Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Активисттер жол кырсыгында каза болгондорду эскерип жатышат

Кыргызстанда 21-ноябрда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өтүп жатат. Бул жолку акция "Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз өткөөлү" деген кампаниянын алдында өтүүдө. Өзгөчө балдардын коопсуздугуна көңүл бурулуп жатканын акцияга катышкандардын бири, ыктыярчы Дилбар Сыдыкова билдирди.



"Биз айдоочуларды жолго көңүл бурууга, жөө жүргүнчү өтө турган өткөөлдөргө, жол чырактарга көңүл бурууга, ылдамдыкты көтөрбөөгө чакырат элек. Бул чоң шаарларга эле эмес, чакан шаар, айылдарда жүргөн айдоочуларга дагы тийиштүү. Азыр машина аябай көп. Тилекке каршы, баланын өлүмүнө себеп болгон жол кырсыктары катталып жатат. Албетте, бул ата-энелерге дагы тийиштүү. Алар балдарына жолдон кантип өтүш керектигин үйрөтүш керек. Кээде чоңдор өздөрү туура эмес жерден өтүшөт. Балдар чоңдордон көргөнүн жасайт", - деди Сыдыкова.



Уюштуруучулардын белгилешинче, Кыргызстанда жол кырсыгынан күнүнө үч киши каза болот. Алардын арасында балдар да бар. 2021-жылы 80 бала жолдогу кырсыктарда каза болгон. 1500дөйү ар кандай жараат алган. Жалпысынан жыл башынан бери 6 миңден ашуун жол кырсыгы орун алса, андан 8 миңдей адам жабыркаган.



Бишкекте тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары Улуттук филармониядан өкмөт үйүнө чейин жөө басып, жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү тууралуу шаардыктарга маалымат таратышты. Акциянын жүрүшүндө жол кырсыктарынан каза тапкандардын сөлөкөтү менен арт-инсталляция көрсөтүлөт. Уюштуруучулар бул жолдогу кырсыктардын масштабын элге жеткирүү аракети экенин билдиришти.



Иш-чара "Пролекс", "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фонддору жана Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду. Ага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросу колдоо көрсөттү.



Ушундай эле эскерүү иш-чаралар башка облустарда дагы өтүп жатат.






Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.



Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталууда.



16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы автокырсыкта тогуз киши набыт болгон.



Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден ашык. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *