Ошто 60тай мечит-медресе убактылуу жабылды
Ош облусунда жана Ош шаарында 60тай мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылды. Өлкө түштүгүндөгү диний жайлардын жабылышын кубаттагандар да, сындагандар да бар.
Ош облусунда жана Ош шаарында 60тай мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылды. Өлкө түштүгүндөгү диний жайлардын жабылышын кубаттагандар да, сындагандар да бар.
Пакистандын президенти Ариф Алви өкмөт башчы Шахбаз Шарифтин сунушу менен 9-августтун кечинде парламентти таркатуу буйругун чыгарды. Убактылуу премьер-министр жакынкы үч күн ичинде дайындалып, шайлоо 90 күн ичинде өткөрүлүүгө тийиш. Кетип жаткан өкмөт шайлоо кийинки жылга жылышы мүмкүн экенин эскертти. Улуттук кеңештин бул жолку чакырылышынын соңку жыйынында сүйлөгөн Шахбаз Шариф 2022-жылы Имран Хан кызматтан кеткенден кийин парламент ага жана коалициялык өкмөткө өлкөдөгү толгон-токой көйгөйдү чечүүнү тапшырганын, бул оңой болбогонун айтты.
Финансы министрлиги "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн айлык акысына байланыштуу маалыматка түшүндүрмө берди. Буга чейин Kaktus.media басылмасы Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу катары "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинен айына 45 миң доллар айлык алып турганын жазган. Мындан сырткары "Кумтөрдөгү" айлыгы 55 миң доллар экени, жалпысынан айына 100 миң доллар алып турганы жазылган. Аталган басылма бул тууралуу өз булактарына таянып жазган. Читать дальше...
Эквадордун президенттигине ат салышып жаткан, жемкорлукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы кескин билдирүүлөрү менен белгилүү таанылган Фернандо Вильявисенсиону атып кетишти. Окуя 9-августтун кечинде баш калаа Китонун түндүгүндөгү шайлоо өнөктүгү учурунда болгонун бийлик билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, саясатчыга каршы отуздай ок атылган. Социалдык тармактарга жайылган видеодон Вильявисенсио иш-чарадан кийин машинесине отуруп жаткан маалда октун үнү чыгып, кыйкырык-сүрөөн башталганын көрүүгө болот. Читать дальше...
Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов кызматынан кетти. Бул туралуу "Азаттыкка" ишенимдүү булактар билдирди. Анын айтымында, буга чейин нааразылыкка чыккан кызматкерлерге тартиптик чара көрүлгөн. 28-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын алдына чыгышкан. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине... Читать дальше...
Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 151-контурдан жер тилкесин алган жүздөй тургуну жер мунапысына байланыштуу 10-августта Чүй облустук акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыкты. Алардын айтымында, жер мунапысы менен мыйзамдуу берилген кызыл китептери кайра жокко чыгып жатат. "Биз жерди басып алган жокпуз, сатып алганбыз. 600дөн ашык адам бүт документтерди топтоп кызыл китеп алсак, кайра жокко чыгарып жатат. Биз мыйзамды сыйлап үй салган жокпуз. Мурдагы аким чыгарган токтомун кайра жокко чыгарып салыптыр"... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Унаа” мамлекеттик мекемеси автотранспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын онлайн режиминде кайра каттоону ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорун баштайт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Сыноо мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөт саналат. Долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашса, мындай иш тартиби андан ары улантылат. Онлайн кайра каттоо үчүн менчик ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, “Унаа”... Читать дальше...
Узак жылдар бою Улуттук телерадио корпорациясында сүрөтчү-коюучу болуп эмгектенген Кумаш Турусбеков учурда пенсияга чыгып, үйүндө. Бирок убактысын текке кетирбей, поэтикалык жана бөбөктөр үчүн даярдалган китептерге сүрөт тартуу менен алек. “Азаттык” сүрөтчү менен жарым кылымдан бери сактап келаткан Үркүн темасындагы эмгектери боюнча маектешти. - Арыбаңыз, Кумаш ага. Сиздин Үркүн темасында тарткан бир топ эмгектериңизди социалдык тармактагы баракчаңыздан көрдүк. Алар жазуучу Касымалы Баялиновдун... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматында айтылгандай, Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 31ге жетти. БШКга арыз тапшыргандардын көбү өзүн өзү көрсөткөн. Бүгүн, 10-август депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы күнү. БШКнын соңку маалыматына ылайык, Айбек Субановдон арыз түшкөн. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматта көсөтүлгөндөй, ал Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери. Ага чейин мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаган эки телеканалга айып пул салды. Алар “312 КИНО” жана “312 ТВ” телеканалдары. Мыйзамга ылайык, эфирге чыгып жаткан берүүнүн 50% кыргыз тилинде, 50% жергиликтүү контент болуш керек. Ушул эрежелерди сактабаганы үчүн телеканалдардын ар бири 23 миң сомдон айып пул төлөйт. Министрлик жарым жыл ичинде жети телеканалга - “312 Музыка”, “НТС” (Жаша), “Кью спорт” (Q-Sport Arena)... Читать дальше...
Кыргызстандагы абактардын биринде кримтөбөл Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленип, дасторкон үстүндө отургандардын сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар абактагы түзүлгөн шартты сындаса, дагы бири өлкөдөгү кримчөйрөнүн таасири күчөгөнүн айтууда. Буга чейин атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдөгү кылмыш топтору толугу менен жоюла турганын айткан. Чүйдүн Новопокровка айылындагы №3 колонияда жаза мөөнөтүн өтүп жаткан 20дай кишинин жайыл дасторкондо отурган сүрөтүн "Кактус Медиа" басылмасы жарыялады. Читать дальше...
Ошто жер мунапысы кечеңдегени тургундарды нааразы кылууда. Ал ортодо Кадастр кызматынын мурунку жетекчиси мунапыска байланыштуу шаардык бийликти айыптап чыкты.