Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Саакашвили АКШны грузин бийлигине санкция киргизүүгө чакырды

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Жо Байдендин администрациясына ачык кат жолдоп, Ак үйдү грузин бийлигинин соңку аракеттерин айыптоого жана Грузиянын демократиядан чегинүүсүн токтотуу үчүн Тбилисиге басым жасоого чакырды.


Михаил Саакашвили ушул жылдын октябрынан бери Грузияда Рустави шаарындагы абакта камакта отурат.


Мындан бир күн мурун ал 50 күндөн бери абакта ачкачылык кармоо акциясын токтотконун жарыялады.


Саакашвилинин кайрылуу каты америкалык Politico басылмасына жарыяланды.


Экс-президент өзү мурда сыртынан соттолгон айыптоону саясий куугунтук деп эсептей турганын жазган.


Анын айтымында, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы акыркы жылдары сот системасын жана көптөгөн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес медиа тармакты көзөмөлгө алып, коррупциянын гүлдөшүнө жол берип, шайлоолорду бурмалап, өлкөнү Путиндик Орусия менен жакындашууга түрттү.


Саакашвили ошондой эле Грузиянын азыркы бийлиги "НАТОго мүчө болуу үчүн коюлган талаптарды аткарбай,  иш-аракеттерди токтотту" деп эсептейт.


Саакашвили президент болуп турганда кезде АКШнын вице-президенти болгон Жо Байден менен жолугуп, грузин демократиясын колдоону убада кылганын эске салды.


"Бүгүн мен анын администрациясына чоң коркунучта турган жаш демократиябызды колдоо үчүн өз милдетин аткарууга чакырам", - деп жазган экс-президент.


Ал сунуш кылган чаралардын арасында Кошмо Штаттардын грузин бийлигинин аракеттерин расмий айыптоосу да бар. "АКШ Конгресси Грузияда Магнитский актысына ылайык адам укуктарын бузгандарга каршы санкцияларды киргизүү маселесин да карашы керек" деп жазат Саакашвили. Ал ага абакта "адамгерчиликсиз" мамиле болду деп эсептейт.


Саакашвили Байденди декабрда өтчү демократиялык мамлекеттердин дүйнөлүк онлайн-саммитине грузин бийлигин чакырууну жокко чыгарууну сунуштады.


Расмий Вашингтон Саакашвилинин камалышы жана ачкачылык акциясынын тегерегиндеги окуяларга сабырдуулук менен мамиле кылып, расмий Тбилисини экс-президентке гумандуу мамиле кылууга үндөп, анын ачык сот аркылуу адилет соттолушун камсыздоо укугун  белгилеп, ошол эле учурда грузин бийлигин ачык айыптоодон карманып келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *