Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2026

Новости за 06.02.2026

Azattyk.org 

"Жолдо сак болгула". АКШда кыргыз жигит кырсыкка кабылды

АКШда кыргызстандык айдоочу киши өлүмүнө шектелип кармалды. Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук департаменти билдиргендей, 4-февралда Индиана штатынын Жей округундагы кан жолдогу кырсыкта төрт америкалык жаран мүрт кеткен.

Azattyk.org 

Эки менчик автомектептин жетекчиси кармалды

АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталып, кыргызстандык мигрант кармалды. Омандын борборунда 6-февралда АКШ жана Ирандын өкүлдөрү жолугушту. Президент Садыр Жапаров өзүнүн иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге катуу эскертүү берди. Эки менчик автомектептин жетекчиси кармалды.

Azattyk.org 

Курулушу мыйзамсыз делген көп кабаттуу 200 үйдүн 150сүнүн маселеси чечилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы мыйзамсыз деп айтылып келген, мындан улам курулушу токтоп калганы айтылган үйлөр боюнча "Азаттыкка" маалымат берди. Министр соңку эки жыл ичинде өлкөдөгү курулуштардын баары текшерилип, жыйынтыгында 200дөн ашык көп кабаттуу үй курулуштагы талаптарга жооп бербегендиктен мыйзамсыз деп табылганын билдирди. Азыркы тапта бул тизмедеги 150 объект аталган министрлик аркылуу мыйзамдаштырылып, документи берилди. "Соңку бир жылда 150 курулушту легалдаштырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

“КГБ тергөөчүсү ар бириңерге иш даярдап койгонбуз деп айткан”

Кыргызстанда 80-90-жылдардагы толкун тууралуу, жаңылануу, өзгөрүүнүн эңсеген кыймылдар тууралуу азын улак сөз кылып жүрөбүз. Ошол доордогу чакырыктардын күүсүнөн азыр дагы чыга албай, ошол эле аң-сезим менен жүргөн жокпузбу? Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык? Азыркы жаш муунга ким өрнөк, эмне баалуу? “Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эмил Каптагаев.

Azattyk.org 

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт

5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту. Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек болчу. Бирок быйыл январь айында АОК Сауд Арабиясы кышкы Азиаданы өткөрө албай турганын жарыялады. Акыркы жылдары АОК үчүн кышкы Азия оюндарын өткөрө турган өлкө же шаар табуу олуттуу көйгөйгө айланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ - Иран: Омандагы сүйлөшүү согуштун алдын алабы?

6-февралда Омандын башкалаасы Мускат шаарында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталды. Делегацияларды Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштап барышты. Жолугушууга сүйлөшүүгө арачы түшүп келаткан Омандын жогорку өкүлдөрү да катышууда. Кээ бир эксперттер бул сүйлөшүүлөрдү согушутун алдын алуу багытындагы акыркы мүмкүнүчүлүк деп баалашат. Анын так күн тартиби ачыкка чыгарылган жок. Маалыматтарга караганда Иран кездешүү мурункудай эле тикелей эмес... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милан-Кортина Олимпиадасы: Кыргызстандан эки спортчу аттанды

XXV кышкы Олимп оюндарында Кыргызстандан эки спортчу ат салышат. Алар Тимур Шакиров жана Артур Сапарбеков. Олимпиада бул жолу Италияда өтүп жатат. 6-февралда башталган таймаштар 22-февралга чейин уланат. Кыргызстандын туусун спортчу Артур Сапарбеков көтөрүп чыгат.

Azattyk.org 

Таласта аялына май чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды

Талас облустук ички иштер башкармалыгы аялына май чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-февралда 28 жаштагы М.Т. аттуу келин арыз менен кайрылып, былтыр 15-октябрда Бакай-Ата районунда жолдошу үйдө ага май чачып күйгүзүп жибергенин айткан. Бул окуя боюнча ошол эле күнү райондук милицияга бир үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшүп, каттоого алынган. “Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суракка алынып, алар меште от күйбөй калгандыктан бензин чачылган учурда жалын тутанып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров жарандарды "Унаадагы" реформаны колдоого дагы бир жолу чакырды

Президент Садыр Жапаров айдоочуларды окутуу боюнча жасалып жаткан реформа 50-60 жылда толугу менен жемишин берерин билдирди. Бул тууралуу ал 6-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты. Ал жол кырсыгынан каза тапкандар жана майып болгондор көбөйүп жатканын, бул тармакта реформа жасалбаса маселе тереңдей берерин белгиледи. Жапаров коомчулукту өзгөрүүлөрдү колдоого чакырып, менчик мектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирим сурады. “Окуду” кылып справка берип, “өттү” кылып күбөлүк саткан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эмгек министрлиги былтыр жумушсуздар саны 22% кыскарганын билдирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылы өлкөдө жумушсуздардын саны 22% кыскарганын билдирди. Бул тууралуу министрдин орун басары Камчыбек Досматов мекеменин жыйынында маалымат берди. Былтыр иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турган. Бул 2024-жылдагыдан (70,6 миң киши) 20% аз. Алардын ичинен расмий жумушсуз макамы болгондор 38,1 миң кишини түзүп, мурдагы жылдагыдан 22% азайган. “Ишке орношкон жарандардын саны 17,5 миң адамды түздү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда мечиттин жанындагы жардыруудан 31 кишинин өмүрү кыйылды

Пакистандын борбору Исламабад шаарындагы шии мусулмандарынын мечитинде жума намазы окулуп жатканда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 31 адам каза болду. Бул тууралуу полиция билдирди. Жаракат алгандардын саны 160 ка жетти. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө мечиттеги жерге төшөлгөн килем канга боёлуп, айнектери сынып, ар кандай калдыктар чачылып жатканын көрүүгө болот. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн борбор шаарда мындай жардыруулар сейрек кездешет. Ошол эле учурда, серепчилердин айтымында,... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү караштырып жатат

Тажикстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жамшед Жумахонзода билдирди. Анын айтымында, мындай чара туризмди өнүктүрүү менен катар экономиканын бир катар башка маанилүү тармактарына да салым кошуусу мүмкүн. Кытай Тажикстан үчүн ири туристтик рынок бойдон калууда. Ошондой эле араб өлкөлөрүнөн, УлууБританиядан, Германиядан, Франциядан, Орусиядан жана Түштүк Кореядан келген туристтердин кызыгуусу өсүп жатканы байкалууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Куудул Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салынды

Куудул Нурлан Сабуровго Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салынды. Бул тууралуу РБК басылмасы укук коргоо органдарындагы булагына таянып 6-февралда билдирди. Тиешелүү чечим 30-январда кабыл алынган. РИА Новости агенттиги өз булагына таянып жазгандай, чечим "улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында, мыйзамдарды сактоо жана салттуу руханий адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоо максатында" кабыл алынган. Ал эми ТАСС агенттигинин булагынын айтуусуна караганда, бул чечимге Сабуровдун согушту сындаганы, ошондой... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаранды телефондон алдап, батирин саттырган үч киши кармалганын Бишкек милициясы кабарлады

Бишкек шаардык милициясы телефон аркылуу жарандардан акча чогултууга шектелип үч киши кармалганын билдирди. 22-декабрда Г.Ч. аттуу жаран кайрылып, өзүн атайын кызматтын жана банктын кызматкери катары таанышырып акча которууну талап кылгандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Алар жабырлануучуга WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, психологиялык басым көрсөтүп, ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө аргасыз кылышкан. “Натыйжада жаран өзүнө таандык батирин сатууга мажбур болуп, алардын көрсөтмөсү боюнча акча каражатын көрсөтүлгөн эсептерге которгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүй милициясы эки автомектептин жетекчилери кармалганын билдирди

Чүй облустук милициясы эки автомектептин директору жана ортомчулук кылган бир жаран документ жасалмалоого шектелип кармалганын билдирди. Органдын маалыматына караганда, автомектеп жетекчилери ортомчу И.Т. жана башка жарандар аркылуу чет өлкөдө жүргөндөргө айдоочулукка окуганы тууралуу жасалма документтерди даярдап жүрүшкөн. Бул үчүн бир кишиден 40 миңден 120 миң сомго чейин акча алып турушканы жазылган. “Акча каражаттары алынгандан кийин кылмышка шектүүлөр жарандарды мамлекеттик порталга жасалма түрдө каттап... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кымбатчылык кыйнады". Элдин пикири, өкмөттүн маалыматы

