Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар да бар.
28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлоо өтүп, добуш бергендердин активдүүлүгү төмөн болду. Бул жолку кайра шайлоо парламенттеги эл өкүлдөрү мандаттан баш тарткандан кийин өттү. Жакынкы айларда дагы үч округда шайлоо өтүшү ыктымал. Соңку жарым жылда парламенттин курамы өзгөрүп, бийликтин башкы сынчысы саналган Адахан Мадумаров мандатынан ажырады. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө шайлоо, андагы активдүүлүк, парламенттеги соңку өзгөрүүлөр жана алдыдагы эмне күтүлөрү тууралуу сөз кылабыз.
Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар бар.
29-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Бейиши болгур мекенчил акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө бүгүн туура төрт жыл болду. Убакыт зымырап учуп, жылдар эскиргени менен жакшы акындын жакшы ырлары эскирбейт экен.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков болду.
Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.