COVID-19: Орусияда вирустан өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти
21-ноябрда Орусияда дагы инфекцияны жугузуп алган 36 миң 970 жаңы учур катталган.
Белгилүү адабиятчы, жазуучу жана активист Мариэтта Чудакова 21-ноябрда Москвадагы Коммунарка инфекциялык ооруканасында COVID-19дан көз жумду. Юрий Олеша, Михаил Зощенко, Евгений Замятин сыяктуу жазуучулар тууралуу изилдөөлөрү менен белгилүү болгон окумуштуу 85 жашта болчу. Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин 20-ноябрда 68 жашында Москвада коронавирустан көз жумду.
Расмий маалыматтарга караганда, пандемия башталгандан бери 264 000ден ашуун орусиялык COVID-19дун курмандыгы болду.