинкиге жылдырды. Буга чейин тажик оппозициясы Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддин 13-декабрда Германиядан Тажикстанга жөнөтүлөрүн, ал жакта аны түрмө жана кыйноо күтүп турганын айтып, тынчсызданышкан. Укук коргоочу Фарход Одинаевдин айтымында, Абдулло Шамсиддиндин адвокатынын кайрылуусу, оппозициянын жана немис кесиптештеринин нааразылыгынан кийин депортация убактылуу токтотулду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда "Док-1 Макс"дарысынан уулуу зат табылды

Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө алып келген “Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол  заты табылды. Бул тууралуу 27-декабрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Текшерүүдө аныкталгандай, “Док-1 Макс” дарысын ичкен 21 бала курч респиратордук оору менен ооруканага жаткырылган, алардын 18и чарчап калган. Балдардын өлүмүн өз учурунда анализдей албаганы жана тиешелүү чара көрбөгөнү үчүн жети аткаминер кызматтан алынды. Дагы бир нече адис дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Топтолгон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сотто эсин жоготкон Нарматованын абалы боюнча маалымат берилди

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган мурдагы депутат Орозайым Нарматованын абалы канааттандырарлык экенин 28-декабрда “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан (ЖАМК) кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал тергөө абагында кармалууда, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүүдө. Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда бөгөт чарасы каралып жатканда Нарматованын абалы сот залында начарлап, ал кулап түшкөн. Конвой аны залдан көтөрүп чыгып, сот жараяны 28-декабрга которулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айзаданын өлүмү: Адвокат шектүү милиция кызматкерлеринин иши боюнча сотко кайрылды

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине козголгон иштин тергелиши боюнча маселе сотто каралмай болду. Бул тууралуу бүгүн 28-декабрда “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Ал тергөө эмне себептен создугуп жатканын билүү үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылганын, бүгүн алгачкы отурум болмогун, бирок эртеңкиге калганын айтууда: “Бүгүн терөөчү келе албай калды. Иш каякта экенин билбей турганын, ооруп калганын айтты. Читать дальше...


Фицо убежден, что помнит детали покушения

Корпоратив за городом: где и как лучше организовать тимбилдинг в Подмосковье

Жительница Сургута стала 13-миллионным посетителем выставки «Россия»

"Для нас очень важно найти противоядие". Как Россия может ответить на космическую угрозу от США



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Двойному сдерживанию» дали «двойной отпор» // Россия и Китай условились вместе противодействовать угрозам со стороны США

Тендер на капремонт котельной объявили в Ступине

В Москве начал работу Всероссийский слёт "Хранители истории"

«Кубань» - первый клуб, покинувший Мелбет-Первую лигу в этом сезоне

Музыкальные новости

Чемпионат России по футболу для людей с ограниченными возможностями начался в Дзержинске

Каратисты завоевали бронзу на Всероссийских соревнованиях по каратэ «Кубок Танкограда»

Россия, Бурятия, Культура и Дети: Байкальская театральная школа прошла в Иволгинском районе Бурятии

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Новости России

Фицо убежден, что помнит детали покушения

Присяжные вынесли обвинительный ведикт Шишкану и его банде за убийства

Корпоратив за городом: где и как лучше организовать тимбилдинг в Подмосковье

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Экология в России и мире

Делаем образ стильным при помощи одной яркой детали

Показ Academy Kaurtseva Fashion Day III 24

С чем носить джинсовое платье этой весной: примеры образов

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Спорт в России и мире

Свёнтек прошла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Moscow.media

Игровые клавиатуры Bloody S515R, B825R: механические свитчи и подставка под запястья

Руки-загребуки или парфюм с запахом уголовного дела

АвтоВАЗ запустит производство доступного семиместного автомобиля "Лада"

Столичные росгвардейцы задержали молодую распространительницу наркотиков







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *