Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Декабрь
2022

Новости за 26.12.2022

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын бөгөт чарасы өзгөргөн жок

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен беш милицияны кармады. Онлайн окуу айрым айылдагы окуучуларды кошумча түйшүккө салды. АКШда 40 жылдан бери боло элек ызгаар менен бороондон 50гө чукул киши каза тапты.

Azattyk.org 

Келерки жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, узап бара жаткан жылда уюмга төрагалык кылган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шериктештиктин потенциалын чыңдоо аракети көрүлгөнүн айтты. Келерки жылы төрагалык кыла турган Кыргызстанга ийгиликтерди каалаган. Орусиянын президенти Владимир Путин салттуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

26-декабрда Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен  Ражабали Рахмонали жолугушту. Тараптардын сүйлөшүүсү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук конушунда өтүп, кыргыз-тажик чек арасындагы абал, өз ара кызматташуу маселеси талкууланганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.   Жолугушууда 2023-жылы биргелешкен комиссиянын ишин улантуу, эки өлкөнүн жарандарынын мүлкүн кайтарууну тездетүү, чек арадагы абалды курчуткан чагымчыл аракеттерге... Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ депутат Атазовдун сынына жооп берди

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мекеменин кадр саясаты, өзгөчө Орусиядагы элчиликте иштеген кызматкерлер тууралуу айтканына жооп берди. Башкы дипломатиялык мекеме чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкери кызматка дайындалганга чейин соттуулугу жоктугун аныктоо боюнча Кыргызстандын тийиштүү органдарында атайын текшерүүдөн өтөрүн белгилеген. Маалыматта башка өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн бардык кызматкерлери ТИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тиешелүү кесиптик даярдыктан өтөрү айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда министрлик, мекемелердин саны азайтылат

Өзбекстандын президенти министрликтер менен мекемелердин санын 61ден 28ге азайтуу тууралуу буйрукка кол койду. Айрым мекемелер жоюларын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди. Бул план эмки жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылмакчы. Шавкат Мирзиеев мамлекеттик органдарды оптималдаштыруу пландарын жакында парламенттеги кайрылуусунда ортого салган. Документке ылайык, эми аткаруу бийлигинин органдарынын штаты 30% азайтылып, «айлык акы адилет төлөнөт». Үнөмдөлгөн каражат социалдык маселелерди чечүүгө жумшалмакчы.

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Шеримкулов аялдарды үй камагына чыгарууну суранды

Легендарлуу парламенттин төрагасы, коомдук жана саясий ишмер Медеткан Шеримкулов Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды үй камагына чыгарууну бийликтен суранды. Бул тууралуу ал 26-декабрда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. "Жаңы жылдын алдында турабыз. Ар түркүн сөз айткандарга, ар кандай ойдо жүргөндөргө туура мамиле кылуу керек. Агабыздын, атабыздын мааракесин өткөрүп жатканда бийлик башындагыларга бир кайрылайын. Жок дегенде аялдарды үй камагына чыгарып койгула... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстандагы жарылууда аймактык полиция башчысы мерт кетти

Ооганстандын Бадахшан провинциясында машинеге коюлган бомба жарылганда талибдердин аймактык полиция башчысы, дагы эки киши набыт кетти. “Азади” радиосу Ички иштер министрлигине таянып маалымдагандай, окуя дүйшөмбү күнү эртең менен Файзабад шаарында болгон. Министрликтин өкүлү шектүү адам кармалганын айтты. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Жергиликтүү медиа дагы төрт киши жаракат алганын жазды. Аймактык полиция башчысы Абдулхак Абу Омар "Талибан" кыймылы  (Кыргызстанда тыюу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрдин орун басарына ичимдик ичип рулга отурган деген негизде айып пул салынды

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго ичимдик ичип алып машине айдаган деген негизде айып пул салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Татиковго 17,5 миң сом айып салынып, автоунаасы атайын жайга токтотулган. Буга чейин айрым маалымат каражаттары рейд учурунда министрдин орун басары кармалды деген видеону жарыялашкан. Анда Татиков ичимдик ичкенин танып, кийин наркологиялык борбордон сыра ичкенин моюнга алып, мас эмес экенин айтканы маалымдалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кочкордогу окуя: милиция менен криминалдын "байланышы"

