Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда жол кырсыгы күн сайын кеминде үч кишинин өмүрүн алат

Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстанда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган тынчтык жүрүшүндө айтылды. Жыл башынан бери жол кырсыктардан 8 миңдей киши ар кандай жараат алган. Алардын 1,5 миңи жаш балдар. Жалпысынан 600гө жакын киши жолдогу кырсыктарда каза болсо, алардын 80и балдар.


Акциянын катышуучулары айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө кайрылып, эрежелерди сактоого чакырышты. Ошондой эле "Мас айдоочу - кылмышкер!", "Жол эрежеси - жашоонун эрежеси", "Баарыбыз жашагыбыз келет!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.



Тынчтык жүрүшүнө Бишкек шаарынын тургундары, жол кырсыгынан жакындарын жоготкондор, жол кырсыгына кабылгандар, Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, ЮНИСЕФ жана балдар уюмдарынын ыктыярчылары катышты.






Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бир жумада өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарып, жолдогу эреже бузуулар боюнча маалымат берип келет. Ага ылайык өлкө боюнча жума сайын 200дөн 300гө чейин айдоочу мас абалында рулга отурганы, 1500дей айдоочу ылдамдыкты көбөйткөнү боюнча маалымат берилет.



Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.



Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат.



16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы автокырсыкта тогуз киши набыт болгон.  (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *