Баткенде тамчылатып суугаруу жолу менен 24 гектар жерди бакка айлантуу долбооруна 70 миллион сом каражат сарпталып, бирок эки жылдан бери бир түп дарак тигиле элек. Бул каражат кытай өкмөтү тарабынан грант катары берилген. Калган каржысына акча табылбагандыктан долбоор токтоп калган.
Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Маттео Мекаччи “Азаттыкка” жазуу түрүндөгү маегинде кыргыз парламентин “чет элдик өкүл” деген ат менен таанымал талаштуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.