Нарындын Кочкор райондук милициясынын жетекчилери "криминалдык топту калкалаган" деп камакка алынды. Ички иштер министри Улан Ниязбеков кармалган милиция кызматкерлери криминал менен коюн-колтук алышып кеткенин мойнуна алып, облустук милиция башчылары да жоопко тартыларын эскертти. Кочкордо кафе иштеткен ишкерди милиция коргобой койгон окуя анын криминал менен чырмалышып кеткенин ачыкка чыгарган бир мисал катары талкууга жем таштады. Айрымдар өлкөдө криминалдык идеология кеңири жайылып, билимге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сеул Түндүк Кореянын дрондору чек араны бузуп өткөнүн билдирди

Сеул Түндүк Кореянын бир нече дрону эки өлкөнү бөлгөн демаркациялык сызыкты бузуп өткөнүн билдирди. "Рёнхап" агенттиги маалымдагандай, учкучсуз учактар чек арага жакын чөлкөмдө жана башкалаадан алыс эмес жерде байкалган. Бардыгы болуп Түштүк Кореянын аймагына беш дрон учуп кирген. Алардын аскердик коркунуч жаратып-жаратпаганы белгисиз. Түштүк Кореянын аскерлери чек араны бузууга жооп иретинде авиациясын асманга көтөрдү. Учактардын бири белгисиз себептерден кулап түшкөндө эки учкуч тең секирип үлгүргөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК депутат Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткен деген маалымат таратты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат таратты. Анда парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан тыңшоо жабдыктары табылганын айткандан кийин текшерүү иштери жүргөнү жазылган. Жанарбек Акаев, Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул иш боюнча маалыматы бар деген кишилер суракка чакырылганы белгиленген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чара 26-декабрда аяктады. Анда жазуучунун баскан жолу, чыгармачылыгы эскерилип, анын кыргыз маданиятына, адабиятына, тилине кошкон салымы белгиленди. Түгөлбай Сыдыкбеков – ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Жазуучу 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Кыргыз тарыхын калыс иликтеп чыгууга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токаев аялдардын пенсия курагы боюнча мыйзамга кол койду

Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токаев беш жыл бою аялдардын пенсияга чыгуу курагын 61 жаш деп кармоо тууралуу буйрукка кол койду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, тиешелүү мыйзам долбоорун парламенттин сенаты жактырган. Августтун аягында кошуна өлкөнүн аймактарында аялдардын пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылган акциялар өткөн. Анын катышуучулары бийликти пенсия курагын 58 жаш деп белгилөөгө, аны көтөрүүгө мораторий киргизүүгө чакырышкан. Ошондой эле президент базалык пенсияны... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токмок жылуулук борборундагы нааразылык боюнча маалымат берилди

"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы Токмок шаарындагы жылуулук борборунун кызматкерлеринин нааразылыгына байланыштуу билдирүү таратты. 26-декабрда эртең менен аталган ишкананын кызматкерлери жаңы дайындалган жетекчи Тыныбек Козубаев мурда соттолгонун айтып, аны менен иштешүүгө нааразылык билдиришкен. Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамааты менен тааныштырууга алып келишкенде, кызматкерлер аны киргизбей коюшканын "Азаттыкка" айткан. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен барды. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышат. Бейформал жолугушуу 26-декабрда саат 18:00дө башталат жана УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Быйыл өрт кырсыктары 26 кишинин өмүрүн алды

Быйылкы жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы каталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 26-декабрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөр 31 кишинин өмүрү, 15,5 миллион сомго жакын материалдык баалуулуктарды сактап калды. Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн. Министрдин орун басары быйыл өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 2,3% азайганын, өрттүн 66% турак жайларда катталганын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Шаардык сот дагы төрт кишини абакта калтырды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын дагы төртөө бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калтырылды. Алар - Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова. Шаардык сот аларды үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн четке какты. Биринчи Май райондук сотунун абак мөөнөтүн февралдын экинчи жарымына чейин узартуу чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин ушул эле сотто Бектур Асановдун, Равшан Жээнбековдун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ниязбеков: Кочкордогу окуя боюнча облустук милиция башчыларынын да жоопкерчилиги каралат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери боюнча комментарий берди. Министр бүгүн, 26-декабрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өткөн онлайн кеңешме учурунда Кочкордогу окуяга байланыштуу Нарын облустук милиция башчыларынын да жоопкерчилиги караларын айтты. "Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Осмонов насыяларды өндүрүшкө жумшоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов миграция агымын азайтуу үчүн өлкөдө ишкердикке, өндүрүш тармагына колдоо болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 26-декабрдагы жыйынында сүйлөп жатып айтты. "Тилекке каршы, текшерүүнүн айынан чоң ишкерлердин четке чыгып кеткени катталып турат. Мигранттардын көйгөйүн азайтуунун эң жакшы жолу өндүрүштү колдоп, жумуш орундарды түзүшүбүз керек. Биз алган насыялардын, гранттардын баары жолго... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кароосуз калган 13 бала Орусиядан алып келинди

Быйыл Орусиядан кароосуз калган, ата-энеси таштап кеткен 13 бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 26-декабрдагы жыйынында билдирди. "Биздин мамлекет аралык келишимдердин негизинде таштап кеткен же эне-атасынан ажырап калган балдар социалдык-стационардык мекемелерде кармалат. Биз быйыл 13 баланы алып келдик. Ал жерде чын эле көйгөйлөр бар экен. Таштап кетип жатышат, айрымдарынын аты-жөнү жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты

АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты. NBC News телеканалы маалымдагандай, миллиондогон кишиге аба ырайынын кескин бузулушуна байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертүү берилди. Бир нече киши машинесинде тоңуп калды, кар күрткүсү же муз астында калгандар бар. Бороондон улам өз убагында медициналык жардам ала албагандар болгону кабарланууда. Канада менен чек арадан баштап Мексиканын чегине чейин суукка алып келген бороон-чапкын Рождестводо эки жакка каттаган жүргүнчүлөрдү кыйын абалда калтырды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Окуу жайларга кышкы кабыл алуу башталды

Кыргызстанда 26-декабрда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун 1-туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. "Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды", - деп айтылат маалыматта. Кабыл алуунун биринчи туру 28-декабрда саат 14:00дө аяктайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сасык тумоонун көрсөткүчү төмөндөдү, ооругандар дале көп

Соңку бир апта ичинде (19-25-декабрда) Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар 32 миң 756 бейтап болду. Бул тууралуу 26-декабрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Ага чейинки бир апта ичиндеги (12-18-декабрда) көрсөткүчкө (43 миң 960 бейтап) караганда бул 11 миңге, башкача айтканда, 17% аз. Ооруп жаткандардын 64,3% жаш курагы 14кө чыга элек балдар. Быйылкы күз-кыш убагындагы сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Маданият министрлиги "Азаттыктын" сайтын бөгөттөө мөөнөтү узарганын билдирди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет. Сарногоева сайтты бөгөттөөнүн мөөнөтү эч кайсы мыйзамдык нормаларда жазылбаганын, материал сайттан өчүрүлгөндө гана анын иштешине уруксат берилерин айтты. Буга чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Вино жөнүндө сүйлөшөлү

Вино (же шарап) – даярдалышы, сакталышы жагынан өтө назик ичимдик. Анын баасы жасалган жылына, өндүрүлгөн аймагына жараша болот. Кыргыз коомунда вино ичүү маданияты канчалык калыптанган? Шарапты башка алкоголдук ичимдиктерден айырмасы эмнеде? "Ачык Time" подкастында ушул темага кайрылабыз. Спирттик ичимдиктерди көп ичүү саламаттыкка зыян экенин эскертебиз!


​Наращивают киловатты. В 2023 году в Пермском крае зарегистрировали почти 1,7 тыс. электрокаров

КНДР предупредила, что F-22 на полуострове создадут неприятности для США

Синоптик пообещал москвичам солнечные и теплые выходные

Около 2 500 бесплатных посылок отправили томичи в зону проведения СВО



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Синоптик пообещал москвичам солнечные и теплые выходные

Турнир по шашкам пройдет в центрах московского долголетия

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о повышении спроса на приобретение частных домов среди россиян

КНДР предупредила, что F-22 на полуострове создадут неприятности для США

Музыкальные новости

Актер из «Папиных дочек» пропал в Москве

В мире могут закрыть поставки из Китая. «Святой Ленин» на встрече В.В. Путина и Си Цзиньпина повышает качество жизни народам России, Китая, всего мира.

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши

Эвелина Блёданс: Солнечная сказка для солнечных детей

Новости России

Москва будет петь A Cappella. Стартует международный фестиваль

В Москве задержан вице-губернатор Алтайского края

Двое полицейских пострадали в ДТП на служебной машине на юге Москвы

Мягкое и твердое // Шестилетней Мие Козыревой нужно заменить штифт в ноге

Экология в России и мире

Стой и не двигайся: доктор Кутушов рассказал, что делать при встрече со змеями

Семьи со всего Уральского федерального округа приняли участие в конкурсе «Это у нас семейное»

10 полезных продуктов для сердца

Глава Центробанка РФ: "Я вижу в ЦФА большой потенциал"

Спорт в России и мире

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Свёнтек прошла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Moscow.media

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

АвтоВАЗ запустит производство доступного семиместного автомобиля "Лада"

Краски севера V

Столичные росгвардейцы задержали молодую распространительницу наркотиков







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *