Bloomberg: Орусия санкцияны кыйгап электрондук микрочип сатып алышы ыктымал
Орусия санкцияларды кыйгап европалык микрочиптерди сатып алып жаткан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Еврошаркеттин жогорку дипломатына шилтеме берип Bloomberg агенттиги кабарлады. Анын айтымында, соода санкцияларга кошулбаган Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары өндүү үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен ишке ашууда. Дипломат Брюссел жана Чоң Жетинин жазалоочу чараларына карабай Орусиянын импорту согушка чейинки көлөмгө жетип калганын белгиледи. Импорт азиялык мамлекеттер, анын ичинде Кытайдан да өскөн. Читать дальше...