Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сузакта мал уурулук күч алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал уурулук быйыл күчөдү деген арыз-даттануулар көбөйдү.


Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Гүлистан айылынын тургуну Рано Кундузбаева 14-ноябрда таңкы саат 4төр чамасында короосундагы төрт уюн уурдатып жиберген. Ал милиция издеп жатканы менен уурдалган мал табылбай жатканын айтууда.




"Түнү эшикке чыкканда уйлар байланып турган. Кайра таңкы 4төр чамасында эшикке чыксам жок. Байланып турган жиптерин кыркып, төртөөнү тен алып кетиптир. Милиция келип окуя боюнча маалымат алып издеп жатышат. Уйдун сүтүн сатып, жарыктын акчасын төлөчүмүн, балдарымдын күнүмдүк керектөөсүнө иштетчү элем. Дыйканчылык кылып акча топтоп сатып алганбыз. Эми минтип короодо эч бир мал калбай калды".


Гүлистан айылынын дагы бир тургуну Бекташ Нышановдун да короосуна ууру кирген. Өткөн аптада түнкүсүн эшикке мал  караганы чыккан учурда сарайга кирип келген үч адамды көрүп калып, кыйкырганда алар качып кетишкен. Ошондон бери үй ээси мал-жандыгын түндө да кайтарып отурат.


"Артынан кубалап барып таппай калдык. Акыркы күндөрү ушинтип малкананы кайтармай болуп калдык. Азыр кымбатчылык болуп жатканда,  уурулук араң жан баккан элге чоң чыгаша болуп жатат".


Гүлистан айылында эле 15  күндүн ичинде алты уй уурдалган. Таш-Булак айыл аймагынын имамы Ражап Турдиевдин айтымында, айылда мал уурулук күчөгөнү элди бушайманга салууда.  




“Акыркы күндөрү эле бир үйдөн төрт уй, дагы бир үйдөн эки уй уурдап кетишти. Милиция болсо уурдалган малды талаадан издеп жүрөт. Уурулар жибин кыркып, короодон уурдап кетиптир. Мен айыл элине мечитке баргандар менен сүйлөшүп жатам. Малдарынарга сак болгула, уурулар көбөйүп жатат деп. Эч айла болбой жаткандыктан мен ”Азаттыкка” кайрылдым эле жардам болуп калабы деген ойдо”.




Милициянын маалыматында өткөн жылга салыштырмалуу 2021-жылы мал уурулук көп катталууда. Быйыл сентябрда ушул эле Таш-Булак айыл өкмөтүнөн бир тургуну 31 баш кой жоготсо, коңшу Багыш айылынын дагы бир жашоочусу талаада жайылып жүргөн 51 коюн уурдатып жиберген.


Жабыркагандар милицияга кайрылгандан бир ай өтүп, 82 койду уурдоого шектүү жаран кармалып, эки айга камакка алынды.


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев быйылкы жылы мал уурулук көп болгонуна жарандардын да кайдыгерлиги себеп болууда дейт.




“Малын жоготкондордун көпчүлүгү талаага кое берип, карабай койгондор көп болуп жатат. Уурдаганга оңой. Биз уурулуктун бетин ачыш үчүн ыкчам иш аракеттерди жүргүзүп келүүдөбүз”.


Жалал-Абад облусунда 2021-жылдын 10 айында эле 164 мал уурулук фактысы катталган. Анын 134үнүн бети ачылган. 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *