Болгарияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат
Бул жолу шайоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкер жеңишке жетишет. Серепчилердин айтымында, 58 жаштагы Радаевдин жеңүү мүмкүнчүлүгү бар болгону менен өткөн аптадагы шайлоодо элдин 40% гана келгендей жагдай пайда болуп калышы ыктымал.
Болгарияда 14-ноябрда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөн. Бул өлкөдө соңку бир жылда үчүнчү, экинчи турду кошкондо төртүнчү жолу шайлоо өтүүдө. Апрель жана июль айындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке өткөн партиялар Министрлер кабинетин түзүү боюнча орток пикир таба алышкан эмес.
Добуш берүү Болгарияда саясий кризис, каатчылык жана эпидемиологиялык абал курчуп турган маалда өтүп жатат.
НАТО менен Евробиримдикке мүчө Болгарияда коррупция болуп көрбөгөндөй жайылган. Шаркеттеги мамлекеттердин ичинен эң жакыр, сөз эркиндиги басмырланган жана жемкорлукка белчесинен баткан өлкө катары саналат.
Он жылдан ашуун өкмөттү жетектеген Бойко Борисов быйыл апрелде жапырт нааразылык акцияларынан кийин кызматтан кеткен.