Жарандык активист Афтандил Жоробеков милицияга сурак берип чыкты
Жарандык активист Афтандил Жоробеков 26-мартта милицияга күбө катарысурак берип чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал эч кандай маалымат бербөө тууралуу тил кат жазганын айтып, кайсы ишке байланыштуу күбө катары өтүп жатканы тууралуу маалымат айткан жок. Ишемби күнү Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына Октябрь райондук милициясынан келген чакырууну жайгаштырган. Анда ал 26-мартта суракка күбө катары келиши керектиги жазылган. Активист постунда суракка чакырууга социалдык медиадагы посттору себеп болушу мүмкүн деген пикирин жазган. Читать дальше...