Дүйшөмбү Ага Хан университети курулган жерди кайтарууну талап кылды
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Хорогдогу Борбор Азия университети курулган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды. Буга чейин өткөн айда Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган. Андан мурда Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган. Университет жайгашкан жерди 1990-жылдардын аягында Ага Хан Өнүктүрүү фонду сатып алган. Тажик бийлиги бул жер мыйзамсыз алынганын билдирүүдө. Жогорку экономикалык соттун сайтындагы маалыматка караганда, прокуратуранын арызы 12-июлда каралмак. Читать дальше...