УКМК жасалма кыргыз паспорту бар чет өлкөлүк кармалганын кабарлады
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жасалма кыргыз паспортун алып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, учурда бул кылмышка тишеси бар башка адамдарды аныктоого байланыштуу иликтөө уланып жатат. Шектүү УКМКнын тергөө абагына камалды.
Ушул жылдын май айында Стамбулда кандуу чабуулга байланыштуу айып коюлган өзбек жаранынан кыргыз паспорт табылган.
Анын алдында, март айында УКМК Өзбекстандын жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деген шек менен кармалганын билдирген.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу учурлар орун алган.
Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар катталган. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония аттуу дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.
2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынганы белгилүү.