Кыргыз өкмөтү кымбатчылыкка каршы чара көрүүнү убада кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында айтылды. Анда депутаттар өлкөдө азык-түлүктөн баштап коомдук жайлардагы тейлөө акысына чейин баары кымбат болуп жатканын айтышты.

Azattyk.org 

Быйыл Орозо 19-февралда башталат

Быйыл Орозо айы 19-февралда башталарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Мындай чечим Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешинде кабыл алынды. Тараба намазы 18-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окула баштайт. Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Azattyk.org 

№13 округдагы добушканаларга камера коюлушу боюнча кылмыш иши кыскарганы кабарланды

Былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда №13 округда добушканаларга камералардын орнотулушу боюнча козголгон кылмыш иши кыскарганы кабарланды. Бул тууралуу эркин журналист Эламан Карымшаковдун Youtube каналындагы көрсөтүүдө Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев билдирди. “Укук коргоо органдары текшерген. Ошол факты боюнча кылмыш иши кыскарган”, - деп ал учкай жооп берген. Журналист андан кеңири түшүндүрмө сураганда ал жооп берүүдөн баш тарткан. Ички иштер министрлигинин басма... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндө үч милиционер өспүрүм кызды "сексуалдык аракетке түрткөн" деген шек менен кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Өзгөн райондук милициясынын үч кызматкери жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге тартканы үчүн кармалганын билдирди. Атайын кызматтын 6-февралдагы маалыматына караганда, аталган милиция башкармалыгынын улук участкалык кызматкери З.у.А., жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. кармалды. Алар 2008-жылы туулган Т.А.У. аттуу кызды жарандар менен жыныстык катнашка барууга азгырып, аны менен мамиле түзгөн эркектерди колго түшүрүү схемасын түзгөнү жазылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кымбатчылык көйгөйү парламентте көтөрүлдү

Кыргызстандыктар жашоо кымбаттап, күнүмдүк тиричилик оорлоп баратканын айтууда. Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, азык-түлүктөн баштап, коомдук жайлардагы баа кескин өскөнү айтылды. Өкмөт буга негизинен импорттун көп болгону себеп экенин, ага каршы аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Azattyk.org 

ИИМ айрым эрежелерди бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырарын эскертти

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бир жыл ичинде үч жана андан көп жолу жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшыра турганын эскертти. Бул тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирип, Укук бузуулар кодексине жаңы талап кошулган. Ага ылайык, министрлик айдоочуну кайра сынак тапшырууга милдеттендирүүчү бир катар укук бузууларды аныктаган: Унааны мамлекеттик номуру жок айдап жүрүү,Унааны токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо,Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашыруу,“Тез жардам”, өрт өчүрүүчү унаа... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ош базарындагы" сатуучулар менен жолугушуу: Жапаров Туманбаевге катуу эскертүү берди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге "Ош базарындагы" сатуучулар менен жолугушкандагы орой мамилеси үчүн катуу эскертүү берди. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-февралда Фейсбуктагы баракчасына Туманбаев "эмоцияга алдырганын" жазды. “Мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды”, - деп жазды Алагөзов. Каныбек Туманбаев... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда кыргызстандык мигрант төрт кишинин өлүмүнө айыпталууда

АКШда кыргызстандык мигрант Бекжан Бейшекеев трак менен төрт адамды өлтүрө сүзүп кеткен деген айып менен камалды. Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук департаменти билдиргендей, 3-февралда Бейшекеев жүк ташуучу 18 дөңгөлөктүү автоунаасын каршы тилкеге буруп, жети кишилик машине менен кагышкан. Кырсыкта төрт америкалык жаран каза тапкан. Алар 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод. Индиана штатынын полициясынын маалыматына ылайык, адам өлүмү менен... Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *