Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шайлоо-2021: талапкерлер "Фейсбуктагы" жарнамага 28 миң доллардай сарптады

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу топтору "Фейсбуктагы" саясий жарнамага мониторинг жасоодо. Ага ылайык, саясатчылар жана талапкерлер 2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин Facebook китепканасында жалпы суммасы 27 миң 917 долларлык саясий жарнама жайгаштырылган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Саясий жарнактын мониторинги жана социалдык тармактардын жарнак китепканасында отчеттордун жарыяланышы Кыргызстандын БШКсы менен "Фейсбуктун" ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда.



Мурдараак Боршайком тарабынан Meta (Facebook) глобалдык компаниясына бирдиктүү шайлоо округу, Бишкек шаары жана Кыргызстандын облустары боюнча бир мандаттуу округдардан парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган бардык талапкерлердин тизмеси берилген.






БШКнын текшерүү тобу Facebook жана Instagram тармактарында саясий жарнамаларды жайгаштыруу үчүн төлөмдөргө мониторинг жасайт. Ошондой эле саясий жарнаманы жайгаштыруу үчүн милдеттүү түрдө тийиштүү шайлоо фондунан төлөм жасалышы керектигин саясий партиялардын, талапкерлердин эсине салат.



Саясий жарнамалардын баары "Фейсбук" жарнамалар китепканасына киргизилет, ал www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү. Баракчада Кыргызстанды тандоо керек.



Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.



Шайлоодо 21 партия ат салышууда. Бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 290дон ашыгы  калды.



Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *