Кемпир-Абад иши: Жактоочулардын ИИМдин Тергөө кызматына каршы даттануусу сотто карала баштады
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын адвокаттарынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына каршы даттануусу бүгүн 1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда карала баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, жактоочулар сотко Тергөө кызматы аларга айрым тийиштүү документтерди көрсөтпөй жатканын айтып даттанышкан. Кеп лингвистикалык жана политологиялык экспертиза жүргүзүүгө, экспертиза жүргүзө турган адамдар тууралуу маалыматка... Читать дальше...