Газадагы согушка жарым жыл, Израилде өкмөткө каршы митинг
Жарым жыл мурун ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда 1200дөй кишинин каны төгүлүп, 253 адамды туткунга алып кеткен. Алардын жарымы бошотулганы менен калгандарынын тагдыры белгисиз. Газада алты айда 33 миңдей палестиндин өмүрү кыйылып, 2,3 млн элдин 85% качкынга айланды.