Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тергөө менен кызматташуу эрежеси жоюлган норма 2-декабрдан тартып күчүнө кирет

Кыргызстанда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тергөө менен кызматташуу эрежеси алынган норма 2-декабрдан тартып күчүнө кирет. Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамында бул эреже алынганын, себеби адам укугу жогору турарын белгилеген.



"Себеби, кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бирөөсү кызматташууга макул болуп кылмыш жөнүндө маалымат берсе, адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар. 2019-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жаткан бүгүнкү кодекстерди ким даярдаганы жана кимдер кандай кабыл алдырганын жакшы билесиздер. Биздин бүгүнкү заманыбызга, элдин кызыкчылыгына карама каршы келген кодекс болгон. Негизи, чынын айтсам, бүгүнкү иштеп жаткан кодекс силер үчүн урматтуу прокурорлор, тергөөчүлөр үчүн, биз үчүн, мына бийлик башындагылар үчүн эң ыңгайлуу кодекс".






Кыргызстанда тергөө менен кызматташуу ыкмасын жоюуну Башкы прокуратура сунуштаган. Бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан мекеме "тергөө менен кызматташуу тергөөнүн сапатынын бир кыйла төмөндөшүнө алып келди, себеби макулдашуу түзгөндөн кийин тергөөчү далилдерди чогултууну токтотуп коюп, айыпталуучунун моюнга алган көрсөтмөлөрү менен гана чектелип калууда" деген жүйө келтирген. 



Кыргызстанда 2019-жылы бир катар кодекстер жаңыланган. Ага ылайык, айыптоочу жана жактоочу тараптар кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүп, жаза жумшартылат. Кылмышка шектүү тарап бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.



Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда.



Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып иштей баштары маалымдалды.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *