Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Март
2025

Новости за 21.03.2025

Azattyk.org 

"Күйөөм сакалы үчүн депортацияланды". "Крокустагы" калабага бир жыл

Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборундагы терактка бир жыл болду. Бул кандуу калабадан кийин Орусия миграциялык саясатын катаалдаштырып, мигранттар кыйын кырдаалга туш болду. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны кыскарып, көбү ал өлкөгө кире албай калды же депортация болду.

Azattyk.org 

Израил аскерлерине Газадагы операцияны күчөтүүнү буйруду

Израилдин коргоо министри 21-мартта Газа тилкесиндеги аскерлерине аймакка тереңирээк кирүүгө буйрук бергенин жарыялап, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) барымтасындагы туткундар бошотулганга чейин аймакты көзөмөлгө алып турууну тапшырды. Жума күнү Газадагы кырдаал боюнча сүйлөп жатып, коргоо министри Иcраэл Кац операциялар “ХАМАС туткундарды бошотконго чейин улам күчөй берет” деп билдирди. Стратегиялык мааниге ээ болгон Нетзарим коридорунун бир бөлүгүн кайра көзөмөлгө алгандан кийин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамыркулованын иши: Журналист сурактан баш тартты, ондогон жаран бийликке кайрылды

21-мартта Кыргызстандагы укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. 60тан ашуун кишинин аты-жөнү жазылган кайрылууда Канышай Мамыркулованы бошотуу чакырыгы айтылган.

Azattyk.org 

Лондондогу Хитроу аэропорту өрттөн улам бир суткага жабылды

Лондондогу эң чоң Хитроу аэропорту электр энергиясы менен камсыз кылган көмөк чордонундагы (подстанция) өрттөн кийин иштебей калды. Миңден ашуун каттам токтотулуп, кийинкиге жылдырылып же башка багытка жөнөтүлдү. Аэропорттун расмий сайтынын маалыматына караганда, ал ишин ишемби түн ортосуна чейин жандантпайт. Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Хитроу – Европадагы эң чоң аэропорттордун бири. Подстанциясындагы өрт 21-мартка караган түнү тутанган. Жергиликтүү тургундар станция аймагында жарылуунун үнү угулуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кризистик борборлор жабылса кыйналган кыз-келинге ким кол сунат?

Февраль айында парламентте донорлордун каржылоосу чектелгенинен улам кризистик борборлор жабылып калуу коркунучта турганы айтылды. Анда зомбулукка кабылган аялдардын маселесин чечүүдөгү өкмөттүн ролу талкууланды. Кризистик борборлордун саны кыскара турган болсо оор абалда калган аялдарга ким колу сунат? Алар кайда барып, кимден жардам күтүшү керек?

Azattyk.org 

Түрк оппозициясы өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырды

Түркиянын башкы оппозициялык партиясы Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына каршы жума күнү өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырды. Митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан 20-марттын кечинде миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Анкара, Измир, Стамбул жана башка шаарларда митингдер өтт. Полиция алардын катышуучуларын көчөлөрдү тосуп, айрым жерлерде суу чачыратып таркатууга аракет жасады. Өзгөчө студенттер катышкан акцияларга басым жасалды. Ички иштер министри Али Ерлыкая билдиргендей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Ноорузга карата 900дөй адамга мунапыс берди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20-мартта 900гө жакын айыпталуучуга мунапыс берүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун анын басма сөз кызматы билдирди. ”Нооруз эл аралык майрамына жана гумандуулук принциптерине байланыштуу эркинен ажыратылган 897 адамды кечирип, аларды мындан аркы жазасын өтөөдөн бошотууга буйрук кылам», – деп айтылат документтин текстинде. Жарлыкка ылайык, мунапыска илингендердин арасында жеңил, орто жана оор кылмыш жасаган, учурда жазасын өтөп жаткандар бар. Буга чейин Эмомали Рахмон 2020-жылы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Майрамдык шаң, чет элдик студенттердин бийи. Бишкек, Оштогу Нооруз

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Нооруз белгиленип жатат. Кыргызстандын Бишкек, Ош баш болгон шаарларында, аймак, айылдарда да майрам түрдүү оюн-зоок менен коштолду. Ошто быйыл Нооруз президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү. "Азаттык" Бишкек, Ошто тартылган сүрөттөрдүн айрымдарын топтоду.

Azattyk.org 

Эл аралык миграция уюму: 2024-жылы мигранттардын өлүмү көп катталды

Эл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган. “Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн көбөйүшү кабыл алынгыс жана алдын алууга мүмкүн. Ар бир сан – бул адамдын тагдыры, анын жоголушу үй-бүлөлөр үчүн чоң трагедия”, – деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Угочи Дэниэлс. Жер Ортолук деңизинде эле былтыр Европаны көздөй багыт алган 2 452 киши каза тапкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Журналист Мамыркулованы бошотууга чакырган кайрылуу бийликке жолдонду

Кыргызстандагы укук коргоочу, активист, журналисттер 21-мартта президенти Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. 60тан ашуун кишинин аты-жөнү жазылган кайрылууда 20-мартта камалган журналист, активист Канышай Мамыркулованы бошотуу чакырыгы жазылган. "Журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келет. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда. Ырас, Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орунбеков "Элкат" мамлекетке өткөнүн, Бакиев кайтарылса кылмыштуу иштер ачылышы мүмкүндүгүн айтты

2025-жылдын 20-мартында Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 21-мартта Фейсбуктагы баракчасында жазды. "Бул компания 2007-жылы мурдагы Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Кенжебаев Закирали, Шмелев Сергей, Левинец Константин жана Дудин Михаил тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Волкер Түрктүн Бишкек сапары: БУУ сөз эркиндиги, адам укугунун абалына кабатыр

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына камтамачылыгын билдирди. Ал өлкөдө топ активисттердин жана журналисттердин камалганын, айрым медиаларга чектөөлөр болгонун айыптады.

Azattyk.org 

БУУнун комиссары Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануу билдирди

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Кыргызстанда адам укуктары бузулган жана сөз эркиндиги кысымга алынган фактылар бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-мартта Бишкектеги сапарынын жүрүшүндө Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн баш кеңсесинде өткөн маалымат жыйында айтты. Ал бир нече активист жана журналисттер камалганын, айрым медиаларга чектөөлөр болгонун мисал келтирди. "Мен Кыргызстан өткөөл мезгилде турганын түшүндүм. Акыркы жылдары көз карандысыз жарандык коомдун ишин чектеген бир катар кадамдар жасалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Билим берүү департаментин жоюу жөнүндө жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп 20-мартта Ак үйдө окуучулар, мугалимдер катышкан иш-чарада федералдык Билим берүү департаментин (DoE) жоюу аракетин баштоо тууралуу жарлыкка кол койду. Трамп президенттикке ат салышып жаткан маалда аталган департаментти жое турганын убада берген. Жарлыкка ылайык, билим берүү тармагын башкаруу милдети штаттар менен жергиликтүү кеңештерге берилет. Мекемени толук жабуу үчүн Конгресстин чечими керек. Reuters Трамптын жарлыгы ишке ашуусу үчүн мыйзам чыгаруучулардын добушу жетпей калышы ыктымалдыгын жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда Нооруз белгиленүүдө

Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган пролог менен башталды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрамконцерт менен коштолуп жатат. Аянтта кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулган. Оштун башкы аянтында Нооруз майрамы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Ал куттуктоо сөзүндө кыргыз-тажик чек ара келишимине токтолуп, аны "чоң жетишкендик" катары айтты. 31-мартта Өзбекстан жана Тажикстандын башчылары жолуга турганын билдирди. Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *