Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түрк оппозициясы өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырды

Түркиянын башкы оппозициялык партиясы Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына каршы жума күнү өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырды.

Митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан 20-марттын кечинде миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

Анкара, Измир, Стамбул жана башка шаарларда митингдер өтт. Полиция алардын катышуучуларын көчөлөрдү тосуп, айрым жерлерде суу чачыратып таркатууга аракет жасады. Өзгөчө студенттер катышкан акцияларга басым жасалды.

Ички иштер министри Али Ерлыкая билдиргендей, бейшембиде Стамбул университетинин кампустарында жана башка аймактарда башталган митингдерде 53 адам кармалып, 16 полиция кызматкери жараат алган.

Түркиянын өкмөтү Республикалык Элдик партиянын акцияга чакыруу аракеттерин "мыйзамсыз" деп атап, эскертүү жасады.

Имамоглу президент Режеп Тайып Эрдогандын башкы саясий атаандашы катары айрым сурамжылоолордо алдыда келе жаткан. Ал 18-мартта коррупция жана террордук топко көмөктөшүү боюнча айыптар менен кармалган.Аны жекшембиге чейин кармоого уруксат берилген, ошол убакка чейин сот анын расмий камакка алуу маселесин чечиш керек.

Оппозициядагы Республикалык элдик партия (CHP) бул камакка алууну саясий жүйөөсү бар аракет деп сыпаттап, элди мыйзам чегинде тынч демонстрация өткөрүүгө чакырды. Ал эми Европа лидерлери бул кадамды Түркиядагы демократиянын артка кетиши катары сындашты.

Бийлик Имамоглунун камалышына тиешеси бар деген дооматтарды четке кагууда.

Имамоглунун камалышы ички рынокто да олку-солкулукту жаратты. Түрк лирасы жана облигациялары кескин арзандап, жума күнү Стамбул биржасында акциялар 7% төмөндөдү.

54 жашта Имамоглу эки жолу Стамбул шаарынын мэри болуп шайланган. Республикалык элдик партия партиясы жекшемби күнү аны президенттикке талапкер катары жарыялары күтүлүп жаткан.

Имамоглунун камалышынан бир күн мурун университет анын диплому жокко чыгарылганын жарыялады. Эгер бул чечим күчүндө калса, анда ал президенттикке талапкерлигин коё албай калат. Анткени Түркиянын Конституциясы төрт жылдык жогорку билимге ээ болууну талап кылат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *